00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Япониянын Осака шаарында Кыргызстандын улуттук күндөрү белгиленүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара EXPO-2025 дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында өтүүдө. Анда кыргызстандык өнөр адамадары классикалык, элдик жана эстардалык жанрдагы концерттик программа тартуулашууда.Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Япониянын коргоо министринин орун басары жана Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сүйлөдү. Концерт "Үркөр" ансамбли, "DBillions" тобу жана Эмил Ишен уулунун биргеликте аткарган "Чексиздик" аттуу чыгармасы менен башталып, "Манас" эпосунун "Чоң казат" бөлүмү да жаңырды. Ошондой эле Токтогул Сатылгановдун "Чайкама", "Токтогулдун кербези", Атай Огонбаевдин "Маш ботой" күүсү чертилип, япон тилинде да ырлар аткарылды. “Классикалык балет чыграмаларынан үзүндүлөрдү Раманбек Бейшеналиев, Альбина Сатыналиева тартуулады. Эстрадалык бөлүктө ырчылар Азат Раимбердиев, Бек Исраилов, Миңжашар Мурзаев, Айжан Нусувалиева жана Каныкей өнөрлөрүн тартуулашты", – деп айтылат маалыматта. Маданий иш-чара бүгүн, 7-июнда дагы уланат.
Кыргызстан менен Россия спутниктик байланыш тармагында кызматташууну макулдашышты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады.Билдирүүгө ылайык, Россиянын Нижний Новгород шаарында санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов Россиянын "Роскосмос" мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Дмитрий Баканов менен жолугушкан. Анда тараптар кызматташуунун келечеги, тажрыйба алмашуу, адистерди окутуу жана спутниктик байланыш технологияларын өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан. "Бул биз үчүн жаңы багыт. Биз “Роскосмос" сыяктуу алдыңкы уюмдар менен туруктуу кызматташууга кызыкдарбыз", — деген министр.
Нарын облусунда күчү 4,5 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Орто-Сырт айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Нарын шаарынан 78 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөө Орто-Сырт жана Кара-Булак айылдарында 4,5 баллга жеткен. Ал эми Кызыл-Туу, Казыбек, Кара-Булуң жана Ак-Бейит айылдарында 4 балл болгон.
Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу айтканы боюнча Бундестагдын төрагасына жана андагы беш фракциянын лидерлерине кайрылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Мерц АКШ президенти Дональд Трамп менен биргелешкен маалымат жыйында Европадагы согушту англо-америкалык аскерлер токтоткон деп, СССРдин чечүүчү ролун айткан эмес. Буга байланыштуу Володин Мерцти Бундестагга чакырып, Рейхстагдын дубалдарындагы жазуулар менен тааныштыруу керектигин белгилеген. "Жазуулар кимдин колу менен жана кайсы тилде жазылганын өз көзү менен көрсүн. Саясатчылардын көп нерсесин кечирсе болот, бирок нацизмди жеңүү үчүн өмүрүн бергендердин элесин тебелөөгө жол берилбейт", — деген Володин. Ошондой эле Володин Мерцти Украинанын бийлигин ачык колдогону үчүн сынга алды. Анын айтымында, Германиянын азыркы бийлиги кырдаалды курчутуп, Москва менен Берлинди тирешүүгө жеткире турган шартты түзүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0