https://sputnik.kg/20250607/1094481397.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Дели шаарында өткөн «Борбор Азия–Индия» диалогунун алкагында министрлердин жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМ... 07.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-07T17:00+0600
2025-06-07T17:00+0600
2025-06-07T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/07/1094481265_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_89df05a2eea4d87ebbf955126e9b03c2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Дели шаарында өткөн «Борбор Азия–Индия» диалогунун алкагында министрлердин жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМ билдирди. Маалыматка ылайык, жыйында сүйлөгөн Жээнбек Кулубаев негизги багыт катары өз ара байланыш, аймактык коопсуздук, ошондой эле технология жана өнүгүү тармактарындагы кызматташуу маселелерин белгиледи. Ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн өз ара байланышын, анын ичинде түз авиакаттамдарды ачуу жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу мындан ары тереңдетүүнүн орчундуулугун айтты. ошондой эле демилгелерди ишке ашыруу үчүн өлкөлөрдүн тиешелүү мекемелери ортосунда алака кылуучу механизмдерди иштеп чыгуу сунушталды.
Япониянын Осака шаарында Кыргызстандын улуттук күндөрү белгиленүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара EXPO-2025 дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында өтүүдө. Анда кыргызстандык өнөр адамадары классикалык, элдик жана эстардалык жанрдагы концерттик программа тартуулашууда. Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Япониянын коргоо министринин орун басары жана Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сүйлөдү.“Классикалык балет чыграмаларынан үзүндүлөрдү Раманбек Бейшеналиев, Альбина Сатыналиева тартуулады. Эстрадалык бөлүктө ырчылар Азат Раимбердиев, Каныкей өнөрлөрүн тартуулашты", – деп айтылат маалыматта.
Бишкекте кыргыз спортунун 100 жылдыгына арналган кунг-фу боюнча өлкө биринчилиги өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн. Ага өлкөнүн дубандарынан келген ар кандай курактагы спортчулар катышкан. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
Евробиримдик алдыдагы 10 жылда Россия менен эптеп эле кагылышсам деп турат, бирок Венгрия бүлгүнгө учураткан куралдануу жарышын алдын алуу үчүн биримдик Москва менен экономикалык кызматташууга кайтышы керек деген пикирде. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан радиоэфирде билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, учурда Европа Украинаны пайдаланып Россия менен прокси-согуш жүргүзүп, РФ менен бир себеп таап тирешүүнү максат кылып алды. "Биз буга каршы позициядабыз: ок атууну эртерээк токтотуп, тынчтык орнотуу керек. Аймактык жана башка маселелерди жөнгө салуу шарт. Экономика багытында орустар менен эпке келип, россиялык рынокторго кайтууну, европа экономикасына Россия бере ала турган потенциалды пайдалануу жагын ойлонуштуруу зарыл. Россия менен коопсуздук тууралуу келишимди эртелетүү кажет", — деген Орбан. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 83 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 8-июнга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жекшембиде республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +29…+31, Ош шаарында +30...+32 градуска көтөрүлөт.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Дели шаарында өткөн «Борбор Азия–Индия» диалогунун алкагында министрлердин жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМ билдирди. Маалыматка ылайык, жыйында сүйлөгөн Жээнбек Кулубаев негизги багыт катары өз ара байланыш, аймактык коопсуздук, ошондой эле технология жана өнүгүү тармактарындагы кызматташуу маселелерин белгиледи. Ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн өз ара байланышын, анын ичинде түз авиакаттамдарды ачуу жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу мындан ары тереңдетүүнүн орчундуулугун айтты. ошондой эле демилгелерди ишке ашыруу үчүн өлкөлөрдүн тиешелүү мекемелери ортосунда алака кылуучу механизмдерди иштеп чыгуу сунушталды. Япониянын Осака шаарында Кыргызстандын улуттук күндөрү белгиленүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара EXPO-2025 дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында өтүүдө. Анда кыргызстандык өнөр адамадары классикалык, элдик жана эстардалык жанрдагы концерттик программа тартуулашууда. Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Япониянын коргоо министринин орун басары жана Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сүйлөдү.“Классикалык балет чыграмаларынан үзүндүлөрдү Раманбек Бейшеналиев, Альбина Сатыналиева тартуулады. Эстрадалык бөлүктө ырчылар Азат Раимбердиев, Каныкей өнөрлөрүн тартуулашты", – деп айтылат маалыматта. Бишкекте кыргыз спортунун 100 жылдыгына арналган кунг-фу боюнча өлкө биринчилиги өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн. Ага өлкөнүн дубандарынан келген ар кандай курактагы спортчулар катышкан. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды. Евробиримдик алдыдагы 10 жылда Россия менен эптеп эле кагылышсам деп турат, бирок Венгрия бүлгүнгө учураткан куралдануу жарышын алдын алуу үчүн биримдик Москва менен экономикалык кызматташууга кайтышы керек деген пикирде. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан радиоэфирде билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, учурда Европа Украинаны пайдаланып Россия менен прокси-согуш жүргүзүп, РФ менен бир себеп таап тирешүүнү максат кылып алды. "Биз буга каршы позициядабыз: ок атууну эртерээк токтотуп, тынчтык орнотуу керек. Аймактык жана башка маселелерди жөнгө салуу шарт. Экономика багытында орустар менен эпке келип, россиялык рынокторго кайтууну, европа экономикасына Россия бере ала турган потенциалды пайдалануу жагын ойлонуштуруу зарыл. Россия менен коопсуздук тууралуу келишимди эртелетүү кажет", — деген Орбан. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 83 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 8-июнга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жекшембиде республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +29…+31, Ош шаарында +30...+32 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/07/1094481265_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_da9a247f33a90b29a8d4237ee1c7fe79.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио