00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Будь в курсе
Сколько будет стоить патент для торговцев в КР ? ГНС о разработанных ставках
08:04
48 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстанда дарбыз менен коондун импортуна фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдүЫсык-Көлдө үч кабаттуу аэропорт комплекси курулуп жататКыргызстандык мигранттар Россияга чыгарда текшерүүдөн өтүү сунушталдыАлдыда кененирээкКыргызстандык мигранттар Россияга учар алдында текшерүүдөн өтсө жакшы болмок. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн "Эмгек миграциясы — Россия менен БА мамлекеттеринин кызматташуусунун маанилүү аспекти" аталышындагы тегерек столдо "Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун директору Кубат Рахимов билдирди. Ал белгилегендей, Россиянын укук коргоо органдарына Кыргызстандын аймагында кеңейтилген ыйгарым укуктар берилсе, алар мигрант авиабилет сатып ала электе эле текшерүү жүргүзө алышмак. "Кыргызстанда алдын ала текшерүү боюнча ыйгарым укуктарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү керек. Мисалы, авиабилетке акчасын корото элек адамды бул жерден текшерип алган оң да. Мигрант тийиштүү тиркемелер аркылуу документтерин жөнөтүп, РФке кирүүгө болор-болбосу тууралуу жообу келгидей кылсак жакшы болмок. Жаран ошого жараша чечим чыгарып, бара турган өлкөсүн так аныктамак", — деди Рахимов.
Ысык-Көл районунун Тамчы айылында "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун жаңы аэробикет курулуп жатат. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, бул долбоор аймактын чыныгы архитектуралык жасалгасына айланып, өлкөнүн туризм, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болмокчу.Пландаштырылып жаткан 3 кабаттуу имарат уникалдуу жана креативдүү дизайны менен өзгөчөлөнөт. Тактап айканда, аэробекеттин өзү толкун формасында жасалып, бул Ысык-Көлдү символдоштурат. Келечектеги терминал жөн гана транспорттук түйүн эмес, функционалдуулукту, ыңгайлуулукту айкалыштырып, кенен залдар, панорамалык терезелер, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн алдыңкы технологиялары менен камсыздалат. Мунун баары жүргүнчүлөр үчүн жайлуулукту жаратат. Мындан тышкары, аэробекетте заманбап коопсуздук системалары орнотулуп, майыптыгы бар адамдар үчүн дагы шарттар түзүлөт.
Калктын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу жана химиялык заттардын жол берилгис өлчөмүн камтыган азыктарды ташып келүүгө жол бербөө максатында Кыргызстандын мамлекеттик чек араларында жашылча-жемиштерди, анын ичинде дарбыз жана коонду ташып келүүгө фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, мындай чара коңшу өлкөлөрдөн келген коон-дарбыздардын мезгилине жана бул азыктардагы агрохимикаттардын уруксат берилген чегинен ашып кетүү коркунучунун күчөшүнө байланыштуу болууда. Нитраттардын суткалык көлөмүнүн 70-90 пайызы адамдын организмине жашылча-жемиштер менен кирерин эске алуу менен ыйгарым укуктуу орган эң көп нитраттык жүктү берген жашылчалардын түрлөрүнө (картошка, коондор) өзгөчө көңүл бурат.
Бишкекте радикалдуу диний топ аныкталып, үйлөрүнөн куралдар алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат алардын аракеттери Бишкекте террордук топ түзүүгө багытталган болушу мүмкүн экенин божомолдоодо. "Топтун мүчөлөрү радикалдык-экстремисттик көз караштарды жайылтып, зордук-зомбулукка чакырыктарды камтыган материалдарды таркаткан. Ошондой эле башка агымдардын жана диндердин өкүлдөрүнө карата сабырсыздыкты үгүттөгөнү аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Жаңылыктар түрмөгү
0