https://sputnik.kg/20250612/bishkek-avtounaa-unaa-toktotmo-tygyn-1094596418.html
Бишкектеги бардык муниципалдык унаа токтотмолорго акы төлөтүү сунушталды
Бишкектеги бардык муниципалдык унаа токтотмолорго акы төлөтүү сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында муниципалдык унаа токтотмолорго сааттык акы төлөө системасын киргизүү каралууда. Тиешелүү токтом долбоору шаардык... 12.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-12T14:56+0600
2025-06-12T14:56+0600
2025-06-12T14:56+0600
кыргызстан
бишкек
автоунаа
унаа
тыгын
транспорт
реформа
https://sputnik.kg/img/103383/66/1033836660_0:0:5200:2925_1920x0_80_0_0_d4a2ff249cf89f7ef61901ce600b48b3.jpg
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында муниципалдык унаа токтотмолорго сааттык акы төлөө системасын киргизүү каралууда. Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңешке киргизилди. Маалымдалгандай, Бишкекте 683 миңге жакын автоунаа катталган. Буга кошумча, аймактардан машиналар келип, борбор калаада тыгын көбөйүүдө. Мындан улам пилоттук долбоор сунушталып, шаардын борборун зоналарга бөлүп, саатына 40-60 сом акы алуу каралууда. Автоматташтырылган система киргизилгенде 30-50 сом болору айтылган. Акы төлөө зоналарынын бөлүнүшү: Мындан тышкары, акы төлөнүүчү токтотмолорго инвестиция тартуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана жаңы орундарды түзүү үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөр пайда болору айтылган. Долбоорду шаардык кеңеш жактырса муниципалдык токтотмолор үчүн акы алуу системасы жакын арада киргизилери кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20250528/tsum-bishkek-kurulush-investitsiya-1094248911.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103383/66/1033836660_572:0:5200:3471_1920x0_80_0_0_52bda82a9d939fccf0dbefc5c0ce90c1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, автоунаа, унаа, тыгын, транспорт, реформа
кыргызстан, бишкек, автоунаа, унаа, тыгын, транспорт, реформа
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында муниципалдык унаа токтотмолорго сааттык акы төлөө системасын киргизүү каралууда. Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңешке киргизилди.
Маалымдалгандай, Бишкекте 683 миңге жакын автоунаа катталган. Буга кошумча, аймактардан машиналар келип, борбор калаада тыгын көбөйүүдө. Мындан улам пилоттук долбоор сунушталып, шаардын борборун зоналарга бөлүп, саатына 40-60 сом акы алуу каралууда. Автоматташтырылган система киргизилгенде 30-50 сом болору айтылган.
Акы төлөө зоналарынын бөлүнүшү:
1-зона — Жоомарт Бөкөнбаев, Султан Ибраимов, Михаил Фрунзе жана Жаш гвардия бульварындагы квадрат;
2-зона — Иса Ахунбаев, Төрөкул Айтматов, Юлиус Фучик көчөлөрү жана Жибек Жолу проспектиндеги квадрат (1-зонага кирбеген аймак);
3-зона — Бишкектин аймагындагы 1-2-зонага кирбеген башка көчөлөр.
"Төлөм киргизүү менен айдоочуларды унаа токтотмолорду эби менен пайдаланууга жана альтернативдүү транспортторду тандап алууга түрткү берүү мүмкүн болот", — деп айтылат түшүндүрмө катта.
Мындан тышкары, акы төлөнүүчү токтотмолорго инвестиция тартуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана жаңы орундарды түзүү үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөр пайда болору айтылган.
Долбоорду шаардык кеңеш жактырса муниципалдык токтотмолор үчүн акы алуу системасы жакын арада киргизилери кошумчаланды.