https://sputnik.kg/20250609/1094504773.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте соттолгон адамды коштоп жүргөн жоокер өзүн атканы кабарландыКараколдогу ипотекалык үйлөр дээрлик даяр болуп калганы айтылдыЖарандын соттуулугу... 09.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-09T15:00+0600
2025-06-09T15:00+0600
2025-06-09T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/09/1094504641_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f1c4183d790f4a6e225656971cb32783.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте соттолгон адамды коштоп жүргөн жоокер өзүн атканы кабарландыКараколдогу ипотекалык үйлөр дээрлик даяр болуп калганы айтылдыЖарандын соттуулугу тууралуу маалым катты кагаз түрүндө берүү токтотулдуалдыда кененирээкСоттуулугу бар-жогу жөнүндө маалым катты кагаз түрүндө берүү токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.Ага ылайык, кызмат 14-апрелден тарта Ош, Бишкек шаарларында, ал эми 1-майда өлкө боюнча онлайнга өткөн. Соттолбогону тууралуу маалым катты "Түндүк" аркылуу алуу жол-жобосун төмөнкү видеодон көрө аласыз. Буга чейин Мамлекеттик кызматтарды бюрократиядан арылтуу өнөктүгүнүн алкагында 50 жашка чейинкилерге маалым каттар кагаз түрүндө берилбей калары айтылган.
Бишкекте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин жоокери өз жанын кыйды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди. Маалыматка ылайык, каргаша 7-июнь күнү болгон. "19 жаштагы Б.А. аттуу жоокер соттолгон кишини жеке клиникага коштоп бара жатып өзүн-өзү аткан", — деди булак. Факт боюнча Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогону кошумчаланды.
Жыл сайын 8-июнда Кыргызстанда ИДПга кошкон салымы аз болгонуна (1 пайызга жакын) карабастан, экономиканын маанилүү тармагы — жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү белгиленет. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылы текстиль жана тигүү өндүрүшүндө 200гө жакын ишкана жана 3 миңге жакын жеке ишкерлер иштеп, 128 миңден ашуун адам иш менен камсыз болгон. Негизги ишканалар Чүй облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында топтолгон. Өткөн жылы аялдардын 18 миллиондон ашык жана эркектердин 5 миллион даанадан ашык кийимдери, 12 миллион жуп байпак, 4 миллион жуп бут кийим жана башка товарлар чыгарылды. Өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмү 20,5 миллиард сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 15 пайызга көп. Массалык өндүрүштөн тышкары кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүгүн сактаган чакан ишканалар: шырдак, туш-кийиз, улуттук кийимдерди жана сувенирлерди чыгаруу өнүгүп жатат. 2024-жылы алар 34 миң улуттук килем жана 54 миң даана улуттук кийим чыгарышкан.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы төрт шаар менен эки айылдагы 6 кинотеатрды оңдоого 1,5 млн доллар берет “Атлант Синема” компаниясы менен келишимге кол коюлду. Анын алкагында Чолпон-Ата, Кербен, Баткен, Токмок шаарларындагы жана Араван менен Беловодское айылдарындагы кинотеатрлар реконструкцияланат. “Райборборлордо жана айылдарда жашаган эл адатта сапаттуу, айрыкча ата мекендик тасмаларды көрө албай калышат. Оңдоо иштеринен кийин мындай мүмкүнчүлүк көбөйөт”, — деп билдиришти фонддон.
Каракол шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу активдүү уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жакында даяр болгон турак жайлардын 50 пайызы кезекте турган жарандарга, калган 50 пайызы үлүштүк курулуш механизми менен алган жарандарга тапшырылат. Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаары - өлкөдө жайы-кышы эс алуу актуалдуулугун жоготпогон шаар болуп саналат. Буга байланыштуу МИК бул шаардан батирлүү болууну каалагандарды Каракол шаары, Абдрахманов көчөсү 105, 3-кабат дарегине Ысык-Көл облустук администрациясынын имаратына кайрылууга чакырат.
Бишкекте соттолгон адамды коштоп жүргөн жоокер өзүн атканы кабарландыКараколдогу ипотекалык үйлөр дээрлик даяр болуп калганы айтылдыЖарандын соттуулугу тууралуу маалым катты кагаз түрүндө берүү токтотулдуалдыда кененирээкСоттуулугу бар-жогу жөнүндө маалым катты кагаз түрүндө берүү токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.Ага ылайык, кызмат 14-апрелден тарта Ош, Бишкек шаарларында, ал эми 1-майда өлкө боюнча онлайнга өткөн. Соттолбогону тууралуу маалым катты "Түндүк" аркылуу алуу жол-жобосун төмөнкү видеодон көрө аласыз. Буга чейин Мамлекеттик кызматтарды бюрократиядан арылтуу өнөктүгүнүн алкагында 50 жашка чейинкилерге маалым каттар кагаз түрүндө берилбей калары айтылган.Бишкекте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин жоокери өз жанын кыйды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди. Маалыматка ылайык, каргаша 7-июнь күнү болгон. "19 жаштагы Б.А. аттуу жоокер соттолгон кишини жеке клиникага коштоп бара жатып өзүн-өзү аткан", — деди булак. Факт боюнча Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогону кошумчаланды. Жыл сайын 8-июнда Кыргызстанда ИДПга кошкон салымы аз болгонуна (1 пайызга жакын) карабастан, экономиканын маанилүү тармагы — жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү белгиленет. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылы текстиль жана тигүү өндүрүшүндө 200гө жакын ишкана жана 3 миңге жакын жеке ишкерлер иштеп, 128 миңден ашуун адам иш менен камсыз болгон. Негизги ишканалар Чүй облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында топтолгон. Өткөн жылы аялдардын 18 миллиондон ашык жана эркектердин 5 миллион даанадан ашык кийимдери, 12 миллион жуп байпак, 4 миллион жуп бут кийим жана башка товарлар чыгарылды. Өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмү 20,5 миллиард сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 15 пайызга көп. Массалык өндүрүштөн тышкары кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүгүн сактаган чакан ишканалар: шырдак, туш-кийиз, улуттук кийимдерди жана сувенирлерди чыгаруу өнүгүп жатат. 2024-жылы алар 34 миң улуттук килем жана 54 миң даана улуттук кийим чыгарышкан.Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы төрт шаар менен эки айылдагы 6 кинотеатрды оңдоого 1,5 млн доллар берет “Атлант Синема” компаниясы менен келишимге кол коюлду. Анын алкагында Чолпон-Ата, Кербен, Баткен, Токмок шаарларындагы жана Араван менен Беловодское айылдарындагы кинотеатрлар реконструкцияланат. “Райборборлордо жана айылдарда жашаган эл адатта сапаттуу, айрыкча ата мекендик тасмаларды көрө албай калышат. Оңдоо иштеринен кийин мындай мүмкүнчүлүк көбөйөт”, — деп билдиришти фонддон.Каракол шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу активдүү уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жакында даяр болгон турак жайлардын 50 пайызы кезекте турган жарандарга, калган 50 пайызы үлүштүк курулуш механизми менен алган жарандарга тапшырылат. Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаары - өлкөдө жайы-кышы эс алуу актуалдуулугун жоготпогон шаар болуп саналат. Буга байланыштуу МИК бул шаардан батирлүү болууну каалагандарды Каракол шаары, Абдрахманов көчөсү 105, 3-кабат дарегине Ысык-Көл облустук администрациясынын имаратына кайрылууга чакырат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/09/1094504641_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_70b073994635fdf91b3c4e8fd54539e0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио