00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан менен Беларусия асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташат
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Душанбе шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Касымалиев учурдагы дүйнөлүк саясий жана экономикалык процесстер шериктештиктин аймагына таасирин тийгизип жатканын белгиледи. "Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аралар жөнүндө келишимдин, Кыргызстан — Тажикстан — Өзбекстан чек араларынын тогошкон чекити жөнүндө үч тараптуу келишимдин тарыхый маанисин белгилеп кетким келет. Бул документтер ишенимди жана коопсуздукту бекемдеп тим болбостон, Борбор Азия чөлкөмүнүн жана бүткүл шериктештиктин кызматташуусу, социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жаңы багыттарды ачат", — деди Касымалиев. КМШ өкмөт башчылары өткөн жылдын соңунда КМШга мүчө өлкөлөрдүн ИДПсы 4,4 пайызды түзүп, жалпы көлөм өскөнүн белгилешти. Ал эми Кыргызстан менен КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээли өткөн жылы 10 пайызга өсүп, жалпы соода жүгүртүүнүн 37,4 пайызын, анын ичинде экспорт 48,2%ды, импорт 34%ды түзгөнү айтылды.
Күрүчтүн кирешелүүлүгүн эске алганда, сугат суунун баасы кымбат деле эмес. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ведомство дыйкандар аталган өсүмдүктү суугарууга жылына 7 миң сом төлөшөрүн, бул жарым кап күрүчтүн баасы экенин белгилеген. "Бир гектар күрүчтү өстүрүүгө дыйкандар 100 миң сомдон ашык чыгым болушат (жердин ижара акысын кошкондо). Орточо эсеп менен бир гектардан 38-45 центнер шалы алынып, андан 2,5-3,5 тонна күрүч даярдалат. Күрүчтүн килограммы 200-250 сомдон сатылса, бир гектардан 600-700 миң сом киреше түшөт. Чыгымдарды эсепке алганда, дыйкан гектарынан 400-500 миң сом пайда табат. Бир мүшөк күрүчтүн баасы 12,5 миң сом болсо, анын жарымы сугат суунун акысына жумшалат", — деп айтылган министрликтин маалыматында. Ошондой эле соңку 30 жылда күрүч айдоо беш эсе көбөйгөнү, дыйкандарга сууну үнөмдүү пайдалануу зарылдыгы жаралганы кошумчаланды. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары күрүчкө сугат суунун баасы көтөрүлүп жатканы боюнча маселе көтөрүшкөн.
Ош шаарында 30-май күнү алгачкы ирет бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу билдирүүнү Ош мамлекеттик университети соцтармактагы баракчасына жарыялады.Маалыматка караганда, 38 жаштагы аял жаштайынан бөйрөк оорусу менен күрөшүп келген. Бейтапка операцияны ОшМУнун тажрыбайлуу дарыгери Бексултан Сейитбек уулу жана Россиядан чакыртылган хирург-трансплантолог Игорь Милосердов жетектеген команда жасаган. Аялга анын бир тууган иниси донор болуп, бир бөйрөгүн берген. Учурда экөөнүн тең абалы туруктуу экени айтылды.
Вашингтон Киевге делген абадан коргогон ракеталык системаларга колдонулуучу жардыргычтарды АКШнын Жакынкы Чыгыштагы армиясына жөнөтмөй болду. Бул тууралуу Wall Street Journal жазды. "Өткөн жумада Пентагон эч жакка жар салбай эле Украина россиялык дрондорду жок кылууга пайдаланып келген ракеталардын жардыргычтары АКШнын Жакынкы Чыгыштагы армиясына багытталарын Конгресске кабарлады", — деп айтылат басылмада. Ага чейин Пентагон Сенаттын куралдуу күчтөрү боюнча комитетин жардыргычтарга муктаждык күчөп жатканы боюнча маалымдар кылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0