00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Киноблог
Продюсер — второй режиссёр? Кто делает авторское кино доступным зрителю
14:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Милиция кызматкеринен атайын даярдык менен кошо адамгерчилик да талап кылынат - Жүрөк жылыткан иши менен коомго таанылган Жакшылык Нурланбеков менен маек
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
“Качан турмушка чыгасың?” тасмасы — жалган мамиледен чыныгы сүйүүгө кеткен жол
17:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:06
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров 30-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен «Борбор Азия-Италия» биринчи саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Астана шаарына барат. «Саммиттин темасы «Жалпы горизонттор. Глобалдык туруктуулук үчүн Борбор Азия менен Италиянын диалогу» деп аталат. Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт. Саммитке Борбор Азиянын мамлекет башчылары, ошондой эле Италиянын министрлер кеңешинин төрайымынын катышуусу күтүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы Фрунзе заводунун аймагына барып, ал жакта бизнес кылган ишкерлер менен жолукту Мекемеден кабарлашкандай, СССР тарагандан кийин заводдун имараты сатылып, 61,2 гектар аянты талкаланып, менчикке өтүп кеткен. Азыр заводдун аймагында тиричилик химиясы, металл конструкциялары, типография, тигүү цехтери, пластикти кайра иштеткен, курулуш материалдарын өндүргөн 200гө жакын субъект иш алып барат. 2023-жылы УКМК заводдун жерлерин мыйзамсыз жоюу жана менчикке чыгаруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда соттук иштер жүрүүдө. Буга байланыштуу ишкерлер Ташиевди заводго чакырып, өздөрү өндүргөн товарлардын жарманкесин уюштуруп, түзүлгөн кырдаалды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүшкөн. УКМК төрагасы ишкердик субъектилерди колдоо, аларды криминалдык түзүмдөрдөн коргоо зарыл экенин билдирип, заводдун аймагы боюнча доо арыздарды сот органдары объективдүү карашы керектигин белгилеген.
Чек аралар 50 чакырымды көрсөткөн камералар жана дрондордун жардамы менен кайтарылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын инженердик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, полковник Сапарбек Токтосунов билдирди. Анын айтымында, учурда камералар Чүй менен Баткенде сыналууда, жакында апараттар өлкөнүн бардык чек ара тилкелерине орнотулат. "Быйыл Чек ара кызматына 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп, тез арада атайын зымдарды тартуу тапшырмасы коюлду. Учурда 3D торлор, тоолуу жерлер тикенек зым менен тосулууда", — деди Токтосунов. Мындан тышкары, чек араны асмандан көзөмөлдөөгө дрондор колдонулуп жатканы айтылды.
Россиянын президенти Владимир Путин Евразия экономикалык биримдигинин күнү менен Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Армениянын лидерлерин куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады. Ал куттуктоосунда ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстер динамикалуу жана натыйжалуу өнүгүп жатканын белгиледи. "Жалпы рынок түзүлүп, товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүшү камсыздалды. Мындан тышкары, укуктук жөнгө салуу системалары шайкеш келтирилип, ири экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда", — деп айтылат куттуктоодо. Путин бул багыттагы кызматташтык мындан ары да тереңдеп, Евразия чөлкөмүндөгү тынчтык жана элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары дагы ар тараптуу, конструктивдүү кызматташуу бекемдейт деп ишенерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0