00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
48 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Криптовалюты падают: паника или закономерность рынка? Объясняет эксперт
12:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл айдоо аянты көбөйтүлдү — өлкөдө жазгы талаа иштерине даярдык кандай?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что такое рейтинг дружественности и зачем его считают - беседа с ученым
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
Горы как школа жизни: разговор с президентом Федерации спортивного туризма Кыргызстана
20:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бюджеттик тармактын айрым кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 28-майда кол койгон. Ага ылайык, маданият, маалымат, спорт, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана билим берүү тармагында эмгектенген кенже жана техникалык кызматкерлердин айлыгы 20 пайызга көтөрүлөт. Бул айлыгы жогору кызмат орундарына тиешелүү эмес. Мындан сырткары, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кенже тейлөөчү кызматкерлердин коэффициенти дагы 20 пайызга чейин көтөрүлөт. Ошол эле деңгээл Куралдуу күчтөрдө, башка аскер түзүмдөрүнүн жалданма жана жарандык персоналы үчүн колдонулат. 1-июлдан баштап мамлекеттик кызматкер макамына ээ болбогон кээ бир категориядагы кызматкерлердин да коэффициенттери теңдештирилет. Ал эми 2026-жылы ушул категориядагы кызматкерлердин эмгек акысы 50 пайызга чейин жогорулайт.
Чек аралар 50 чакырымды көрсөткөн камералар жана дрондордун жардамы менен кайтарылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын инженердик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, полковник Сапарбек Токтосунов билдирди. Анын айтымында, учурда камералар Чүй менен Баткенде сыналууда, жакында апараттар өлкөнүн бардык чек ара тилкелерине орнотулат. "Быйыл Чек ара кызматына 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп, тез арада атайын зымдарды тартуу тапшырмасы коюлду. Учурда 3D торлор, тоолуу жерлер тикенек зым менен тосулууда", — деди Токтосунов. Мындан тышкары, чек араны асмандан көзөмөлдөөгө дрондор колдонулуп жатканы айтылды.
Саламаттык сактоо министрлиги былтыр ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган бөбөк катталганын тастыктады. Окуя тууралуу кечээ депутат Элдар Абакиров ЖК жыйынында айткан соң маалым болгон. Бул боюнча 12 адистен турган комиссия түзүлүп, министрлик төмөнкүлөрдү билдирди: бала 2020-жылы күйүк алып, дарыгерлерге кайрылган. Андан кийин 4,5 жылдан бери ар кайсы ооруканаларга кайрылып келген. ВИЧ инфекциясын жуктуруп алганы 2024-жылы аныкталган; медициналык документтер, бала барган ооруканаларда колдонулган каражаттар текшерилген. Бөбөк менен байланышта болгон 600 адам текшерилип, ВИЧ эч кимден чыккан эмес; комиссия ВИЧ-инфекция бөбөккө ийне сайган маалда дагы жугуп калышы мүмкүн деген божомолду койду. Ал учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат, абалы канааттандырарлык.
АКШнын президенти Дональд Трамп Украина боюнча макулдашуу аракеттерин бекерге кетирип албоо үчүн Россияга карата санкцияларды киргизбей тургандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Келишимге аз калды деп эсептеп тургандыгымдан улам буга чейинкилерди жокко чыгаргым келбейт. Ишенсеңер, мен силер айтып жаткан адамдардан алда канча катаалмын", — деген Трамп журналисттер менен сүйлөшүп жатып. Ак үй башчысы, андан сырткары, зарылчылыгы болсо Россия лидери Владимир Путин жана Владимир Зеленский менен жолугушууга даяр экендигин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0