00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Көчмөндөрдүн дүйнөсү: VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жаңы багыты, даярдыктар
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Зачем Кыргызстану кодекс о мореплавании, если у страны нет моря
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Илим жана инновация: Кыргызстанда ойлоп табуулардын саны өсүүдөбү?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
13:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Талант Эралиев о планах центра кардиологии в 2026 году
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда балдардын 9 пайызга жакыны ашыкча салмактан жапа чегет. Балдардын ден соолугуна кантип кам көрсөк болот?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Столичные дороги: что будут ремонтировать и где ждать пробок
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Ажырашууга бир кадам калганда… «Берекем» тасмасы сүйүүнүн чыныгы баасын көрсөтөт
19:06
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Почему при росте экономики бизнес всё ещё чувствует риски - беседа с главой МДС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу ички иштер министрин жана шаар мэрин скутерлер менен мопеддердин башаламан колдонулушун көзөмөлгө алууга чакырды. Ал шаар тургундарынан, өзгөчө айдоочулардан техниканын бул түрүнө байланыштуу көптөгөн даттануулар түшүп жатканын белгиледи. Төраганын айтымында, скутерлер жана мопеддер жолдордо авариялык кырдаалдарды жаратып, башка унааларга тоскоолдук кылууда. Алар катуу ылдамдыкта айдалгандыктан түнкү убакта шаардыктардын тынчын бузуп, ал тургай адам өлүмүнө алып келген окуялар катталып келет. Төрага маселени чечүү үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылды.
Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Валерий Пикалёв бүгүн ЕАЭБдин Бажы кызматтарынын биргелешкен кеңешинин 50-отурумунун жүрүшүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн бажы органдарынын кызматташуусу тууралуу айтып берди. "Биз бири-бирибизди угууга, түшүнүүгө, кандайдыр бир компромисстик чечимдерди табууга үйрөндүк. Бул убакыт аралыгында ар бир мамлекет жана бүтүндөй Биримдик үчүн миңден ашык маанилүү чечимдер кабыл алынды", — деди Пикалёв. Ал ЕАЭБдин Бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясы заманбап интеграциялык талаптарга жооп берген эффективдүү бирикме экенин белгиледи. Федералдык бажы кызматынын жетекчиси уюмдун алкагында бардык кызматтардын туруктуу өнүгүшүн, аларды комплекстүү модернизациялоо жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле 49 жыйында эле миңден ашык чечим кабыл алынганын, анын бардыгы интеграциялык бирикменин алкагында бажылык жөнгө салууну унификациялоого, координациялоого жана өркүндөтүүгө багытталганын кошумчалады.
Эл аралык донорлор менен биргеликте Кыргызстанда 226 калктуу пунктта жарандарды таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Ысык-Көл районундагы Григорьевка айылында жаңы суу түтүктөрүнүн ачылыш аземинде суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Маалыматка ылайык, Бакыт Төрөбаев иш-чарага катышып, долбоордун айыл калкынын жашоо сапатын жогорулатуу жана аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.Министрлик 1716 кожолукта жашаган 6012 тургун ичүүчү таза суу менен туруктуу камсыз болгонун, ошондой эле, 331 көзөмөлдөөчү кудук жана 1 128 суу эсептегич орнотулганын кошумчалады.
Түп районунда мыйзамсыз балык уулагандар аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден кабарлашты. Милиция Күрмөнтү айылындагы төрт жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүп, 80ге чукул балык уулаган тор, 2 моторлуу кайык, мылтык, ок-дары, капкан, балык, икра, эликтин мүйүзү жана башка шаймандар табылган. Бул буюмдардын баары далил катары алынып, экспертизалар дайындалганы кошумчаланды. Президент Садыр Жапаров 2023-жылы ӨКМге көлдүн түбүн тазалоону тапшырган. Ошондон бери суучулдар көлдөн таштанды, балыктын торлорун алып чыгып жатканын айтып келишет. Бирок өлкө башчы жакында көлдү күтүүсүз текшерип, абал жакшырбагандыктан ИИМ менен УКМК башчысын тилдегенин Камчыбек Ташиев айткан. Мындан улам УКМК төрагасы укук коргоо органдарынын жоопкерчилиги күчөтүлөрүн эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0