КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинде бир катар документтерге кол коюлду. Тизме
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевДушанбедеги КМШ өкмөт башчыларынын кеңеши

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
Жазылуу
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн бири-биринин маданияты, каада-салты жана жаратылышына кызыгуусу өсүүдө. Бул багытта маселе уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Душанбеде өткөн жыйынында каралганын Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук билдирди.
Анын айтымында, тараптар оор машина куруу боюнча кооперацияны өнүктүрүү жөнүндө келишимге кол коюшту. Мындан сырткары, аба мейкиндигин биргелешип пайдалануу маселеси дагы каралган.
"Саламаттык сактоо тармагында телемедицинаны өнүктүрүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу демилгеси көтөрүлдү. КМШ өлкөлөрү Россиянын саламаттык сактоо системасына кызыгуу билдирип, ал жактагы оң тенденциялар менен тейлөө сапатына баа беришти", — деди Оверчук.
КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси:
Кеңештин кезектеги отурумун өткөрүү жөнүндө;
Оор машина куруу тармактарын өнүктүрүүдө кызматташуу тууралуу макулдашуу жөнүндө;
Жеңил өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө;
Аба кыймылын башкаруунун улуттук системаларын гармонизациялоо концепциясы жөнүндө;
Калктын ден соолугун коргоо жаатындагы кызматташтыгынын концепциясы жөнүндө;
1994-жылдын 9-декабрындагы Жумушчулар жашаган өлкөдөн тышкары жерде болгон өндүрүштүк кырсыктарды иликтөөнүн тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколу жөнүндө;
Ыктыярчылардын форуму жөнүндө;
2030-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө-мамлекеттердин аймактар аралык жана чек ара кызматташтыгынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
Куралдуу күчтөрдүн биргелешкен (бириккен) байланыш системасынын уюштуруу-техникалык түзүмүн түзүүнүн, куруунун жана иштешинин принциптери жөнүндөгү жобо тууралуу;
Мамлекеттик жана коомдук телерадиоберүү уюмдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндө жобо жаңы редакцияда;
2030-жылга чейин КМШнын Коргоо министрликтеринин радиациялык, химиялык жана биологиялык абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча бирдиктүү тутумун өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана иш-чаралары жөнүндө;
"Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде туризмди өнүктүрүү үчүн" төш белгисин белгилөө жөнүндө;
КМШнын Экономикалык сотунун судьяларынын реестрине киргизилген судьялардын ишин камсыз кылуунун тартиби жөнүндө;
2016-жылдын 16-сентябрындагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык соту жөнүндө КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 2017-жылдын 26-майындагы чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
Кадрларды дайындоо жөнүндө;
"Уран казып алуудан жапа чеккен мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо" мамлекеттер аралык максаттуу программа жөнүндө;
2025-жылы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги органдарынын ишин финансылык жактан камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө.