https://sputnik.kg/20250530/1094306740.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Борбор Азия — Италия самитине катышуу үчүн Казакстанга барганын маалымат кызматы кабарлады.Өлкө башчыны Астананын аэропортунан коңшу... 30.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-30T17:00+0600
2025-05-30T17:00+0600
2025-05-30T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/1e/1094306608_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f64b2b2bf32d396f214eaf76d3c5c152.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Борбор Азия — Италия самитине катышуу үчүн Казакстанга барганын маалымат кызматы кабарлады.Өлкө башчыны Астананын аэропортунан коңшу мамлекеттин премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алган. Саммитке Борбор Азиянын мамлекет башчылары, Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы Жоржа Мелони катышат.
Реновациянын алкагында 100 батир жайгашкан жерге учурдагы технологиялар менен 1000 батир курса болот. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди. Министр депутаттардын суроосуна жооп берип жатып маселе татаал экенин, иштер акырындык менен жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, реновация боюнча мыйзам быйыл Жогорку Кеңешке киргизилет. Министр реновациянын зарылдыгын жердин жетишсиздиги жана эскилиги жеткен имараттар менен түшүндүрдү. "Совет доорунда курулган, 50-60 жыл мурдагы үйлөрдүн көбү авариялык абалга келип, кооптуу болуп калган. Жарандарды заманбап, коопсуз турак жай менен камсыз кылуу — мамлекеттин милдети. Азыркы технологиялар менен мурда 100 батир жайгашкан жерге эми 1000 батир курууга болот", — деди Орунтаев.Депутат Карим Ханджеза жарандардын үй-жайынан ажырап же өз аймактарынан куулуп чыгуусунан кооптонуп жатканын айтты. Министр эч ким күч менен көчүрүлбөй турганын, баш тарткандар эски үйлөрүндө жашай берсе болорун айтты. Ал эми реновацияга макул болгондорго, мисалы, 20 чарчы метр батирдин ордуна 25-30 чарчы метр жаңы батир берилерин түшүндүрдү. Ошентсе да тараптардын макулдашуусу жок эч кандай иш-аракет жасалбай турганы айтылды.
Кыргызстанда 31-майда "Жаштарды тамеки индустриясынын манипуляциясынан коргоо" урааны менен Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күн белгиленет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.Ал 35 жаштан 59 жашка чейинки эркектердин 28 пайызы тамекинин кесепетинен каза болорун айтты. Алсак: рактан каза болгондордун 92 пайызы тамеки чеккен; өпкөнүн өнөкөт ооруларынан каза болгондордун 71 пайызы чылым тарткан; башка себептерден каза тапкан эркектердин 10 пайызы тамеки чеккен. Исмаилова Бишкекте окуучулардын арасында тамеки, кальян чеккендердин көбөйгөнүнө тынчсызданган. Анын айтымында, 13-15 жаштагы өспүрүмдөрдүн 21 пайызы жок дегенде бир жолу кальян тартып көргөн. Тамеки менен күрөшүүдө анын салыгын бир долларга жеткирүү натыйжа берерине үмүт артылары белгиленди. Бул күрөш эрте көз жумгандардын санын азайтууга багытталган.
Украинанын Евробиримдикке тездетилген тартипте кабыл алынышы "чыгыш фронтун" шарттай турганын, ушундан улам Венгрия Киевдин биримдикке кирүүсүнө каршы экенин өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан конференцияда сүйлөп жатып билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Орбан Венргиянын Евробиримдикти өзгөртүү боюнча өзүнүн "патриоттук планы" бар экенин, ал аскердик чыгымды көбөйтүүгө жана Брюсселдин мүчө мамлекеттерге жасаган көзөмөлүн күчөтүүгө ыктаган либералдык планга каршы келерин белгиледи.Премьердин айтымында, венгр өкмөтү жана башка консервативдүү европалык ишмерлер да Европаны мыйзамсыз миграциядан коргоп, коомдук коопсуздукту жана салттуу христиандык баалуулуктарды бекемдөөгө кызыкдар. Орбан бул планды ишке ашыруу үчүн шайлоодо консервативдүү саясатчылар жеңишке жетиши керектигине токтолгон.
Президент Садыр Жапаров Борбор Азия — Италия самитине катышуу үчүн Казакстанга барганын маалымат кызматы кабарлады.Өлкө башчыны Астананын аэропортунан коңшу мамлекеттин премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алган. Саммитке Борбор Азиянын мамлекет башчылары, Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы Жоржа Мелони катышат.Реновациянын алкагында 100 батир жайгашкан жерге учурдагы технологиялар менен 1000 батир курса болот. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди. Министр депутаттардын суроосуна жооп берип жатып маселе татаал экенин, иштер акырындык менен жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, реновация боюнча мыйзам быйыл Жогорку Кеңешке киргизилет. Министр реновациянын зарылдыгын жердин жетишсиздиги жана эскилиги жеткен имараттар менен түшүндүрдү. "Совет доорунда курулган, 50-60 жыл мурдагы үйлөрдүн көбү авариялык абалга келип, кооптуу болуп калган. Жарандарды заманбап, коопсуз турак жай менен камсыз кылуу — мамлекеттин милдети. Азыркы технологиялар менен мурда 100 батир жайгашкан жерге эми 1000 батир курууга болот", — деди Орунтаев.Депутат Карим Ханджеза жарандардын үй-жайынан ажырап же өз аймактарынан куулуп чыгуусунан кооптонуп жатканын айтты. Министр эч ким күч менен көчүрүлбөй турганын, баш тарткандар эски үйлөрүндө жашай берсе болорун айтты. Ал эми реновацияга макул болгондорго, мисалы, 20 чарчы метр батирдин ордуна 25-30 чарчы метр жаңы батир берилерин түшүндүрдү. Ошентсе да тараптардын макулдашуусу жок эч кандай иш-аракет жасалбай турганы айтылды.Кыргызстанда 31-майда "Жаштарды тамеки индустриясынын манипуляциясынан коргоо" урааны менен Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күн белгиленет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.Ал 35 жаштан 59 жашка чейинки эркектердин 28 пайызы тамекинин кесепетинен каза болорун айтты. Алсак: рактан каза болгондордун 92 пайызы тамеки чеккен; өпкөнүн өнөкөт ооруларынан каза болгондордун 71 пайызы чылым тарткан; башка себептерден каза тапкан эркектердин 10 пайызы тамеки чеккен. Исмаилова Бишкекте окуучулардын арасында тамеки, кальян чеккендердин көбөйгөнүнө тынчсызданган. Анын айтымында, 13-15 жаштагы өспүрүмдөрдүн 21 пайызы жок дегенде бир жолу кальян тартып көргөн. Тамеки менен күрөшүүдө анын салыгын бир долларга жеткирүү натыйжа берерине үмүт артылары белгиленди. Бул күрөш эрте көз жумгандардын санын азайтууга багытталган. Украинанын Евробиримдикке тездетилген тартипте кабыл алынышы "чыгыш фронтун" шарттай турганын, ушундан улам Венгрия Киевдин биримдикке кирүүсүнө каршы экенин өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан конференцияда сүйлөп жатып билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Орбан Венргиянын Евробиримдикти өзгөртүү боюнча өзүнүн "патриоттук планы" бар экенин, ал аскердик чыгымды көбөйтүүгө жана Брюсселдин мүчө мамлекеттерге жасаган көзөмөлүн күчөтүүгө ыктаган либералдык планга каршы келерин белгиледи.Премьердин айтымында, венгр өкмөтү жана башка консервативдүү европалык ишмерлер да Европаны мыйзамсыз миграциядан коргоп, коомдук коопсуздукту жана салттуу христиандык баалуулуктарды бекемдөөгө кызыкдар. Орбан бул планды ишке ашыруу үчүн шайлоодо консервативдүү саясатчылар жеңишке жетиши керектигине токтолгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/1e/1094306608_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_12fb9cb4be052d7e0fc574103b862aae.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио