00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Стимул
Милиция кызматкеринен атайын даярдык менен кошо адамгерчилик да талап кылынат - Жүрөк жылыткан иши менен коомго таанылган Жакшылык Нурланбеков менен маек
15:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Стоп-кадр
“Качан турмушка чыгасың?” тасмасы — жалган мамиледен чыныгы сүйүүгө кеткен жол
17:11
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:07
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаковдун сунушу менен министрлер кабинетинин тоолуу аймактар тууралуу токтому күн тартибинен алынды. Эл өкүлдөрү министрлер кабинетинин "Тоолуу аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтом долбооруна макулдук бериши керек болчу. Бирок Өмүрзаков долбоор чийки экенин, депутаттардын мурда айтылган эскертүүлөрү эске алынбаганын айтып чыкты. "Алайкуу өрөөнүндөгү Ой-Тал айылына барып көрүшсүн. Деңиз деңгээлинен 1746 метр деп жатышат. 10 метр нары чыгышса, 1800 метр болот. Кара-Кулжа районунун Кара-Жыгач айылын тоолуу аймактардын тизмесине кошушса, жанындагы Насирдин айылын кошпой коюшкан. Бул маселелерди эки жыл мурда көтөргөнбүз. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго да айтканбыз. 10 күн мурун минкаб башчысына кат жазгам. Алар начар иштеп, бүгүн эски отчет менен келишти", — деди ал. Натыйжада Өмүрзаковдун сунушу менен токтом долбоору күн тартибинен алынып, бир жумадан кийин карала турган болду. Буга чейин "тоолуу аймактар 2000 метрден башталат" деген норма 1800 метрге өзгөртүлгөн. Бирок мыйзам кабыл алынгандан кийин 2000 метр бойдон калып калгандыктан депутаттар комиссия түзгөн.
Бүгүн Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны өттү. Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетовдун төрагалыгы алдында болду. Ага уюмдун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов жана ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков катышты. Министрлер уюмдун аймагындагы аскердик-саясий абалды талкуулашкан. Мындан тышкары, ЖККУ аскерлерин башкарууну өркүндөтүүгө багытталган документтер каралды. Жыйындын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине таазим кылып, Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту. Соңунда министрлерди президент Садыр Жапаров кабыл алды.
Министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан сырткары жыгач жана жыгач материалдарын ташып чыгууга убактылуу алты айлык тыюу салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тыюу токтом жарыялангандан үч күндөн кийин күчүнө кирет. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Ош шаарынын мурдагы мэри коррупцияга айыпталып кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, 65 жаштагы И.Ж. мамлекеттик мүлктү жеке колдорго берип жиберген. Өкмөттүн токтому менен Масалиев проспектиндеги бала бакчанын имараты атайын багыттагы объект катары ИИМдин ички аскерлеринин балансына өткөрүп берилген. Чечимге ылайык, мүлк мамлекеттик кызыкчылыкта гана колдонулмак. Бирок мыйзам бузуу менен Ош шаарынын мэри И.Ж. тарабынан мыйзамсыз токтомдор чыгарылып, жер тилке коммерциялык объект куруу үчүн жеке колго өтүп, кийин мейманкана курулган", — деп айтылат маалыматта. Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 72 миллион сом деп бааланып, толугу менен кайтарылганы айтылды. Ал эми мейманкана жер тилкеси менен мамлекеттин менчигине өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0