https://sputnik.kg/20250612/1094597270.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. "Кыргызстан... 12.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-12T15:00+0600
2025-06-12T15:00+0600
2025-06-12T15:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0c/1094597138_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_eede0ae2315c4f9ad4b975bf258e2130.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. "Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизди, ошондой эле россия элин Россия күнү менен куттуктайм. 12-июнь — бул Россиянын жаңы тарыхындагы маанилүү дата. Ал мамлекеттин улуу тарыхын, маданиятын, көп улуттуу элинин биримдиги менен күчүн даңазалайт", — деп айтылат куттуктоодо. Жапаров белгилегендей, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамиле тарыхый достукка, өз ара сый-урматка жана колдоого негизделип, элдердин жалпы жыргалчылыгына багытталган. "Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий диалог, ар кыл тармактардагы жемиштүү кызматташтык жана евразиялык интеграция алкагындагы өнөктөштүк мындан ары да өнүгүп, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк негизинде чыңдала берет деп ишенем", — деди мамлекет башчы. Куттуктоосунун соңунда Садыр Жапаров Владимир Путинге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми россия элине тынчтык жана бакубат жашоо каалады.
Кинематография мамлекеттен буга чейин 80 миллион сомго каржыланып келсе, быйыл 951 миллион сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте өтүп жаткан III эл аралык кинофестивалдын ачылышында билдирди. Белгилей кетсек, иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жатат. Касымалиев фестиваль Борбор Азиядагы кинематографияны өнүктүрүү үчүн жакшы аянтча экенин, учурда кино тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. "Үч жыл мурун бул тармакка болгону 80 миллион сом каралса, быйыл 951 миллион сом бөлүндү", — деди ал. Касымалиев кыргыз киносу 60-70-жылдары "кыргыз керемети" деген ат менен өз доорунун сыймыгына айланганын эскерип, ошол алтын доордогу дух азыркы жаңы муундагы режиссёрлордо жанданып жатканын белгиледи. Фестивалдын баш байгеси — "Ак илбирс" же "Жаабарс" статуэткасы. Фестиваль 15-июнга чейин уланат.
Нарында кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган шаардык ИИБдин кызматкери кармалганын УКМК билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, милициянын лейтенанты алдамчылыкка шектелген жарандан 180 миң сом алган. Мындан тышкары, милиция кызматкери кылмышка тиешеси жок жарандын банктык эсебиндеги 181 миң сомун мыйзамсыз тартып алган деп айыпталууда. "Милиция кызматкери соттун чечимдерин кыйгап өтүп, үч жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары 361 миң 409 сомду мыйзамсыз бөлүштүргөн. Андан соң тараптар жарашты деген жасалма протокол түзүп, кылмыш ишин жаап салган", — деп айтылат маалыматта.
Израиль Иранга карата аскердик операцияларды баштоого шайма-шай болуп турат. Бул туурасында РИА Новости америкалык телеканалга шилтеме кылып кабарлады. "АКШнын расмий адамдары Израиль Иранга карата аскердик операцияны баштоого толугу менен даяр турганын билдиришти", — деп айтылат маалыматта. Муну менен катар эле Вашингтон Иран коңшусу Иракта жайгашкан америкалык объектилерге чабуул жасоодон баш тартпай тургандыгынан шек санабастыгын айткан.
Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. "Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизди, ошондой эле россия элин Россия күнү менен куттуктайм. 12-июнь — бул Россиянын жаңы тарыхындагы маанилүү дата. Ал мамлекеттин улуу тарыхын, маданиятын, көп улуттуу элинин биримдиги менен күчүн даңазалайт", — деп айтылат куттуктоодо. Жапаров белгилегендей, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамиле тарыхый достукка, өз ара сый-урматка жана колдоого негизделип, элдердин жалпы жыргалчылыгына багытталган. "Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий диалог, ар кыл тармактардагы жемиштүү кызматташтык жана евразиялык интеграция алкагындагы өнөктөштүк мындан ары да өнүгүп, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк негизинде чыңдала берет деп ишенем", — деди мамлекет башчы. Куттуктоосунун соңунда Садыр Жапаров Владимир Путинге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми россия элине тынчтык жана бакубат жашоо каалады. Кинематография мамлекеттен буга чейин 80 миллион сомго каржыланып келсе, быйыл 951 миллион сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте өтүп жаткан III эл аралык кинофестивалдын ачылышында билдирди. Белгилей кетсек, иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жатат. Касымалиев фестиваль Борбор Азиядагы кинематографияны өнүктүрүү үчүн жакшы аянтча экенин, учурда кино тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. "Үч жыл мурун бул тармакка болгону 80 миллион сом каралса, быйыл 951 миллион сом бөлүндү", — деди ал. Касымалиев кыргыз киносу 60-70-жылдары "кыргыз керемети" деген ат менен өз доорунун сыймыгына айланганын эскерип, ошол алтын доордогу дух азыркы жаңы муундагы режиссёрлордо жанданып жатканын белгиледи. Фестивалдын баш байгеси — "Ак илбирс" же "Жаабарс" статуэткасы. Фестиваль 15-июнга чейин уланат.Нарында кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган шаардык ИИБдин кызматкери кармалганын УКМК билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, милициянын лейтенанты алдамчылыкка шектелген жарандан 180 миң сом алган. Мындан тышкары, милиция кызматкери кылмышка тиешеси жок жарандын банктык эсебиндеги 181 миң сомун мыйзамсыз тартып алган деп айыпталууда. "Милиция кызматкери соттун чечимдерин кыйгап өтүп, үч жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары 361 миң 409 сомду мыйзамсыз бөлүштүргөн. Андан соң тараптар жарашты деген жасалма протокол түзүп, кылмыш ишин жаап салган", — деп айтылат маалыматта.Израиль Иранга карата аскердик операцияларды баштоого шайма-шай болуп турат. Бул туурасында РИА Новости америкалык телеканалга шилтеме кылып кабарлады. "АКШнын расмий адамдары Израиль Иранга карата аскердик операцияны баштоого толугу менен даяр турганын билдиришти", — деп айтылат маалыматта. Муну менен катар эле Вашингтон Иран коңшусу Иракта жайгашкан америкалык объектилерге чабуул жасоодон баш тартпай тургандыгынан шек санабастыгын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0c/1094597138_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_198c4fc84cc93452a0738ce122dd7402.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио