00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Бюджет, госдолг и финансовая грамотность: о сотрудничестве минфинов Кыргызстана и России
08:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Тигүү тармагында мыйзамдуу иштөө атаандаштык артыкчылыкка айланууда
09:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Долги по алиментам и права детей: как Кыргызстан борется с неплательщиками?
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар алып келүү эрежелери өзгөрөт. Кандай жаңылыктар күтүлүүдө?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандагы балдар эмгеги: канча бала окуунун ордуна иштеп жатат?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Если разобраться...
Мошенничество, ДТП и мусорный завод: как проверить реальные результаты?
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
25 учак, 6 авиакомпания: Кыргызстан аба каттамдарын кеңейтип, авиациялык хабга айлана алабы?
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев учурда тармактагы эң чоң көйгөй кадр жетишсиздиги экенин радиолордун биринде берген маегинде билдирди. Анын айтымында, азыр саламаттык сактоо тармагында 30-40 пайыз кадр жетишсиз. Эгер абал ушул калыпта сакталса, алдыдагы 3-4 жылдын ичинде өлкөдө чоң көйгөй болот. “Акыркы жылдары тилекке каршы врачтарга, медайымдарга, санитарларга жакшы көңүл бурулбай келген. Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл дейбизби дегеле бардык облустарда көрүнүш бирдей. Мисалы, Чолпон-Атада 40 пайыз ваканция бар, врачтар жок. Каракол шаарында да ушундай абал, негизи эле облустун борборлорунда дарыгерлер жетишсиз. Иштеген врачтар, медайымдар пенсия курагына аз калган, пенсия курагындагы адистер. Жаш кадрлар саламаттык сактоо системасына иштегенге келбей жатат”,- деди министр. Бирок, акыркы жылдары аймактарга жаш кадрларды тартуу боюнча аракеттер жүрүп жатканы менен маселе чечилбей жатканы маалымдалды. Ошондой эле министр бизде айлык маяна аз болгондуктан, врачтар Россия, Казакстан, Европа өлкөлөрү сыяктуу башка чет өлкөлөргө кетип жатышкандыгын кошумчалады.
Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргызстандын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов Кытайдын илим жана технологиялар министринин орун басары Чэн Цзячан менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда тараптар илим, технология жаатындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушуунун соңунда тараптар бүгүнкү диалогдун жыйынтыктары жаңы келишимдерге, академиялык алмашууларга жана практикалык демилгелерге негиз болоруна ишеним артып, бул кызматташтык эки элдин ортосундагы достук мамилелерди, илим жана технология багытындагы өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти
УКМКнын подполковниги 200 миң доллар алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Кабарга караганда, компаниялардын биринин ээси мамлекетке келтирилген зыяндын суммасын азайтуу максатында подполковникке 200 миң доллар берген. Бирок УКМК кызматкери убадасын да аткарбай, акчаны да кайтарган эмес. 12-июнда ага карата "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча иш козголуп, кармалган. Шектүү иштен бошотулганы кошумчаланды.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин Иранга жасаган чабуулдарынан кийин эки тарапты сабырдуу болууга жана кырдаалды курчутуп, ири согуш отун жандырып жибербөөгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Тараптарды ачууга алдырбай жана мындан аркы кырдаалды курчутпоого, аймакты алааматтуу согушка жеткирип жибербөөгө чакырабыз", — деп айтылган алардын билдирүүсүндө. 13-июнга караган түнү Израилдин Коргонуу армиясы ири масштабдагы операцияны баштап, Ирандын өзөктүк программадагы объектилерине жана аскердик буталарга чабуул болгондугун билдиришти. Аскердик Куралдуу күчтөр Тегеранды кошкондо бир топ жерди бомбалаган. Мунун кесепетинен жогорку кызматтагы бир нече аткаминер көз жумганын кабарлашты. Алардын ичинде Исламды коргоочулар корпусун башкарган Хосейн Салами, Хатам аль-Анбия Башкы штабынын жетекчиси Голам Али Рашиддин жана өзөктүк программа боюнча иштеген үч физик бар экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0