https://sputnik.kg/20250608/1094490299.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Өз сөзүндө Минкаб... 08.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-08T15:00+0600
2025-06-08T15:00+0600
2025-06-08T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/08/1094490167_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_df60eaddd910f4aabe8038ba59e7288f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Өз сөзүндө Минкаб башчысы жеңил өнөр жайынын 90%дан ашыгын тигүү өндүрүшү түзөрүн белгиледи. "Жеңил өнөр жайы — биздин экономикабыздын маанилүү тармактарынын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө ал өлкөнүн өнүгүшүндө негизги ролду ойноп, калкты жумуш менен камсыз кылуунун маанилүү фактору жана өлкөнүн калкынын олуттуу бөлүгүнүн кирешесинин булагы болуп калды", - деп билдирди Касымалиев. Минкаб жетекчиси кошумчалагандай, ата мекендик продукциялар ички жана эл аралык рыноктордо ишенимдүү орунду ээлеп, ал эми электрондук сооданын өнүгүшү өндүрүүчүлөрүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу кеңейтти — Кыргызстандын ишканаларынын товарлары дүйнөдөгү ири маркетплейстерде ийгиликтүү сатылып, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн керектөөчүлөрүнүн ишенимине жана урматтоосуна ээ болууда."Жыл сайын тармактын өнүгүү көрсөткүчтөрү жакшырууда. 2024-жылдын натыйжасы боюнча текстиль, кийим-кече, бут кийим, теринин жана башка териден жасалган буюмдардын өндүрүшү 20,5 млрд сомго жетип, 2023-жылга салыштырмалуу 15%га өстү. Анын ичинде кийим-кече өндүрүшүнүн үлүшү 85%, текстиль өндүрүшүнүн үлүшү 12% түздү" деди Касымалиев.
Ички иштер министрлиги элди мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды тапшырууга чакырды.Учурда милиция кызматкерлери курал-жаракты мыйзамсыз сактагандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскертилип, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө. "Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жасоо, сатып алуу, сатуу же алып жүрүү үчүн 100 000 сомго чейин айып пул салынат. Ошондой эле түзөтүү жумуштары же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу каралган. Эгер өз ыктыяры менен тапшырса кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат", — деп жазылат маалыматта. Мындан тышкары, ок-дарыны, куралды же жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандарга 1 600 сомдон 16 000 сомго чейин сый акы каралганы кошумчаланды.
АКШнын президенти Дональд Трамп мурдагы үзөңгүлөшү Илон Маскты эгерде ал салык жана чыгашаларды кыскартуу боюнча мыйзам долбооруна каршы чыккан демократтарга акчалай жардам бере турган болсо, "олуттуу кесепет" күтөрүн айтып коркутту. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ак үй башчысы Маск менен кайрадан достошууга ниети жок экенин айткан.The Washington Post гезити Ак үйдүн башчысы үзөңгүлөштөрү менен сүйлөшүп жатканда Маскты баңги деп атаганын жазган. Ошол эле учурда басылма Трамп вице-президент Жей Ди Вэнске Маскты эл көзүнчө сындабай эле коюуну сунуштаган. "Трамп Вэнстин жообу кырдаалды курчутушун каалаган эмес. Бул — алаканы кайра жандантууга мүмкүнчүлүк калтырган стратегия", — деп жазган The Washington Post басылмасы.
Бүгүн Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөш боюнча республикалык мелдеш өтүүдө. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш эмгек сиңирген машыктыруучулар Анаркул Кыбраев, Марсел Мураталиев, Сүйүнбек Сулайманов жана дүйнө чемпиону Жанболат Осмоновдун жаркын элесине арналып уюштурулду. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда. Жеңүүчүлөргө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын тарабынан тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Өз сөзүндө Минкаб башчысы жеңил өнөр жайынын 90%дан ашыгын тигүү өндүрүшү түзөрүн белгиледи. "Жеңил өнөр жайы — биздин экономикабыздын маанилүү тармактарынын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө ал өлкөнүн өнүгүшүндө негизги ролду ойноп, калкты жумуш менен камсыз кылуунун маанилүү фактору жана өлкөнүн калкынын олуттуу бөлүгүнүн кирешесинин булагы болуп калды", - деп билдирди Касымалиев. Минкаб жетекчиси кошумчалагандай, ата мекендик продукциялар ички жана эл аралык рыноктордо ишенимдүү орунду ээлеп, ал эми электрондук сооданын өнүгүшү өндүрүүчүлөрүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу кеңейтти — Кыргызстандын ишканаларынын товарлары дүйнөдөгү ири маркетплейстерде ийгиликтүү сатылып, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн керектөөчүлөрүнүн ишенимине жана урматтоосуна ээ болууда."Жыл сайын тармактын өнүгүү көрсөткүчтөрү жакшырууда. 2024-жылдын натыйжасы боюнча текстиль, кийим-кече, бут кийим, теринин жана башка териден жасалган буюмдардын өндүрүшү 20,5 млрд сомго жетип, 2023-жылга салыштырмалуу 15%га өстү. Анын ичинде кийим-кече өндүрүшүнүн үлүшү 85%, текстиль өндүрүшүнүн үлүшү 12% түздү" деди Касымалиев.Ички иштер министрлиги элди мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды тапшырууга чакырды.Учурда милиция кызматкерлери курал-жаракты мыйзамсыз сактагандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскертилип, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө. "Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жасоо, сатып алуу, сатуу же алып жүрүү үчүн 100 000 сомго чейин айып пул салынат. Ошондой эле түзөтүү жумуштары же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу каралган. Эгер өз ыктыяры менен тапшырса кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат", — деп жазылат маалыматта. Мындан тышкары, ок-дарыны, куралды же жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандарга 1 600 сомдон 16 000 сомго чейин сый акы каралганы кошумчаланды.АКШнын президенти Дональд Трамп мурдагы үзөңгүлөшү Илон Маскты эгерде ал салык жана чыгашаларды кыскартуу боюнча мыйзам долбооруна каршы чыккан демократтарга акчалай жардам бере турган болсо, "олуттуу кесепет" күтөрүн айтып коркутту. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ак үй башчысы Маск менен кайрадан достошууга ниети жок экенин айткан.The Washington Post гезити Ак үйдүн башчысы үзөңгүлөштөрү менен сүйлөшүп жатканда Маскты баңги деп атаганын жазган. Ошол эле учурда басылма Трамп вице-президент Жей Ди Вэнске Маскты эл көзүнчө сындабай эле коюуну сунуштаган. "Трамп Вэнстин жообу кырдаалды курчутушун каалаган эмес. Бул — алаканы кайра жандантууга мүмкүнчүлүк калтырган стратегия", — деп жазган The Washington Post басылмасы.Бүгүн Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөш боюнча республикалык мелдеш өтүүдө. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш эмгек сиңирген машыктыруучулар Анаркул Кыбраев, Марсел Мураталиев, Сүйүнбек Сулайманов жана дүйнө чемпиону Жанболат Осмоновдун жаркын элесине арналып уюштурулду. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда. Жеңүүчүлөргө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын тарабынан тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/08/1094490167_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_249308aff3dd2f73bc165de7cb35611d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио