Бишкектин түштүк тарабында Sky Park Baytik паркы ачылды. Сүрөттөр
Бишкектин түштүк тарабында Sky Park Baytik паркы ачылды. Сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкектин түштүгүндө Sky Park Baytik оюн-зоок паркы ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 01.06.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкектин түштүгүндө Sky Park Baytik оюн-зоок паркы ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.Ага министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев катышып, балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.Андан соң өкмөт башчы парктын аймагын көрүп чыгып, президенттин атынан балдарга белектерди таратты.Долбоорго 1 миллиард сом инвестиция тартылып, 200 иш орду түзүлгөн. 4,5 гектар аянтта 17 аттракцион, балдар аквапаркы, кичинекей балдар аянты (10 жашка чейинки балдар үчүн), батут аянты жана VR-аймагы (виртуалдык реалдуулук) бар. Келечекте парктын аймагында амфитеатр, музейлер, көргөзмө залдары, фестивалдар жана концерттер үчүн ачык асман алдындагы сахналар курулары белгиленди.
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев парктын аймагын көрүп чыгып, президенттин атынан балдарга белектерди таратты
“Балдарды коргоо күнү — жөн гана дата эмес. Ар бир бала — биздин кубанычыбыз, үмүтүбүз, келечегибиз. Биз аларга бактылуу балалык, башына жарык асман, өсүп-өнүгүшүнө татыктуу шарттарды түзүп берүүгө милдеттүүбүз”, — деди Касымалиев.
Андан соң өкмөт башчы парктын аймагын көрүп чыгып, президенттин атынан балдарга белектерди таратты.
Долбоорго 1 миллиард сом инвестиция тартылып, 200 иш орду түзүлгөн. 4,5 гектар аянтта 17 аттракцион, балдар аквапаркы, кичинекей балдар аянты (10 жашка чейинки балдар үчүн), батут аянты жана VR-аймагы (виртуалдык реалдуулук) бар. Келечекте парктын аймагында амфитеатр, музейлер, көргөзмө залдары, фестивалдар жана концерттер үчүн ачык асман алдындагы сахналар курулары белгиленди.