https://sputnik.kg/20250608/1094487963.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал Кыргызстандын ишканаларынын... 08.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-08T13:00+0600
2025-06-08T13:00+0600
2025-06-08T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/08/1094487831_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a58bad917d4dcc6af70897450f376d6d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал Кыргызстандын ишканаларынын товарлары дүйнөдөгү ири маркетплейстерде ийгиликтүү сатылып, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн керектөөчүлөрүнүн ишенимине жана урматтоосуна ээ болуп жатканын белгилеген. "Дизайнерлерибиз жана чеберлерибиздин чет өлкөлөрдө таанылып жатканы — өзгөчө сыймык менен айта турган нерсе. Өлкөдө жасалган кийимдерди дүйнөдөгү атактуу адамдар да тандап алып жатышат. Алардын таланты жана чыгармачыл көз карашы аркылуу дүйнө жүзү кыргыз маданиятынын байлыгын жана сулуулугун билип жатат. Эл аралык подиумдарда өлкөнү таанытып, көрүнүктүү көргөзмөлөргө жана мода-шоуларга катышып, Кыргызстанды күчтүү чыгармачылык мектеби бар жана терең салттарга ээ өлкө катары оң имиджин түзүп жатышат", — деген Касымалиев. Минкаб төрагасы бул тармактын өнүгүү көрсөткүчтөрү жыл сайын жакшырып жатканын белгилеген. Алсак, 2024-жылдын натыйжасы боюнча, текстиль, кийим-кече, бут кийим, теринин жана башка териден жасалган буюмдардын өндүрүшү 20,5 млрд. сомго жетип, 2023-жылга салыштырмалуу 15 пайызга өскөн. 2024-жылы жеңил өнөр жайында 130 миңге жакын адам эмгектенген, алардын көпчүлүгү кийим-кече өндүрүшүндө. Касымалиев муну менен чектелбей, өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, экспортту күчөтүү биринчи кезектеги милдеттер экенин кошумчалаган. Ал бардык жеңил өнөр жайчыларга ыраазылык билдирип, ден соолук, ийгилик каалаган.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Филиппинде Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугуп, ири долбоорлорду ишке ашырууну сүйлөштү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.Анда министр Токтогул ГЭСи оңдолуп бүткөндөн кийин Күрп-Сай ГЭСин реабилитациялоону сунуштаган. Ошондой эле энергетика министри ГЭС-5те 100 киловаттык күн станциясы иштеп жатканын айтып, анын бетин фотоэлектрдик панель менен жаап, кубаттуулугун 15 мегаваттка көтөрүүнү сунуштаган. Аталган банк долбоорду ишке ашырууга макул болгон. Тараптар жакынкы аралыкта Кыргызстанда жолугушууну пландашты.
Польшанын жаңы президенти Кароль Навроцкий Украинанын Евробиримдикке кошулушуна каршы экенин венгриялык ЖМКларга берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды. "Украина Польша, Венгрия жана башка Европа мамлекеттеринин өз кызыкчылыктары бар экенин түшүнүшү керек. Польшанын мындай кызыкчылыктарынын бири, мисалы, Волынь кыргынында курман болгондорду эксгумациялоо", — деген Навроцкий. Ал Украинанын Евробиримдикке мүчө болуп кириши Европа өлкөлөрүнүн экономикасына жана айыл чарбасына зыян келтирерин белгилеген.Жаңы президент Польшанын айыл чарба же логистика тармагында Украина менен адилетсиз атаандаштыкка макул болбой турганын белгилеп, бул жерде компромисске жетишүү керектигин кошумчалаган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал Кыргызстандын ишканаларынын товарлары дүйнөдөгү ири маркетплейстерде ийгиликтүү сатылып, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн керектөөчүлөрүнүн ишенимине жана урматтоосуна ээ болуп жатканын белгилеген. "Дизайнерлерибиз жана чеберлерибиздин чет өлкөлөрдө таанылып жатканы — өзгөчө сыймык менен айта турган нерсе. Өлкөдө жасалган кийимдерди дүйнөдөгү атактуу адамдар да тандап алып жатышат. Алардын таланты жана чыгармачыл көз карашы аркылуу дүйнө жүзү кыргыз маданиятынын байлыгын жана сулуулугун билип жатат. Эл аралык подиумдарда өлкөнү таанытып, көрүнүктүү көргөзмөлөргө жана мода-шоуларга катышып, Кыргызстанды күчтүү чыгармачылык мектеби бар жана терең салттарга ээ өлкө катары оң имиджин түзүп жатышат", — деген Касымалиев. Минкаб төрагасы бул тармактын өнүгүү көрсөткүчтөрү жыл сайын жакшырып жатканын белгилеген. Алсак, 2024-жылдын натыйжасы боюнча, текстиль, кийим-кече, бут кийим, теринин жана башка териден жасалган буюмдардын өндүрүшү 20,5 млрд. сомго жетип, 2023-жылга салыштырмалуу 15 пайызга өскөн. 2024-жылы жеңил өнөр жайында 130 миңге жакын адам эмгектенген, алардын көпчүлүгү кийим-кече өндүрүшүндө. Касымалиев муну менен чектелбей, өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, экспортту күчөтүү биринчи кезектеги милдеттер экенин кошумчалаган. Ал бардык жеңил өнөр жайчыларга ыраазылык билдирип, ден соолук, ийгилик каалаган.Энергетика министри Таалайбек Ибраев Филиппинде Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугуп, ири долбоорлорду ишке ашырууну сүйлөштү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.Анда министр Токтогул ГЭСи оңдолуп бүткөндөн кийин Күрп-Сай ГЭСин реабилитациялоону сунуштаган. Ошондой эле энергетика министри ГЭС-5те 100 киловаттык күн станциясы иштеп жатканын айтып, анын бетин фотоэлектрдик панель менен жаап, кубаттуулугун 15 мегаваттка көтөрүүнү сунуштаган. Аталган банк долбоорду ишке ашырууга макул болгон. Тараптар жакынкы аралыкта Кыргызстанда жолугушууну пландашты. Польшанын жаңы президенти Кароль Навроцкий Украинанын Евробиримдикке кошулушуна каршы экенин венгриялык ЖМКларга берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды. "Украина Польша, Венгрия жана башка Европа мамлекеттеринин өз кызыкчылыктары бар экенин түшүнүшү керек. Польшанын мындай кызыкчылыктарынын бири, мисалы, Волынь кыргынында курман болгондорду эксгумациялоо", — деген Навроцкий. Ал Украинанын Евробиримдикке мүчө болуп кириши Европа өлкөлөрүнүн экономикасына жана айыл чарбасына зыян келтирерин белгилеген.Жаңы президент Польшанын айыл чарба же логистика тармагында Украина менен адилетсиз атаандаштыкка макул болбой турганын белгилеп, бул жерде компромисске жетишүү керектигин кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/08/1094487831_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c59590af80f818f1c156adc049b76e8c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио