00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Россиядагы мигранттардын которгон акчасынын көлөмү рекорддук чекке жеттиМаск чатакташкандан кийин биринчи ирет Трампка тилектештигин билдирдиСоцфонд ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 120 жаранына пенсия чектедиАлдыда кененирээкКыргызстандын Социалдык фонду ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 120 жаранына пенсия чектеди. Фонддон билдиришкендей, 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин, атап айтсак Кыргызстан, Казакстан, Россия, Армения жана Беларустун аймагында иштеп, пенсиялык укуктарга ээ болгон жарандар эмгек мигранты деп саналат. Ага ылайык, Кыргызстандын Социалдык фонду 120 жарандын пенсиясын чектеди: Россиянын 109 жаранына, алардын ичинен: 6 киши Кыргызстандын мыйзамдары боюнча пенсияга чыккан, 1 кишинин пенсиясы төлөмдөр узак убакыт жүргүзүлбөгөндүктөн токтотулган. Казакстандын 9 жаранына, алардын ичинен: 2 кишинин пенсиясы өз арызынын негизинде токтотулган. Беларустун 2 жаранына, алардын ичинен: 1 жаран Кыргызстандын мыйзамдары боюнча пенсияга өткөн. Мындан тышкары, Россия Кыргызстандын 82 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.
Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулушунун болжолдуу наркы 9 миллиард 472 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары "Кыргыз темир жолу" ишканасынын иши менен таанышып жатканда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөргөн. Алгач депутаттар Бишкек-2 — Балыкчы поезди менен Ысык-Көлгө барып, Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулушун көрүшкөн. Ишкананын жетекчиси Азамат Сакиевдин айтымында, учурда темир жолдун Балыкчыдан Кочкорго чейинки бөлүгүнүн 30-чакырымынан 44-чакырымына чейин суу куурларын орнотуу, бургулоо жана жардыруу сыяктуу иштер жүрүп жатат. "Мындан тышкары, 37 чакырым аралыкта жолдун үстүңкү курулушу бүткөрүлүп, 38-чакырымына балласт, рельс жана шпалдарды жеткирүү иштери кызуу жүрүүдө. 63 чакырым узундуктагы Балыкчы — Кочкор темир жолун куруунун болжолдуу баасы 9 миллиард 472 миллион сомду түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Январь-апрель аралыгында сырттан которулган каражаттын көлөмү 1 миллиард 68 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат. Билдирүүгө ылайык, анын ичинен 1 миллиард 710 миң доллары Россиядан келген. Буга чейин Россиядан жылдын алгачкы төрт айындагы акча которуу боюнча рекорд былтыр катталып, 857 миллион 200 миң долларды түзгөн.
Америкалык ишкер Илон Маск АКШ лидери Дональд Трамп менен көпчүлүктүн алдында чатакташа кеткенден кийин биринчи ирет ага тилектештигин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Муну президенттин Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюско кечирим сура деп кайрылганын колдоп көрсөткөн. Трамп буга чейин социалдык тармактагы баракчасында Калифорния губернатору менен Лос-Анжелестин мэрин алардын калпыс кадамдарынан жана калктын нааразылыктарынан улам аймак элинен кечирим суроого чакырган. Маск да өзүнүн баракчасына президенттин жазганын көчүрүп жарыялап, комментарий жазган. Ага чейин 10 мүнөттөй мурда Трамптын күч органдарына Лос-Анжелес шаарына тартип орнотууга берген тапшырмасын да скриншот кылып жарыялаган. Маск өз репутациясын өзү сыяктуу эч ким бузбастыгын, мурдараак айткандарына такмаза аралаштырып баа берген. "Мени каралаган билдирүүлөр абдан көп, өзгөчө өзүм арбын айтам", — деген ишкер.
Жаңылыктар түрмөгү
0