00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
47 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Как страховые компании делят риски и зачем это обычным людям
12:07
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Адвокаттар үчүн белгилүү аймакка лицензия берүү киргизилет — бул кадр жетишсиздигин чечеби?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Зачем кыргызстанцам русский язык — беседа о социсследовании
14:05
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда чет элдик жарандардын жүрүүсү: мыйзам жана көзөмөл
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Экономикалык панорама
Туризмде тейлөө канчалык маанилүү?
17:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
18:07
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз филармониясына 90 жыл!
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Почему в магазинах снова просят платить наличными? Ответ ГНС
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда чет элдик жарандардын жүрүүсү: мыйзам жана көзөмөл
21:04
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстанда имараттарга жер титирөөнүн таасирин азайтуучу жабдууларын чыгарган завод курулат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди. Министрдин айтымында, бүгүн кытайлык компания менен 10 миллион долларлык келишим түзүлгөн. Заводдун 51 пайызын Кыргызстан, калганын Кытай тарап башкармакчы. Ушул эле келишимдин алкагында жер кыртышын изилдей турган лабораториялар салынары айтылды. Орунтаев, мындан тышкары, 1,5 миллион доллар грант алынарын, ага Курулуш министрлиги керектүү жабдык алып, курулушка сарптай турганын айтты.
Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 2025-жылдын январь-апрель айларында 4 млрд 592,4 миллион долларды түзүп, 2024-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 11,7%га азайган. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, экспорттук жеткирүүлөр 8,2%га, импорттук түшүүлөр 12,3%га кыскарган. Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-апрель айларында 1 миллиард 472,7 миллион долларды түзүп, 2024-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 3,8%га өстү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен республиканын бул мезгилдеги өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россия менен 67,6% жана Казакстан 30,2% түзгөн.
Кыргызстанда сынамык режимде "Кордон" авторадары иштеп баштады. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.Бул радардын өзгөчөлүгү — түнкүсүн жол эрежесин бузгандарды автаматтык түрдө сүрөт, тасмага тартып, аныкталган эреже бузуусун "Коопсуз шаар" долбоорунун ишмердүүлүгүн камтыган Мониторинг борборуна жөнөтөт. Ал ылдамдыкты ашыргандарды, карама-каршы тилкеге кирип кетип, жол чийиндерден чыккандарды, издөөдө жүргөн, айыптарын төлөбөгөн жана каттоосу убактылуу токтотулгандарды аныктайт. Аппарат кырсыктар көп катталган жолдорго орнотулмакчы.
Бишкекте Россия күнүнө карата А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында майрамдык концерт өттү. Концерт Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, Кыргызстан элинин ассамблеясы жана карачайлардын эл аралык "Ата-Журт" ассоциациясы тарабынан уюштурулган.Майрамдык кечеге маданият өкүлдөрү, коомдук уюмдар, дипломаттар, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору чогулушту. Кыргызстандын эмгек сиңирген жана эл артисттери: Бакыт Ыбыкеев, Султан Каримов, Тилек Найманбаев, Каныкей Раймалиева, Галина Кетова сахнага чыгып сүйлөштү.
Индияда Ахмадабаддан Лондонго сапар алып кулаган Boeing 787 Dreamliner учагынын кара ящиктеринин бири табылып, аны чечмелөө милдети өлкөнүн Жарандык авиация боюнча башкы директоратына жүктөлдү. Бул тууралуу Hindustan Times жазды. Ал арада The Telegraph учакты башкарган пилот Сумит Сабхарвал самолет кулаар алдында диспетчерлерге белги бергенин жазды. "Mayday учакты көтөрүүгө мүмкүн болбой жатат", — деген пилот. Макалада Сабхарвал буга чейин асманда 8200 саат учканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0