00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
"Евразия-Кинофесттин" кинозалдарына үч миңден ашуун киши келдиЭкс-депутат Кенжебек Бокоев коррупцияга шектелип кармалдыМинкаб башчысы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга баратАлдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, сапардын алкагында ал 10-июнда Ташкентте өтө турган эл аралык инвестициялык форумга катышат. Ошондой эле Касымалиев бир катар объектилерди көрүп, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү кошумчаланды.
Американын Лос-Анжелес шаарында уланып жаткан башаламандыктарга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн сактык чараларын көрүүгө чакырат. Ведомство жеке коопсуздукту камсыздоо үчүн төмөнкү эрежелерди карманууну сунуштады: баш аламандыктар катталган же болушу ыктымал болгон райондорго барбоо; эл көп чогулган жерлерге баруудан кармануу; митингдерге, демонстрацияларга жана башка массалык иш-чараларга катышпоо. Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын жарандарын кармоо учурлары катталган эмес.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден кабарлашты. Маалымат булактар билдиргендей, ал Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүндөгү жер маселесине байланыштуу кармалган. Экс-депутат аталган айылда туулуп, 2005-2010-жылдары айыл өкмөттү жетектеген. Эскерте кетсек, Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин V, VI чакырылыштарына депутат болгон.
Борбор каалада учурда 30 электробус бар, калган 90 даана июль айынын башында келет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Депо-2нин аймагын реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин текшерди. Текшерүүнүн жүрүшүндө каала башчысы кубаттоочу жайларды комплекстүү текшерүүнү тапшырды. Муну менен катар учурда Депо-2нин аймагында жайгашкан имараттарды оңдоо иштери уланууда. Белгиленгендей, жаңыланган автобазалар электробустар үчүн атайын жабдылган биринчи комплекстүү инфраструктура. “Алар экологиялык жактан таза жана үнөмдүү шаар транспортун өнүктүрүүгө салым кошот. Базалар заманбап талаптарга жооп берип, электробустарын тейлөө, кубаттоо жана техникалык кароодон өткөрүүгө бир жерден мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.
Россиянын Сочи шаарында жүрүп жаткан "Евразия-Кинофест" II эл аралык кинофестивалынын кинозалдарына өткөн эс алуу күндөрү үч миңге чукул киши келди. Бул туурасында уюштуруучулар билдирди. "6-июндан 13-июнга чейин өтө турган "Евразия-Кинофест" II эл аралык фестивалындагы тасмаларды эки күн ичинде үч миңден ашык адам көрдү. Жалпы 27, анын ичинде 18 премьералык фильм тартууланды", — деп айтылат билдирүүдө. Келгендерге Лариса Садилованын (Россия) "Огород" эмгеги көрсөтүлдү. Салтанаттын жүрүшүндө бул фильмге киноискусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн фестивалдын биринчи сыйлыгы ыйгарылды. Эске салсак, 3-июнда Сочиде башталган "Евразия-Кинофест" деп аталган II эл аралык ири иш-чара 13-июнга чейин уланат. Форум Евразия чөлкөмүндөгү киноишмерлердин башын бириктирип, таланттарды колдоону көздөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0