https://sputnik.kg/20250605/1094446284.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Беларуска картошка жеткире баштайт. Тиешелүү келишимге Минск шаарында өткөн бизнес-форумда кол коюлду. Экспортко сабиз, капуста, алма, цитрус... 05.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-05T18:59+0600
2025-06-05T18:59+0600
2025-06-05T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/05/1094446152_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ef0818f553a66844d3bf6e5606ee6d58.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Беларуска картошка жеткире баштайт. Тиешелүү келишимге Минск шаарында өткөн бизнес-форумда кол коюлду. Экспортко сабиз, капуста, алма, цитрус жемиштерин жана башка жашылчаларды да жөнөтүү каралган. Мындан тышкары, асыл тукум мал чарбасы жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлганы айтылды. Анда технологиялар менен алмашуу, асыл тукум программаларын биргелешип иштеп чыгуу жана малдын тукумунун сапатын жакшыртуу каралган.
Бишкектеги самокаттарды ижарага берүүгө тыюу салуу каралууда Демилгени Патрулдук милиция көтөргөнү шаардык кеңештин жыйынында маалым болду. Анда жеке менчиктеги самокаттарды колдонууга чектөө болбой турганын, бирок ижарага берүүгө тыюу салуу каралганы айтылды. Транспорт департаменти дагы самокаттардын ижарага берилишине тыюу салынышына макул экендигин анын өкүлү билдирди.
Эртең, 6-июнда айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдады. Анда белгиленгендей, айт намазы жума мечиттерде жана казыят тарабынан уруксат берилген мечиттерде окулат. Айт намазы саат 07:30да башталат. Кыргызстанда Курман айт майрамы 6-июнда белгиленет. Ишемби жана жекшемби күндөрдү кошкондо кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат.
Суу жаңжалдарга себеп болбошу керек. Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев Евразиялык географтар конгрессинде билдирди. Анын айтымында, дүйнө кайра түзүлүп жаткан заманда интеграциялык байланыштарды сактоо жана өнүктүрүү маанилүү."Көптөр келечекте суу чыр-чатактардын себеби болушу мүмкүн деп айтышууда. Биз, географ окумуштуулар, суу ресурстары жаңжалдын себеби болбошу керек, тескерисинче, ал бириктирүүчү фактор болушу мүмкүн деп эсептейбиз. Бишкекте өтүп жаткан биринчи конгресске чогулган коомдук географтар Евразия өлкөлөрү ортосундагы илимий байланыштарды калыбына келтирүү гана эмес, аларды кеңейтүү үчүн да болгон күч-аракетин жумшашат", — деди Чонтоев. Аталган иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Сербиядан келген окумуштуулар катышууда.
КМШ өлкөлөрүнүн бири-биринин маданияты, каада-салты жана жаратылышына кызыгуусу өсүүдө. Бул багытта маселе уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Душанбеде өткөн жыйынында каралганын Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук билдирди. Анын айтымында, тараптар оор машина куруу боюнча кооперацияны өнүктүрүү жөнүндө келишимге кол коюшту. Мындан сырткары, аба мейкиндигин биргелешип пайдалануу маселеси дагы каралган. "Саламаттык сактоо тармагында телемедицинаны өнүктүрүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу демилгеси көтөрүлдү. КМШ өлкөлөрү Россиянын саламаттык сактоо системасына кызыгуу билдирип, ал жактагы оң тенденциялар менен тейлөө сапатына баа беришти", — деди Оверчук.
Кыргызстан Беларуска картошка жеткире баштайт. Тиешелүү келишимге Минск шаарында өткөн бизнес-форумда кол коюлду. Экспортко сабиз, капуста, алма, цитрус жемиштерин жана башка жашылчаларды да жөнөтүү каралган. Мындан тышкары, асыл тукум мал чарбасы жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлганы айтылды. Анда технологиялар менен алмашуу, асыл тукум программаларын биргелешип иштеп чыгуу жана малдын тукумунун сапатын жакшыртуу каралган. Бишкектеги самокаттарды ижарага берүүгө тыюу салуу каралууда Демилгени Патрулдук милиция көтөргөнү шаардык кеңештин жыйынында маалым болду. Анда жеке менчиктеги самокаттарды колдонууга чектөө болбой турганын, бирок ижарага берүүгө тыюу салуу каралганы айтылды. Транспорт департаменти дагы самокаттардын ижарага берилишине тыюу салынышына макул экендигин анын өкүлү билдирди. Эртең, 6-июнда айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдады. Анда белгиленгендей, айт намазы жума мечиттерде жана казыят тарабынан уруксат берилген мечиттерде окулат. Айт намазы саат 07:30да башталат. Кыргызстанда Курман айт майрамы 6-июнда белгиленет. Ишемби жана жекшемби күндөрдү кошкондо кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат.Суу жаңжалдарга себеп болбошу керек. Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев Евразиялык географтар конгрессинде билдирди. Анын айтымында, дүйнө кайра түзүлүп жаткан заманда интеграциялык байланыштарды сактоо жана өнүктүрүү маанилүү."Көптөр келечекте суу чыр-чатактардын себеби болушу мүмкүн деп айтышууда. Биз, географ окумуштуулар, суу ресурстары жаңжалдын себеби болбошу керек, тескерисинче, ал бириктирүүчү фактор болушу мүмкүн деп эсептейбиз. Бишкекте өтүп жаткан биринчи конгресске чогулган коомдук географтар Евразия өлкөлөрү ортосундагы илимий байланыштарды калыбына келтирүү гана эмес, аларды кеңейтүү үчүн да болгон күч-аракетин жумшашат", — деди Чонтоев. Аталган иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Сербиядан келген окумуштуулар катышууда. КМШ өлкөлөрүнүн бири-биринин маданияты, каада-салты жана жаратылышына кызыгуусу өсүүдө. Бул багытта маселе уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Душанбеде өткөн жыйынында каралганын Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук билдирди. Анын айтымында, тараптар оор машина куруу боюнча кооперацияны өнүктүрүү жөнүндө келишимге кол коюшту. Мындан сырткары, аба мейкиндигин биргелешип пайдалануу маселеси дагы каралган. "Саламаттык сактоо тармагында телемедицинаны өнүктүрүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу демилгеси көтөрүлдү. КМШ өлкөлөрү Россиянын саламаттык сактоо системасына кызыгуу билдирип, ал жактагы оң тенденциялар менен тейлөө сапатына баа беришти", — деди Оверчук.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/05/1094446152_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1e0bb8498b996f2a93f5586aadc186de.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио