00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
От Шелкового пути до критических минералов: почему Центральная Азия важна миру
14:08
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Мектептеги буллинг жана окуучулардын мушташтан каза болушун кантип алдын алуу керек?
15:08
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не только кочевники и набеги: какой была система управления Золотой Орды
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Картаюу аялдардын фобиясыбы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как остановить рост цен: ставка на свое производство, склады и логистику
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп кадр
Ар бир муун өз жазасын төлөйт: "Каргыш" мистикалык этно-хорор жарыкка чыкты
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Без SWIFT и карт «Мир»: как строится новая архитектура расчетов внутри ЕАЭС и ШОС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
11 мин
Ачык кеп
Мектептеги буллинг жана окуучулардын мушташтан каза болушун кантип алдын алуу керек?
21:12
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстандын калкы 2024-жылы 926 миллиард сом акчалай киреше тапты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 18,6 пайызга көп. "Жогорулап жаткан керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептегенде реалдуу акчалай киреше 881,9 миллиард сомду түзүп, өсүш 12,9 пайыз болгон. Кирешенин 73,2 пайызын калк эмгек ишмердигинен тапкан, бул 678 миллиард сомго туура келет. Калган бөлүгү социалдык трансферттерден, жеке көмөкчү чарбалардан жана башка булактардан түшкөн", — деп айтылат маалыматта. 2024-жылдын биринчи чейрегинде жан башына эсептелген орточо киреше 11 миң 318 сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 16,5 пайызга жогорулаган.
Депутат Бактыбек Чойбеков аймактардагы ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө уруксат берүүнү сунуштады. Буга чейин мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жана бөлүм башчыларга жеке клиникаларда бир убакта иштөөгө тыюу салынган. Кийин Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов бул чечим шашылыш болгонун, анткени аймактарда дарыгерлер кетип жатканын айткан. Чойбеков мына ошол жетекчи дарыгерлер менен бөлүм башчыларына салынган тыюуну Бишкек менен Ош шаарларында калтырып, аймактардагыларга жеке клиникаларда иштөөгө уруксат берүүнү демилгеледи. Коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорунун негиздемесинде мындай тыюу аймактардагы кадр жетишсиздигине жана айрым бөлүмдөрдүн жабылышына алып келгендиги айтылды.
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатында тогуз медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Шри-Ланканын Коломбо шаарында өтүп жаткан мелдеште кыргызстандыктар эки алтын, төрт күмүш, үч коло утушкан.Курама команданы улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетектеп барганы кошумчаланды.
АКШ президенти Дональд Трамп Киевге курал-жарак берүүдөн баш тартса, Евробиримдиктин лидерлери аны Америкадан сатып алып Украинага жөнөтүүнү пландап жатканын РИА Новости Bloomberg басылмасына шилтеме берип жазды. "АКШ президенти Дональд Трамп согуштан четтеп жаткандай. Европалык лидерлердин Украинаны кантип курал менен камсыз кылабыз деп тынчы кетүүдө. Америкадан курал сатып алуу маселени чечүү жолдорунун бири болот", — деген басылмага маалымат берген ишенимдүү адам. Макалада Европада курал-жарактын запасы да, аларды жетишерлик санда чыгарууга мүмкүнчүлүгү да жок экени белгиленген. Буга чейин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан батыш европалык лидерлер Украина менен келишим түзүүнү чечкенин айткан. Ага ылайык, Киев аскерлердин санын бир миллионго жеткирет, жаңжал аяктагандан кийин да ошол эле сандагы жоокерлер калат, Евробиримдик болсо чыгымдарды каржылайт. Москва Батыш өлкөлөрүнө Украинага курал-жарак жеткирүү эч нерсени өзгөртпөй турганын жана жаңжалды создуктура берерин эскертип келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0