https://sputnik.kg/20250617/1094694536.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда чыгарылган керамикалык плиталар жана керамогранит ЕАЭБге экспорттолотИран АКШ менен сүйлөшүүнү жандантууга даярдыгын билдирдиБишкекте тез... 17.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-17T13:00+0600
2025-06-17T13:00+0600
2025-06-17T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/11/1094694404_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ad6cecaef287787abbdfa07d0c111cf4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда чыгарылган керамикалык плиталар жана керамогранит ЕАЭБге экспорттолотИран АКШ менен сүйлөшүүнү жандантууга даярдыгын билдирдиБишкекте тез тамактануучу 11 жай жана эки кафе жабылдыАлдыда кененирээкКыргызстанда чыгарылган керамикалык плиткалар жана керамогранит ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков билдирди. Чүй облусунда курулган заводго 40 миллион доллар инвестиция салынды. Ишкана жылына 3 миллион чарчы метр продукция чыгарууга жөндөмдүү. "Бул өндүрүш ички рыноктогу керектөөнү 50 пайызга жабууга мүмкүнчүлүк берет, ал эми чыгарылган продукциянын 65 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот", — деди фонддун төрагасы. Аталган фонд заводдун курулушуна 25 миллион доллар бөлгөн. Кечээ ишкананын ачылышына өлкө башчысы катышты.
Ош шаарында тамада болуп иштеген 28 жаштагы киши бычакталып, ооруканада көз жумду. Бул тууралуу шаардык ИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, кылмыш Жапалак айылында 16-июнда болгон. Укук коргоо органдарындагы булактардын айтымында, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, шектүү жабырлануучуну акырекке сайып жиберген. Кылмышка шектелип 33 жаштагы айылдашы кармалды.
Бишкекте тез тамактануучу 11 жай жана эки кафе жабылды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 3-июнда тамактануучу жайлар күтүүсүз текшерилген. "Тамактануучу жалардын ичи кир, кызматкерлердин санитардык китепчелери жок болуп чыккан. Мындан улам 15-июнда аларды санитардык нормаларды аткарганга чейин жабуу чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Жети-Өгүздүн жайлоосунда бир короо кой кырылды 11-июнга караган түнү Чым-Там жайлоосунда 300дөн ашуун кой-эчки өлгөнүн Turmush басылмасы жазды. Жергиликтүү чабан малдын моюн жагында төрт тиштин изи калганын айтып, илбирс кол салганын божомолдоодо. Жырткыч эки койду жеп, 15ин тамактаган. Калгандары бири-бирин тебелеп өлгөнү айтылат. Кырылган мал атайын казылган чуңкурга санитардык талаптарга ылайык көмүлдү.
Иран аткаминерлери ортомчулар аркылуу АКШ менен сүйлөшүүнү жантантууга даяр экенин билдирип, бирок алгач Израиль чабуулун токтотушу керектигин айтты. Бул тууралуу Washington Post гезити өз маалымат булактарына таянуу менен кабарлады. Басылманын жазганына караганда атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого күч жумшагандардын башында Оман менен Катар турат. Axios порталы Ак үй Тегеран болуп АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Стив Уиткофф менен Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчинин ушул жумада жолугушуу ыктымалдуулугун талкуулап жатканын билдирди. Буга чейин АКШ лидери Дональд Трамп командасына ирандык чиновниктер менен жолугушууну юуштуруу тапшырмасын бергени айтылган. Улуттук коопсуздук кеңешине жыйынга даяр туруусун эскертип, Канадада өтүп жаткан "Чоң жетиликтин" саммитинен мамлекеттик катчы Марко Рубио менен мөөнөтүнөн эрте кайтууну чечкен эле. Ал арада Ак үй Трамптын жалпыга Тегерандан чыгып кетүүгө салган чакырыгын жарыялады. CNN өзүнүн маалымат булактарына таянып АКШ президенти мындай кадамга Иранды сүйлөшүүлөрдү жандантууга түртүү үчүн барганын ачыктаган.
Кыргызстанда чыгарылган керамикалык плиталар жана керамогранит ЕАЭБге экспорттолотИран АКШ менен сүйлөшүүнү жандантууга даярдыгын билдирдиБишкекте тез тамактануучу 11 жай жана эки кафе жабылдыАлдыда кененирээкКыргызстанда чыгарылган керамикалык плиткалар жана керамогранит ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков билдирди. Чүй облусунда курулган заводго 40 миллион доллар инвестиция салынды. Ишкана жылына 3 миллион чарчы метр продукция чыгарууга жөндөмдүү. "Бул өндүрүш ички рыноктогу керектөөнү 50 пайызга жабууга мүмкүнчүлүк берет, ал эми чыгарылган продукциянын 65 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот", — деди фонддун төрагасы. Аталган фонд заводдун курулушуна 25 миллион доллар бөлгөн. Кечээ ишкананын ачылышына өлкө башчысы катышты. Ош шаарында тамада болуп иштеген 28 жаштагы киши бычакталып, ооруканада көз жумду. Бул тууралуу шаардык ИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, кылмыш Жапалак айылында 16-июнда болгон. Укук коргоо органдарындагы булактардын айтымында, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, шектүү жабырлануучуну акырекке сайып жиберген. Кылмышка шектелип 33 жаштагы айылдашы кармалды. Бишкекте тез тамактануучу 11 жай жана эки кафе жабылды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 3-июнда тамактануучу жайлар күтүүсүз текшерилген. "Тамактануучу жалардын ичи кир, кызматкерлердин санитардык китепчелери жок болуп чыккан. Мындан улам 15-июнда аларды санитардык нормаларды аткарганга чейин жабуу чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.Жети-Өгүздүн жайлоосунда бир короо кой кырылды 11-июнга караган түнү Чым-Там жайлоосунда 300дөн ашуун кой-эчки өлгөнүн Turmush басылмасы жазды. Жергиликтүү чабан малдын моюн жагында төрт тиштин изи калганын айтып, илбирс кол салганын божомолдоодо. Жырткыч эки койду жеп, 15ин тамактаган. Калгандары бири-бирин тебелеп өлгөнү айтылат. Кырылган мал атайын казылган чуңкурга санитардык талаптарга ылайык көмүлдү.Иран аткаминерлери ортомчулар аркылуу АКШ менен сүйлөшүүнү жантантууга даяр экенин билдирип, бирок алгач Израиль чабуулун токтотушу керектигин айтты. Бул тууралуу Washington Post гезити өз маалымат булактарына таянуу менен кабарлады. Басылманын жазганына караганда атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого күч жумшагандардын башында Оман менен Катар турат. Axios порталы Ак үй Тегеран болуп АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Стив Уиткофф менен Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчинин ушул жумада жолугушуу ыктымалдуулугун талкуулап жатканын билдирди. Буга чейин АКШ лидери Дональд Трамп командасына ирандык чиновниктер менен жолугушууну юуштуруу тапшырмасын бергени айтылган. Улуттук коопсуздук кеңешине жыйынга даяр туруусун эскертип, Канадада өтүп жаткан "Чоң жетиликтин" саммитинен мамлекеттик катчы Марко Рубио менен мөөнөтүнөн эрте кайтууну чечкен эле. Ал арада Ак үй Трамптын жалпыга Тегерандан чыгып кетүүгө салган чакырыгын жарыялады. CNN өзүнүн маалымат булактарына таянып АКШ президенти мындай кадамга Иранды сүйлөшүүлөрдү жандантууга түртүү үчүн барганын ачыктаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/11/1094694404_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_84e07f1f749883eec2f7beec2f1bb517.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио