https://sputnik.kg/20250528/1094248747.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Кыргызстандын чек арасын коргоп жатып курман болгон жоокерлерге арнап коюлган... 28.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-28T15:00+0600
2025-05-28T15:00+0600
2025-05-28T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/1c/1094248615_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6f489445a1c40867a368f61123ad45e5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Кыргызстандын чек арасын коргоп жатып курман болгон жоокерлерге арнап коюлган эстеликти ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.Иш чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка расмий адамдар катышкан. Президент өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгондордун элесине арналып тургузулган мемориалга гүл койду. Мындан кийин чогулгандар Куран окушту. Соңунда мамлекет башчы баатырлардын туугандары менен баарлашып, алардын эрдиги кыргыз элинин эсинде түбөлүккө каларын белгиледи.
Министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан сырткары жыгач жана жыгач материалдарын ташып чыгууга убактылуу алты айлык тыюу салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тыюу токтом жарыялангандан үч күндөн кийин күчүнө кирет. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин кийинки жыйыны да Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Коргоо министри Руслан Мукамбетов билдирди. Коргоо министрлигинин башчысы документтерге кол коюуга өтүүдөн мурун ЖККУнун Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги жыйынынын убактысын жана ордун макулдашуу керектигин белгиледи. Министр Мукамбетов кийинки жыйынды 2025-жылдын төртүнчү кварталында Бишкек шаарында өткөрүүнү сунуштап, кесиптештери колдоп беришкени кошумчаланды.
Ош облусунун Өзгөн районунда классташтардын мектепти бүткөндөн 20 жыл өткөндөн кийинки жолугушуусуна катышкан келин ок жеп көз жумган. Бул маалыматты ИИМ тастыктады. Жүрөк үшүткөн окуя Кара-Кулжа районунда болгон. Ишенимдүү булактар кара-кулжалык келин айылына, Өзгөнгө 20 жылдыкка барып келгенден кийин жолдошу кызганычтан атып салганын айтышкан. 40 жаштагы шектүү кармалган. Милиция буга чейин аялды күйөөсү атка сүйрөтүп өлтүрдү деп айтылып жаткан маалыматты четке какты. Классташтарынын айтымында, келин иш-чарага жолдошу менен келип, салтанаттын башталышына эле катышып кеткен. Жолдошу кызганчаак экени дароо эле билингенин, маркум классташ кыздары менен эле сүрөткө түшкөнүн айткан.
АКШнын президенти Дональд Трамптын айткандары, кылгандары Кытай жана Россия менен биргеликте дүйнөдө таасирин арттырууга аракеттенип жаткандай ойго түртөт. Бул туурасында New York басылмасы жазды. "Өткөн жумада Ак үй башчысы Россия менен сооданы жөнгө салууга ниеттенип жатканын билдирген. Кыязы, ал Россия жана Кытай менен байланышкан масштабдуу ишти айтты окшойт. Бул ири келишим болмокчу", — деп айтылат макалада. Ошондой эле, Трамптын кадамдары жана анын элдин алдында жасаган билдирүүлөрү дүйнөлүк жаңы системаны түзүү боюнча каалоосун көрсөтүп турат. Бул үч державанын ар бири планетадагы өзүнүн бөлүгүндө артыкчылык кылышы, үстөмдүк жасап турушу керек деген нерсени кыйытат. Мындан мурдараак Россия ТИМ башчысы Сергей Лавров Россия көп уюлдуу дүйнөнүн калыптанышын "эң маанилүү жана негизги багыт" катары эсептээрин билдирген.
Президент Садыр Жапаров "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Кыргызстандын чек арасын коргоп жатып курман болгон жоокерлерге арнап коюлган эстеликти ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.Иш чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка расмий адамдар катышкан. Президент өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгондордун элесине арналып тургузулган мемориалга гүл койду. Мындан кийин чогулгандар Куран окушту. Соңунда мамлекет башчы баатырлардын туугандары менен баарлашып, алардын эрдиги кыргыз элинин эсинде түбөлүккө каларын белгиледи.Министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан сырткары жыгач жана жыгач материалдарын ташып чыгууга убактылуу алты айлык тыюу салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тыюу токтом жарыялангандан үч күндөн кийин күчүнө кирет. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин кийинки жыйыны да Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Коргоо министри Руслан Мукамбетов билдирди. Коргоо министрлигинин башчысы документтерге кол коюуга өтүүдөн мурун ЖККУнун Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги жыйынынын убактысын жана ордун макулдашуу керектигин белгиледи. Министр Мукамбетов кийинки жыйынды 2025-жылдын төртүнчү кварталында Бишкек шаарында өткөрүүнү сунуштап, кесиптештери колдоп беришкени кошумчаланды. Ош облусунун Өзгөн районунда классташтардын мектепти бүткөндөн 20 жыл өткөндөн кийинки жолугушуусуна катышкан келин ок жеп көз жумган. Бул маалыматты ИИМ тастыктады. Жүрөк үшүткөн окуя Кара-Кулжа районунда болгон. Ишенимдүү булактар кара-кулжалык келин айылына, Өзгөнгө 20 жылдыкка барып келгенден кийин жолдошу кызганычтан атып салганын айтышкан. 40 жаштагы шектүү кармалган. Милиция буга чейин аялды күйөөсү атка сүйрөтүп өлтүрдү деп айтылып жаткан маалыматты четке какты. Классташтарынын айтымында, келин иш-чарага жолдошу менен келип, салтанаттын башталышына эле катышып кеткен. Жолдошу кызганчаак экени дароо эле билингенин, маркум классташ кыздары менен эле сүрөткө түшкөнүн айткан.АКШнын президенти Дональд Трамптын айткандары, кылгандары Кытай жана Россия менен биргеликте дүйнөдө таасирин арттырууга аракеттенип жаткандай ойго түртөт. Бул туурасында New York басылмасы жазды. "Өткөн жумада Ак үй башчысы Россия менен сооданы жөнгө салууга ниеттенип жатканын билдирген. Кыязы, ал Россия жана Кытай менен байланышкан масштабдуу ишти айтты окшойт. Бул ири келишим болмокчу", — деп айтылат макалада. Ошондой эле, Трамптын кадамдары жана анын элдин алдында жасаган билдирүүлөрү дүйнөлүк жаңы системаны түзүү боюнча каалоосун көрсөтүп турат. Бул үч державанын ар бири планетадагы өзүнүн бөлүгүндө артыкчылык кылышы, үстөмдүк жасап турушу керек деген нерсени кыйытат. Мындан мурдараак Россия ТИМ башчысы Сергей Лавров Россия көп уюлдуу дүйнөнүн калыптанышын "эң маанилүү жана негизги багыт" катары эсептээрин билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/1c/1094248615_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_05260b314fa5c26af3014ce1de235918.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио