https://sputnik.kg/20250613/1094619559.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
ТИМ Ирандагы кырдаалдан улам кыргыз жарандарын этият болууга чакырды. Кайрылуунун текстин министрликтин маалымат кызматынан таратышты. "Израиль менен Ирандын... 13.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-13T13:00+0600
2025-06-13T13:00+0600
2025-06-13T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0d/1094619427_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_159c4123f362316675e532fe619617b9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
ТИМ Ирандагы кырдаалдан улам кыргыз жарандарын этият болууга чакырды. Кайрылуунун текстин министрликтин маалымат кызматынан таратышты. "Израиль менен Ирандын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагында жүргөн жарандарды жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырат. Мекендештерге эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин билдирүүлөрүнө жана өлкөнүн Ирандагы элчилигинин маалыматтарына кылдат көз салып туруу, өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүү, туугандары менен байланышта болуу жана алардын жүргөн жери тууралуу маалымат алып туруу сунушталат", — деп жазылган кайрылууда. Түндө Израилдин күчтөрү Иранга абадан сокку урганы кабарланган. Ал эми Тегеран Тель-Авивдин соккуларына катаал жооп кайтарарын, аскерлер 100 пайыз даярдыкта турганын билдирди.
Кыргызстанда 2025-жылдын январь-апрель айларында орточо номиналдык эмгек акы 40 миң 776 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 18,6%га өскөн. Ал кошумчалагандай, айлык акынын эң көп өсүшү кыймылсыз мүлк менен операциялар, курулуш, саламаттыкты сактоо, маалымат жана байланыш, калкка социалдык кызмат көрсөтүү, кесиптик, илимий-техникалык ишмердүүлүк, ресторан жана кафе чөйрөсүндө, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу сыяктуу тармактарда катталган.
Чүй облусунда 103 жолу эреже бузуу катталган автоунааны табышканын облустук милициядан кабарлашты.Маалыматка ылайык, Жол милициясы рейд учурунда Mersedes Benz автокөлүгүн токтоткон. Текшергенде жол эрежесин ушул автоунаа менен бузуп айдаганы үчүн темир тулпардын номери көрсөтүлгөн 103 айып жазылганы белгилүү болгон. Mersedes Benz айып короого токтотулуп, протокол түзүлгөн.
Россия пилотсуз системалар үчүн өзүнчө аскердик күчтөрдүн түрүн түзүп жатат. Бул тууралуу президент Владимир Путин 2027–2036-жылдарга карата мамлекеттик куралдануу программасы боюнча кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, мындай аскерлерди тез жана сапаттуу даярдап, системаны ырааттуу өнүктүрүү зарыл. "Каршылаш кандай аракет кылып жатканын билебиз, бирок бул жаатта артта калдык деп эсептебейм. Тескерисинче, дрон менен иштеген аскерлерди түзүүгө жетиштүү тажрыйба топтолду. Кеп кадр даярдоо, заманбап аппараттарды өндүрүү жана камсыз кылуу тууралуу болуп жатат", — деди Путин. Президент дрондордун согушта колдонулушунун натыйжалуулугу тез өсүп жатканын белгилеп, алар душмандын техникасын, байланыш жана транспорт системаларын, ошондой эле жоокерлерин жок кыла аларын кошумчалады. Анын айтымында, атайын операция учурунда абадан кол салуу ыкмалары кескин өзгөрдү — алардын саны, күчү жана техникалык деңгээли өстү. Өзгөчө Батышта чыгарылган дрондор жана ракеталар кеңири колдонулууда. Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрү атайын операция учурунда 80 миңден ашуун коркунуч туудурган мындай куралдарды, анын ичинде 7,5 миң ракета жана реактивдүү снарядды жок кылышкан.
ТИМ Ирандагы кырдаалдан улам кыргыз жарандарын этият болууга чакырды. Кайрылуунун текстин министрликтин маалымат кызматынан таратышты. "Израиль менен Ирандын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагында жүргөн жарандарды жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырат. Мекендештерге эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин билдирүүлөрүнө жана өлкөнүн Ирандагы элчилигинин маалыматтарына кылдат көз салып туруу, өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүү, туугандары менен байланышта болуу жана алардын жүргөн жери тууралуу маалымат алып туруу сунушталат", — деп жазылган кайрылууда. Түндө Израилдин күчтөрү Иранга абадан сокку урганы кабарланган. Ал эми Тегеран Тель-Авивдин соккуларына катаал жооп кайтарарын, аскерлер 100 пайыз даярдыкта турганын билдирди.Кыргызстанда 2025-жылдын январь-апрель айларында орточо номиналдык эмгек акы 40 миң 776 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 18,6%га өскөн. Ал кошумчалагандай, айлык акынын эң көп өсүшү кыймылсыз мүлк менен операциялар, курулуш, саламаттыкты сактоо, маалымат жана байланыш, калкка социалдык кызмат көрсөтүү, кесиптик, илимий-техникалык ишмердүүлүк, ресторан жана кафе чөйрөсүндө, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу сыяктуу тармактарда катталган. Чүй облусунда 103 жолу эреже бузуу катталган автоунааны табышканын облустук милициядан кабарлашты.Маалыматка ылайык, Жол милициясы рейд учурунда Mersedes Benz автокөлүгүн токтоткон. Текшергенде жол эрежесин ушул автоунаа менен бузуп айдаганы үчүн темир тулпардын номери көрсөтүлгөн 103 айып жазылганы белгилүү болгон. Mersedes Benz айып короого токтотулуп, протокол түзүлгөн.Россия пилотсуз системалар үчүн өзүнчө аскердик күчтөрдүн түрүн түзүп жатат. Бул тууралуу президент Владимир Путин 2027–2036-жылдарга карата мамлекеттик куралдануу программасы боюнча кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, мындай аскерлерди тез жана сапаттуу даярдап, системаны ырааттуу өнүктүрүү зарыл. "Каршылаш кандай аракет кылып жатканын билебиз, бирок бул жаатта артта калдык деп эсептебейм. Тескерисинче, дрон менен иштеген аскерлерди түзүүгө жетиштүү тажрыйба топтолду. Кеп кадр даярдоо, заманбап аппараттарды өндүрүү жана камсыз кылуу тууралуу болуп жатат", — деди Путин. Президент дрондордун согушта колдонулушунун натыйжалуулугу тез өсүп жатканын белгилеп, алар душмандын техникасын, байланыш жана транспорт системаларын, ошондой эле жоокерлерин жок кыла аларын кошумчалады. Анын айтымында, атайын операция учурунда абадан кол салуу ыкмалары кескин өзгөрдү — алардын саны, күчү жана техникалык деңгээли өстү. Өзгөчө Батышта чыгарылган дрондор жана ракеталар кеңири колдонулууда. Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрү атайын операция учурунда 80 миңден ашуун коркунуч туудурган мындай куралдарды, анын ичинде 7,5 миң ракета жана реактивдүү снарядды жок кылышкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0d/1094619427_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ea6269241498f9da80614b25a2bc4ed4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио