https://sputnik.kg/20250615/1094646698.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик гимндин тексти менен музыкасына кайрадан сынак жарыяланганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, сынак... 15.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-15T11:00+0600
2025-06-15T11:00+0600
2025-06-15T11:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0f/1094646566_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e28765be8a022a0e1f3f7bd62e887689.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик гимндин тексти менен музыкасына кайрадан сынак жарыяланганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, сынак эки этап менен өтмөкчү. Биринчиде текстинин долбоорлору тандалса, экинчи этапта текстке жараша музыкасы тандалат. "1-этап боюнча (гимндин тексти) комиссия сынакка келип түшкөн чыгармаларды 25-июлга чейин карап чыгып, беш мыкты эмгекти тандап алмакчы. Ал эми музыкасы боюнча сынакка катыша турчу чыгарманы 8-сентябрга чейин жөнөтүү зарыл", — деп жазылат маалыматта. Министрликте сынак боюнча жумушчу топтун жыйыны өтүп, анда министр сынакты ачык жана таза өткөрүү маанилүү экенин белгилеп, ар бир этап жогорку деңгээлде, кесипкөйлүк менен уюштурулушу керектигин кошумчалаган. Буга чейин жарыяланган сынакка 703 сунуш түшүп, анын 285си каттоодон өткөн, бирок тандоо комиссиясы алардын ичинен бирөөнү да жактырган эмес.
ОСАГО полисин албагандарга эки жумадан кийин айып салына баштай турганын Кыргызстандын камсыздандыруучулар ассоциациясы эскертти. Уюм 1-июлдан тарта айдоочунун аталган полиси текшериле баштаарын билдирип, жокторго 3 миң сомдон айып салынарын айтты. Бир жылдык камсыздандыруу 1680 сом турат. ОСАГО — ири чыгымдан коргой турчу полис. Башкача айтканда, айдоочу кокус кырсыктап калса, камсыздандыруу компаниясы чыгымын төлөп берет. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген.
Бишкектен Баткендин Раззаков шаарына дээрлик күн сайын учак каттай турганын "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, "Асман Эйрлайнс" компаниясынын учагы Бишкектен Раззаков шаарына каттамдарын көбөйткөн. "Учактар бейшембиден башка күндөрү жумасына 6 жолу каттап турмакчы", — деп жазылат билдирмеде. Билет баасы — 3600 сом.
Ош облусунун Алай районунда турак үй өрттөнүп, 63 жаштагы аял көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, өрт барак тибиндеги 10 бөлмөлүү үйдөн чыккан, ал жакта 6 үй-бүлө (23 киши) жашачу. Өрт 348,2 чарчы метрди аянтты жалмаган.Өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканы айтылды. Жабыркагандар бар экени, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардан кабар алганы кошумчаланды.
Россия президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшкөнүн РИА Новости кабарлады. Баарлашуу 50 мүнөткө созулган. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, лидерлер Жакынкы Чыгыштагы курчуган абалды талкуулашкан. Путин Израилдин Ирандагы операциясын сынга алып, каршылашкан тараптарга ортомчу болуу ниетин билдирген. РФ лидери Россия жаңжалдын жөнгө салынышына кызыкдар экенин, кадамдары да ушунун негизинде болорун белгилеген. Путин Ирандын өзөктүк программасы боюнча Вашингтон менен Тегерандын эпке келүүсүнө багытталган конкреттүү чараларды сунуштаганын эске салды. Ал Израиль Ирандын өзөктүк программасы боюнча пландалган кезектеги сүйлөшүү процессинин (15-июнь) алдында чабуул жасаганына токтолгон. Тараптар кырдаалдын оор экенине карабастан сүйлөшүүлөргө кайтуу мүмкүндүгүнө үмүт артышкан.
Мамлекеттик гимндин тексти менен музыкасына кайрадан сынак жарыяланганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, сынак эки этап менен өтмөкчү. Биринчиде текстинин долбоорлору тандалса, экинчи этапта текстке жараша музыкасы тандалат. "1-этап боюнча (гимндин тексти) комиссия сынакка келип түшкөн чыгармаларды 25-июлга чейин карап чыгып, беш мыкты эмгекти тандап алмакчы. Ал эми музыкасы боюнча сынакка катыша турчу чыгарманы 8-сентябрга чейин жөнөтүү зарыл", — деп жазылат маалыматта. Министрликте сынак боюнча жумушчу топтун жыйыны өтүп, анда министр сынакты ачык жана таза өткөрүү маанилүү экенин белгилеп, ар бир этап жогорку деңгээлде, кесипкөйлүк менен уюштурулушу керектигин кошумчалаган. Буга чейин жарыяланган сынакка 703 сунуш түшүп, анын 285си каттоодон өткөн, бирок тандоо комиссиясы алардын ичинен бирөөнү да жактырган эмес. ОСАГО полисин албагандарга эки жумадан кийин айып салына баштай турганын Кыргызстандын камсыздандыруучулар ассоциациясы эскертти. Уюм 1-июлдан тарта айдоочунун аталган полиси текшериле баштаарын билдирип, жокторго 3 миң сомдон айып салынарын айтты. Бир жылдык камсыздандыруу 1680 сом турат. ОСАГО — ири чыгымдан коргой турчу полис. Башкача айтканда, айдоочу кокус кырсыктап калса, камсыздандыруу компаниясы чыгымын төлөп берет. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген.Бишкектен Баткендин Раззаков шаарына дээрлик күн сайын учак каттай турганын "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, "Асман Эйрлайнс" компаниясынын учагы Бишкектен Раззаков шаарына каттамдарын көбөйткөн. "Учактар бейшембиден башка күндөрү жумасына 6 жолу каттап турмакчы", — деп жазылат билдирмеде. Билет баасы — 3600 сом.Ош облусунун Алай районунда турак үй өрттөнүп, 63 жаштагы аял көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, өрт барак тибиндеги 10 бөлмөлүү үйдөн чыккан, ал жакта 6 үй-бүлө (23 киши) жашачу. Өрт 348,2 чарчы метрди аянтты жалмаган.Өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканы айтылды. Жабыркагандар бар экени, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардан кабар алганы кошумчаланды.Россия президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшкөнүн РИА Новости кабарлады. Баарлашуу 50 мүнөткө созулган. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, лидерлер Жакынкы Чыгыштагы курчуган абалды талкуулашкан. Путин Израилдин Ирандагы операциясын сынга алып, каршылашкан тараптарга ортомчу болуу ниетин билдирген. РФ лидери Россия жаңжалдын жөнгө салынышына кызыкдар экенин, кадамдары да ушунун негизинде болорун белгилеген. Путин Ирандын өзөктүк программасы боюнча Вашингтон менен Тегерандын эпке келүүсүнө багытталган конкреттүү чараларды сунуштаганын эске салды. Ал Израиль Ирандын өзөктүк программасы боюнча пландалган кезектеги сүйлөшүү процессинин (15-июнь) алдында чабуул жасаганына токтолгон. Тараптар кырдаалдын оор экенине карабастан сүйлөшүүлөргө кайтуу мүмкүндүгүнө үмүт артышкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0f/1094646566_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_292451cf0acfad0993aab09c2a6f6b70.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио