00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
От Шелкового пути до критических минералов: почему Центральная Азия важна миру
14:08
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Мектептеги буллинг жана окуучулардын мушташтан каза болушун кантип алдын алуу керек?
15:08
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не только кочевники и набеги: какой была система управления Золотой Орды
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Картаюу аялдардын фобиясыбы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как остановить рост цен: ставка на свое производство, склады и логистику
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп кадр
Ар бир муун өз жазасын төлөйт: "Каргыш" мистикалык этно-хорор жарыкка чыкты
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Без SWIFT и карт «Мир»: как строится новая архитектура расчетов внутри ЕАЭС и ШОС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
11 мин
Ачык кеп
Мектептеги буллинг жана окуучулардын мушташтан каза болушун кантип алдын алуу керек?
21:12
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Министрлер кабинети белгилүү шарттарда кызматкерлердин эмгек акысын накталай төлөөгө уруксат берди. Токтом “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды. Чечим Эмгек кодексинин 91-беренесине ылайык кабыл алынып, банктын инфраструктурасы жетпеген жерлерде жана айрым өзгөчө кырдаалдарда акчалай эсептешүүгө шарт түзөт. Накталай айлыкка уруксат берилчү учурлар: банк кызматтары жок жерде иштеген кызматкерлерге; сезондук талаа жумушчуларына; эгер ишкананын эсебине камак салынса; турак жай шериктштиктеринин кызматкерлерине (2026-жылга чейин); айыл чарба кооперативдеринде иштегендерге. Ошол эле учурда иш берүүчүлөр салыкты жана жумушчулардын эмгек укуктарына байланыштуу милдеттерди аткарууну улантууга тийиш.
Кыргызстан менен Россия ЕАЭБ алкагында кесиптик квалификацияларды таанууну талкуулоодо. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору билдиришти. Маалыматка ылайык, өткөн аптада Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү жана Россиянын Квалификацияларды өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин жетекчилиги жолугушкан."Эксперттер Кыргызстандын эмгек рыногун, иш нормаларын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын квалификациясын өз ара таануу иштерин талкуулады", — деп айтылат маалыматта. Жолугушуунун максаты кесиптик квалификацияларды өз ара таануу аркылуу ЕАЭБ аймагындагы эмгек миграциясын жөнгө салуу жана адистердин квалификациясын таанууну жеңилдетүү экени айтылды.
Муниципалдык унаа токтотуучу жайга акы төлөөдөн качкандарга айып салынат. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон. Эгер акы төлөөнүн жана убакытты эсепке алуунун автоматташтырылган системасы иштеген жайга автоунаасын токтоткон айдоочу акча төлөөдөн качса, 1000 сом айып пул жазылат. Юридикалык жактар 5000 сом төлөп калат. Мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирип, айыпты жергиликтүү бийлик салары белгиленген.
Чүй облустук милициясы акыркы коңгуроого карата ата-энелер менен окуучуларга кайрылды. Мекеме бул күн ар бир баланын жашоосундагы маанилүү ирмем экенин белгилеп, аны тынч, коопсуз өткөрүүнү суранды. Милиция окуучуларга коомдук тартипти сактап, укук бузууларга жол бербей, спирт ичимдиктерин жана башка тыюу салынган заттарды колдонбоону эскертет. Ал эми ата-энелер бул күнү балдардын жанында болуп, өзгөчө унаанын ачкычын бербеши керек. Быйыл Кыргызстанда акыркы коңгуроо 26-майда саат 9:00дө өтөт.
Кыргызстандык балбандар Индияда өткөн алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионатында жалпы 23 медаль алышканын Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.Мелдеш Индиянын Дели шаарында болгон. Ага кыздар да, балдар да катышкан.Кыргыз балбандары чемпионатта 11 алтын, 8 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушуп, командалык эсепте биринчи орунду камсыздай алышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0