https://sputnik.kg/20250616/1094682341.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кант цемент заводунун жаңы линиясы ишке кирдиМединский Россия Стамбулда берген убадаларын аткаргандыгын айтты Садыр Жапаров Зардалы айылына тез жардам унаасын... 16.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-16T19:00+0600
2025-06-16T19:00+0600
2025-06-16T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/10/1094682209_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_be95c543c61a2e85bf0d1cda5457922c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кант цемент заводунун жаңы линиясы ишке кирдиМединский Россия Стамбулда берген убадаларын аткаргандыгын айтты Садыр Жапаров Зардалы айылына тез жардам унаасын бердиАлдыда кененирээкМамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен районунун алыскы Зардалы айылына тез жардам унаасы жеткирилгенин президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. 14-июнда президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов, анын орун басары Абдирашит Ташбалтаев жана аким Данил Иманалиев Зардалыга барып, жергиликтүү тургундардын жашоо шарты менен таанышкан.Делегация айылга баруучу жаңы жолдун курулушун көрдү. Анда 17 чакырым жолду кеңейтүү иштери кызуу жүрүп жатат. Былтыр Зардалы айылына президенттерден алгачкы болуп Садыр Жапаров барган. Ал сапардан кийин аймакка электр энергиясы берилип, уюлдук байланыш кошулган.
Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда дагы бир иш-чара өттү. Кант шаарында цемент заводунун жаңы линиясы ишке киргизилди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Жапаров белгилегендей, бул долбоор Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнө жана жаңы жумушчу орундардын ачылышына шарт түзөт. "Бизнести колдоп, инвесторлорду тартып, элдин аракетин бириктирсек, Кыргызстан сөзсүз өнүгөт", — деди президент. Жапаров 1964-жылы негизделген Кыргызстандагы алгачкы өнөр жай объектилеринин бири Кант цемент заводу экенин эске салды.
Январь-апрелде Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 1,5 миллиард долларга жетип, былтыркыга караганда 3,8 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган. Анда ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар сатуу 1,7 пайызга көбөйсө, алардан ташып келүү 4,3 пайызга көбөйгөнү белгиленди. ЕАЭБ ичиндеги сооданын 67,6 пайызы Россияга жана 30,2 пайызы Казакстанга туура келген. Жалпысынан сырткы сооданын 32,1 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келген. Ал эми үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБге кирбеген мамлекеттер) болгон соода 3,1 миллиард долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 17,5 пайызга азайган.
Россия Стамбулда берген убадаларын аткарды. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы, Украина менен сүйлөшүүлөрдөгү орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский билдиргенин РИА Новости жазды. Дүйшөмбү күнү ал Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн курман болгон офицерлери менен жоокерлеринин (6060) сөөгү украин тарапка өткөрүлүп берилгенин билдирди. Ал эми РФ курман болгон россиялык 78 аскер кызматкеринин сөөгүн алган."Россия Стамбулда берген убадаларын аткарды", — деди Мединский. Президенттин жардамчысы туткундарды алмашуу уланып жатканын жана фронттон оор жарадар болгондорду тез арада которуу жолго коюлганын билдирди. Ал ошондой эле Россия менен Украинын ортосунда туткундарды алмашуу уланарын кошумчалады.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 82 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 17-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 17-июнь, шейшембиде тоолуу райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Талас жергесинде +30...+35, Ысык-Көл өрөөнүндө +20...+25, Нарында +23...+28 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +35...+37 градуска чейин көтөрүлөт.
Кант цемент заводунун жаңы линиясы ишке кирдиМединский Россия Стамбулда берген убадаларын аткаргандыгын айтты Садыр Жапаров Зардалы айылына тез жардам унаасын бердиАлдыда кененирээкМамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен районунун алыскы Зардалы айылына тез жардам унаасы жеткирилгенин президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. 14-июнда президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов, анын орун басары Абдирашит Ташбалтаев жана аким Данил Иманалиев Зардалыга барып, жергиликтүү тургундардын жашоо шарты менен таанышкан.Делегация айылга баруучу жаңы жолдун курулушун көрдү. Анда 17 чакырым жолду кеңейтүү иштери кызуу жүрүп жатат. Былтыр Зардалы айылына президенттерден алгачкы болуп Садыр Жапаров барган. Ал сапардан кийин аймакка электр энергиясы берилип, уюлдук байланыш кошулган.Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда дагы бир иш-чара өттү. Кант шаарында цемент заводунун жаңы линиясы ишке киргизилди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Жапаров белгилегендей, бул долбоор Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнө жана жаңы жумушчу орундардын ачылышына шарт түзөт. "Бизнести колдоп, инвесторлорду тартып, элдин аракетин бириктирсек, Кыргызстан сөзсүз өнүгөт", — деди президент. Жапаров 1964-жылы негизделген Кыргызстандагы алгачкы өнөр жай объектилеринин бири Кант цемент заводу экенин эске салды.Январь-апрелде Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 1,5 миллиард долларга жетип, былтыркыга караганда 3,8 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган. Анда ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар сатуу 1,7 пайызга көбөйсө, алардан ташып келүү 4,3 пайызга көбөйгөнү белгиленди. ЕАЭБ ичиндеги сооданын 67,6 пайызы Россияга жана 30,2 пайызы Казакстанга туура келген. Жалпысынан сырткы сооданын 32,1 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келген. Ал эми үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБге кирбеген мамлекеттер) болгон соода 3,1 миллиард долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 17,5 пайызга азайган.Россия Стамбулда берген убадаларын аткарды. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы, Украина менен сүйлөшүүлөрдөгү орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский билдиргенин РИА Новости жазды. Дүйшөмбү күнү ал Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн курман болгон офицерлери менен жоокерлеринин (6060) сөөгү украин тарапка өткөрүлүп берилгенин билдирди. Ал эми РФ курман болгон россиялык 78 аскер кызматкеринин сөөгүн алган."Россия Стамбулда берген убадаларын аткарды", — деди Мединский. Президенттин жардамчысы туткундарды алмашуу уланып жатканын жана фронттон оор жарадар болгондорду тез арада которуу жолго коюлганын билдирди. Ал ошондой эле Россия менен Украинын ортосунда туткундарды алмашуу уланарын кошумчалады.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 82 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 17-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 17-июнь, шейшембиде тоолуу райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Талас жергесинде +30...+35, Ысык-Көл өрөөнүндө +20...+25, Нарында +23...+28 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +35...+37 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/10/1094682209_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_919fed6ee3863c482830806cfac41d2a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио