https://sputnik.kg/20250615/1094652559.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Аткаминер сөгүш алса чет өлкөгө сапары чектелип, сый акысы берилбейт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал мамлекеттик жана муниципалдык... 15.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-15T17:00+0600
2025-06-15T17:00+0600
2025-06-15T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0f/1094652427_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_56c206a383ab93225a3a0e1efd2c2892.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Аткаминер сөгүш алса чет өлкөгө сапары чектелип, сый акысы берилбейт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын жөнгө салууга багытталган. Ошондой эле жарлык президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарына тиешеси жок экени айтылган. Документтеги негизги пункттар: 30 күндүк эс алууга стажына жараша кошумча күндөр берилет; илимий, педагогикалык же чыгармачыл иш менен алектенүүгө уруксат; бир эле учурда бир нече саясий же атайын кызмат орундарын ээлөөгө, ишкердик менен алектенүүгө, мыйзамда каралбаган сыйлык, белектерди алууга жана саясий партиялардын ишине кийлигишүүгө тыюу салынат; жакын туугандары менен түз баш ийүү же көзөмөлдөө мамилесинде болууга болбойт; жаза алган кызматкер сый акыдан жана чет өлкөгө иш сапарлардан чектелеткызмат убагында жабыркаган учурда 500 миң сом, каза болгон учурда 1 миллион сом кенемте төлөнт; кызматтан бошотулганда үч айлык орточо эмгек акы төлөнөт.
ОСАГО полисин албагандарга эки жумадан кийин айып салына баштай турганын Кыргызстандын камсыздандыруучулар ассоциациясы эскертти. Уюм 1-июлдан тарта айдоочунун аталган полиси текшериле баштаарын билдирип, жокторго 3 миң сомдон айып салынарын айтты. Бир жылдык камсыздандыруу 1680 сом турат.
Талас облусунда 14-июнда дагы тогуз адам шаурмадан ууланды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жабыркагандардын төртөө 14 жашка чейинки балдар болгон. “Бейтаптар кечээ саат 23:00 чамасында дарыгерге кайрылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө жиберилген. Ал эми алар тамактанган "Казан Шаверманын" ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, иликтөө укук коргоо органдары менен биргеликте уланууда”, — деп айтылган маалыматта.
Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушуна тынчсызданып, Израилдин Иранга карата соккуларын айыптады. Билдирүү уюмдун сайтына жарыяланды. Анда айтылгандай, жарандык объектилерге, анын ичинде атмодук инфраструктурага урулган соккулар эл аралык укуктун жана БУУ Уставынын одоно бузулушу болуп саналып, Ирандын суверендүүлүгүнө шек келтирет. Бул кооптуу кадамдар регионалдык жана эл аралык коопсуздукка залакасын тийгизип, дүйнөлүк туруктуулукка коркунуч жаратары белгиленди. ШКУ Ирандын өзөктүк программасы боюнча бардык маселелерди тынч, саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүнү жактай турганы белгиленди. Ошондой эле Иран элине жана өкмөтүнө көңүл айтылды. Уюмга мүчө мамлекеттер ШКУ Хартиясы менен БУУ Уставынын принциптерин карманары жана мүчө өлкөлөргө каршы мыйзамсыз аракеттер кабыл алынбай турганы белгиленди. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 82 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 16-июнга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Дүйшөмбүдө республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас аймагында +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +34…+36, Ош шаарында +35...+37 градуска көтөрүлөт.
Аткаминер сөгүш алса чет өлкөгө сапары чектелип, сый акысы берилбейт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын жөнгө салууга багытталган. Ошондой эле жарлык президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарына тиешеси жок экени айтылган. Документтеги негизги пункттар: 30 күндүк эс алууга стажына жараша кошумча күндөр берилет; илимий, педагогикалык же чыгармачыл иш менен алектенүүгө уруксат; бир эле учурда бир нече саясий же атайын кызмат орундарын ээлөөгө, ишкердик менен алектенүүгө, мыйзамда каралбаган сыйлык, белектерди алууга жана саясий партиялардын ишине кийлигишүүгө тыюу салынат; жакын туугандары менен түз баш ийүү же көзөмөлдөө мамилесинде болууга болбойт; жаза алган кызматкер сый акыдан жана чет өлкөгө иш сапарлардан чектелеткызмат убагында жабыркаган учурда 500 миң сом, каза болгон учурда 1 миллион сом кенемте төлөнт; кызматтан бошотулганда үч айлык орточо эмгек акы төлөнөт.ОСАГО полисин албагандарга эки жумадан кийин айып салына баштай турганын Кыргызстандын камсыздандыруучулар ассоциациясы эскертти. Уюм 1-июлдан тарта айдоочунун аталган полиси текшериле баштаарын билдирип, жокторго 3 миң сомдон айып салынарын айтты. Бир жылдык камсыздандыруу 1680 сом турат. Талас облусунда 14-июнда дагы тогуз адам шаурмадан ууланды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жабыркагандардын төртөө 14 жашка чейинки балдар болгон. “Бейтаптар кечээ саат 23:00 чамасында дарыгерге кайрылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө жиберилген. Ал эми алар тамактанган "Казан Шаверманын" ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, иликтөө укук коргоо органдары менен биргеликте уланууда”, — деп айтылган маалыматта. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушуна тынчсызданып, Израилдин Иранга карата соккуларын айыптады. Билдирүү уюмдун сайтына жарыяланды. Анда айтылгандай, жарандык объектилерге, анын ичинде атмодук инфраструктурага урулган соккулар эл аралык укуктун жана БУУ Уставынын одоно бузулушу болуп саналып, Ирандын суверендүүлүгүнө шек келтирет. Бул кооптуу кадамдар регионалдык жана эл аралык коопсуздукка залакасын тийгизип, дүйнөлүк туруктуулукка коркунуч жаратары белгиленди. ШКУ Ирандын өзөктүк программасы боюнча бардык маселелерди тынч, саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүнү жактай турганы белгиленди. Ошондой эле Иран элине жана өкмөтүнө көңүл айтылды. Уюмга мүчө мамлекеттер ШКУ Хартиясы менен БУУ Уставынын принциптерин карманары жана мүчө өлкөлөргө каршы мыйзамсыз аракеттер кабыл алынбай турганы белгиленди. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 82 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 16-июнга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Дүйшөмбүдө республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас аймагында +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +34…+36, Ош шаарында +35...+37 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0f/1094652427_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4a5c3de54ca0f24b7c9a914c76df402f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио