https://sputnik.kg/20250612/1094595381.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун өлчөмүн 1-августтан тарта 25 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция... 12.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-12T13:00+0600
2025-06-12T13:00+0600
2025-06-12T14:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0c/1094595249_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a6d215323784057e3566239951bb4d56.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун өлчөмүн 1-августтан тарта 25 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги даярдап, коомдук талкууга койду. Аталган жөлөк пул 16 жашка чейинки балдары бар жана айлык кирешеси кепилденген минималдык кирешеден төмөн үй-бүлөлөргө берилет. Учурда анын өлчөмү 1200 сомду түзөт.Жаңы сунушка ылайык, 1-августтан тарта жөлөк пулдун өлчөмү 1500 сомго чейин жогорулайт. Мындан тышкары, кепилденген минималдык кирешенин өлчөмү 1000 сомдон 2000 сомго чейин, башкача айтканда, 100 пайызга көбөйтүлөт. Эмгек министрлиги билдиргендей, жөлөк пулдун өлчөмү акыркы жолу 2022-жылы 810 сомдон 1200 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми кепилденген минималдык кирешенин өлчөмү 2019-жылдан бери өзгөртүлгөн эмес. Учурда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу 55 миң 13 үй-бүлөдөгү 196 миң 151 балага берилип жатат. Жаңы өзгөртүүлөрдөн кийин дагы 18 миң 600дөн ашык бала кошулары күтүлүүдө.
Мамлекеттик ипотекага эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн-кезекке турса болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Ал онлайн-кезек президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында ишке ашканын белгиледи. "Мурда жарандар документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. Эми болсо баары кыйла жеңилдеди, болгону 2-3 мүнөт ичинде керектүү маалымат автоматтык түрдө толтурулат. Жадагалса жубайынын макулдугун да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол менен берүүгө мүмкүнчүлүк бар", — деп жазды Туманбаев.
Жарандардын мүлкүн тартып алып жүргөн топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, "кара риэлторлор" деп аталган топтун эки мүчөсү кармалган. Шектүү, тергөөдө белгилүү болгондой, адамдардын ишенимине кирип, батирлерин үчүнчү жактарга каттаткан. Ал эми эки үйдүн ээсин психиатриялык ооруканага жаткырып коюп жүргөн. Анын бирөө афган согушунун катышуучусу болсо, башкасы шектүүлөрдүн биринин эжеси экени белгиленди. Ошондой эле шектүү шериги менен Жалал-Абаддын тургунун коркутуп үйүн тартып алышканы, кысымдан улам жабырлануучу каза болгону айтылган. Дагы бир эпизоддо шектүүлөр жасалма нике күбөлүгү аркылуу маркумдун үйүн ээлеп алып, мураскор үйсүз калган.
Израиль Иранга карата аскердик операцияларды баштоого шайма-шай болуп турат. Бул туурасында РИА Новости америкалык телеканалга шилтеме кылып кабарлады. "АКШнын расмий адамдары Израиль Иранга карата аскердик операцияны баштоого толугу менен даяр турганын билдиришти", — деп айтылат маалыматта. Муну менен катар эле Вашингтон Иран коңшусу Иракта жайгашкан америкалык объектилерге чабуул жасоодон баш тартпай тургандыгынан шек санабастыгын айткан. "Бул АКШ айрым америкалыктарга шаршемби күнү бул аймактан чыгып кетүүнү кеңеш кылган себептердин бири болду", — деп билдирген маалымат булагы. израилдик аткаминерлер операциянын качан башталары тууралуу маалыматтарга комментарий берүүдөн баш тарткан.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун өлчөмүн 1-августтан тарта 25 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги даярдап, коомдук талкууга койду. Аталган жөлөк пул 16 жашка чейинки балдары бар жана айлык кирешеси кепилденген минималдык кирешеден төмөн үй-бүлөлөргө берилет. Учурда анын өлчөмү 1200 сомду түзөт.Жаңы сунушка ылайык, 1-августтан тарта жөлөк пулдун өлчөмү 1500 сомго чейин жогорулайт. Мындан тышкары, кепилденген минималдык кирешенин өлчөмү 1000 сомдон 2000 сомго чейин, башкача айтканда, 100 пайызга көбөйтүлөт. Эмгек министрлиги билдиргендей, жөлөк пулдун өлчөмү акыркы жолу 2022-жылы 810 сомдон 1200 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми кепилденген минималдык кирешенин өлчөмү 2019-жылдан бери өзгөртүлгөн эмес. Учурда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу 55 миң 13 үй-бүлөдөгү 196 миң 151 балага берилип жатат. Жаңы өзгөртүүлөрдөн кийин дагы 18 миң 600дөн ашык бала кошулары күтүлүүдө.Мамлекеттик ипотекага эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн-кезекке турса болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Ал онлайн-кезек президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында ишке ашканын белгиледи. "Мурда жарандар документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. Эми болсо баары кыйла жеңилдеди, болгону 2-3 мүнөт ичинде керектүү маалымат автоматтык түрдө толтурулат. Жадагалса жубайынын макулдугун да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол менен берүүгө мүмкүнчүлүк бар", — деп жазды Туманбаев. Жарандардын мүлкүн тартып алып жүргөн топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, "кара риэлторлор" деп аталган топтун эки мүчөсү кармалган. Шектүү, тергөөдө белгилүү болгондой, адамдардын ишенимине кирип, батирлерин үчүнчү жактарга каттаткан. Ал эми эки үйдүн ээсин психиатриялык ооруканага жаткырып коюп жүргөн. Анын бирөө афган согушунун катышуучусу болсо, башкасы шектүүлөрдүн биринин эжеси экени белгиленди. Ошондой эле шектүү шериги менен Жалал-Абаддын тургунун коркутуп үйүн тартып алышканы, кысымдан улам жабырлануучу каза болгону айтылган. Дагы бир эпизоддо шектүүлөр жасалма нике күбөлүгү аркылуу маркумдун үйүн ээлеп алып, мураскор үйсүз калган. Израиль Иранга карата аскердик операцияларды баштоого шайма-шай болуп турат. Бул туурасында РИА Новости америкалык телеканалга шилтеме кылып кабарлады. "АКШнын расмий адамдары Израиль Иранга карата аскердик операцияны баштоого толугу менен даяр турганын билдиришти", — деп айтылат маалыматта. Муну менен катар эле Вашингтон Иран коңшусу Иракта жайгашкан америкалык объектилерге чабуул жасоодон баш тартпай тургандыгынан шек санабастыгын айткан. "Бул АКШ айрым америкалыктарга шаршемби күнү бул аймактан чыгып кетүүнү кеңеш кылган себептердин бири болду", — деп билдирген маалымат булагы. израилдик аткаминерлер операциянын качан башталары тууралуу маалыматтарга комментарий берүүдөн баш тарткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0c/1094595249_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4f9dffa9978cdbf6be34911469eb09bc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио