00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан менен Беларусия асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташат
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Астанада кыргыз-казак саясий консультациялары болуп, анда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарын даярдоо боюнча жол картасына кол коюлду. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-транзиттик, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле кыргызстандыктардын Казакстанда жүрүү шартына байланыштуу маселелер да көтөрүлгөн. Жолугушууда Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарын даярдоо, эки өлкөнүн мамлекет, өкмөт жана тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулган. Коңшу мамлекет башчысынын өлкөгө качан келери айтылган эмес.
Жыл башынан бери кыргыз банктарынын таза кирешеси 8,8 миллиард сомдон ашты. Мындай маалыматтар Улуттук банктын материалдарында камтылган. Белгиленгендей, аталган мезгилде банктардын жалпы активдери 14 пайызга өсүп, 930,1 миллиард сомду түздү. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча алар 815,7 миллиард сомго жеткен. Ал эми кредит портфели 15,6 пайызга өскөн. Кардарлардын депозиттик базасы 16,1 пайызга көбөйүп, 687,9 млрд сомду түздү, деп билдирет Улуттук банк. Мында кредиттерди долларлаштыруу деңгээли 19 пайызга чейин төмөндөгөн.Чет өлкө валютасындагы депозиттердин үлүшү 5,1 пайызга кыскарган. Башкы банк белгилегендей, Кыргыз Республикасында 21 коммерциялык банк жана алардын 304 филиалы иштейт. Алардын ичинен бешөө улуттук же чет өлкөлүк валютада ислам каржылоосу принциптерине негизделген кызматтарды көрсөтөт.
Январь-апрель айларында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өнөр жайынын көлөмү 1,5 пайызга өстү. Бул тууралуу ЕЭКтин маалыматында айтылган. Билдирүүгө ылайык, көрсөткүчтөр былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырылды. Бул багытта 14,5 пайыз өсүш камсыздап, Кыргызстан озуп чыкты. өсүш Казакстан — 6,6 пайыз; Беларусь — 1,4 пайыз; Россия — 1,2 пайыз катталды. Ал эми Арменияда өнөр жай 16,1 пайызга төмөндөп кеткени айтылган.
Мамлекеттик гимндин тексти менен музыкасына кайрадан сынак жарыяланганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, сынак эки этап менен өтмөкчү. Биринчиде текстинин долбоорлору тандалса, экинчи этапта текстке жараша музыкасы тандалат. "1-этап боюнча комиссия сынакка келип түшкөн чыгармаларды 25-июлга чейин карап чыгып, беш мыкты эмгекти тандап алмакчы. Ал эми музыкасы боюнча сынакка катыша турчу чыгарманы 8-сентябрга чейин жөнөтүү зарыл", — деп жазылат маалыматта. Министрликте сынак боюнча жумушчу топтун жыйыны өтүп, анда министр сынакты ачык жана таза өткөрүү маанилүү экенин белгилеп, ар бир этап жогорку деңгээлде, кесипкөйлүк менен уюштурулушу керектигин кошумчалаган. Буга чейин жарыяланган сынакка 703 сунуш түшүп, анын 285си каттоодон өткөн, бирок тандоо комиссиясы алардын ичинен бирөөнү да жактырган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0