https://sputnik.kg/20250524/1094193311.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылы Ош шаарында 33 көчө оңдолотТрамп Европага 50%дык бажы алымын киргизүүдөгү максатын айттыФинансы министрлиги 2,25 млрд. сомдук баалуу кагаз... 24.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-24T17:00+0600
2025-05-24T17:00+0600
2025-05-24T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/18/1094193179_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d8eb6e61f977cfdb7244e81eb5335375.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылы Ош шаарында 33 көчө оңдолотТрамп Европага 50%дык бажы алымын киргизүүдөгү максатын айттыФинансы министрлиги 2,25 млрд. сомдук баалуу кагаз чыгардыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы жаңы стадиондун ачылыш аземинде өлкөнүн спорттук инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча кеңири пландарды жарыялады. Мамлекет башчысы ошондой эле Бишкек шаарында Борбор Азиядагы эң ири стадиондордун бири курулуп жатканын, анын сыйымдуулугу — 51 миң орун экендигин белгиледи. Анын айтымында, бул объект өлкөнүн спорт тармагын өнүктүрүүгө жана эл аралык мелдештерди өткөрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү кадам болот. Мындан тышкары, Садыр Жапаров 2031-жылы өтө турган Азия кубогун өткөрүү үчүн Кыргызстан расмий түрдө өтүнмө бергендигин маалымдады.
Кечээ финансы министрлиги 2 миллиард 250 миллион сом көлөмүндө мамлекеттик облигация чыгарды. Аны жайгаштыруу боюнча аукцион Улуттук банктын сайтына жайгаштырылды. Беш жылга 850 миллион сомдук облигация 6 пайыз үстөгү менен жайгаштырылган. Ал эми 10 жылга коюлган 1 миллиард 400 миллион сомдук облигациянын үстөгү 8 пайыз экени айтылды. Төлөмдөр 26-ноябрда жана 26-майда берилери кошумчаланган. Мамлекеттик казыналык облигация бул мамлекеттин ички булактардан каражат тартуу механизми болуп эсептелет, ошондуктан алар ички мамлекеттик карызга кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында шаардын бир катар көчөлөрүндө жүрүп жаткан оңдоо, куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Анда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Маселен, оңдоо иштери жүрүп жаткан Р. Моминова көчөсүн реконтрукциялоо үчүн республикалык бюджеттен 195,1 млн сом бөлүнгөн. Жалпы узундугу 1,6 чакырым болгон бул жол 2025-жылы бүткөрүлөт. Ал эми, реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан Волгоград көчөсүнүн узундугу 2,1 чакырым. Бул көчө да жыл аягына чейин бүткөрүлөт, анын сметалык баасы 142,2 млн сом.
АКШнын президенти Дональд Трамп 50 пайыздык бажы алымын киргизүү менен Европадагы өндүрүштү Америкага көчүрүүнү көздөп жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. АКШ лидери Ак үйдө сүйлөп жатып, Европа менен соода келишимине келериек ишенбей турганын билдирди. “Европа менен соода келишимин түзүүгө үмүт арткан жокмун. Компаниялар өндүрүшүн АКШга көчүрөт же бажы алымын төлөйт”, — деди Трамп. Анын айтымында, Европанын компаниялары АКШда завод куруп бажы алымдарынан кутула алышат. Ошондой эле Трамп өлкө учурда дээрлик 12 триллион доллар алып жатканын белгиледи. Президент бул кадамдар конфронтация үчүн эмес, АКШда өнөр жайды жандандыруу жана жаңы жумуш орундарын түзүү максатында көрүлүп жатканын кошумчалады.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗ Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 98 сом 83 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 25-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 25-май, жекшембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас аймагында +25...+30, Ош. Жалал-Абад облустарында +30...+35, Баткен өрөөнүндө +29...+30, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын жергесинде +23...+28 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкек шаарында +29...+31, Ош калаасында +31...+33 градуска чейин көтөрүлөт
2025-жылы Ош шаарында 33 көчө оңдолотТрамп Европага 50%дык бажы алымын киргизүүдөгү максатын айттыФинансы министрлиги 2,25 млрд. сомдук баалуу кагаз чыгардыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы жаңы стадиондун ачылыш аземинде өлкөнүн спорттук инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча кеңири пландарды жарыялады. Мамлекет башчысы ошондой эле Бишкек шаарында Борбор Азиядагы эң ири стадиондордун бири курулуп жатканын, анын сыйымдуулугу — 51 миң орун экендигин белгиледи. Анын айтымында, бул объект өлкөнүн спорт тармагын өнүктүрүүгө жана эл аралык мелдештерди өткөрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү кадам болот. Мындан тышкары, Садыр Жапаров 2031-жылы өтө турган Азия кубогун өткөрүү үчүн Кыргызстан расмий түрдө өтүнмө бергендигин маалымдады.Кечээ финансы министрлиги 2 миллиард 250 миллион сом көлөмүндө мамлекеттик облигация чыгарды. Аны жайгаштыруу боюнча аукцион Улуттук банктын сайтына жайгаштырылды. Беш жылга 850 миллион сомдук облигация 6 пайыз үстөгү менен жайгаштырылган. Ал эми 10 жылга коюлган 1 миллиард 400 миллион сомдук облигациянын үстөгү 8 пайыз экени айтылды. Төлөмдөр 26-ноябрда жана 26-майда берилери кошумчаланган. Мамлекеттик казыналык облигация бул мамлекеттин ички булактардан каражат тартуу механизми болуп эсептелет, ошондуктан алар ички мамлекеттик карызга кирет.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында шаардын бир катар көчөлөрүндө жүрүп жаткан оңдоо, куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Анда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Маселен, оңдоо иштери жүрүп жаткан Р. Моминова көчөсүн реконтрукциялоо үчүн республикалык бюджеттен 195,1 млн сом бөлүнгөн. Жалпы узундугу 1,6 чакырым болгон бул жол 2025-жылы бүткөрүлөт. Ал эми, реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан Волгоград көчөсүнүн узундугу 2,1 чакырым. Бул көчө да жыл аягына чейин бүткөрүлөт, анын сметалык баасы 142,2 млн сом.АКШнын президенти Дональд Трамп 50 пайыздык бажы алымын киргизүү менен Европадагы өндүрүштү Америкага көчүрүүнү көздөп жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. АКШ лидери Ак үйдө сүйлөп жатып, Европа менен соода келишимине келериек ишенбей турганын билдирди. “Европа менен соода келишимин түзүүгө үмүт арткан жокмун. Компаниялар өндүрүшүн АКШга көчүрөт же бажы алымын төлөйт”, — деди Трамп. Анын айтымында, Европанын компаниялары АКШда завод куруп бажы алымдарынан кутула алышат. Ошондой эле Трамп өлкө учурда дээрлик 12 триллион доллар алып жатканын белгиледи. Президент бул кадамдар конфронтация үчүн эмес, АКШда өнөр жайды жандандыруу жана жаңы жумуш орундарын түзүү максатында көрүлүп жатканын кошумчалады.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗ Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 98 сом 83 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 25-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 25-май, жекшембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас аймагында +25...+30, Ош. Жалал-Абад облустарында +30...+35, Баткен өрөөнүндө +29...+30, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын жергесинде +23...+28 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкек шаарында +29...+31, Ош калаасында +31...+33 градуска чейин көтөрүлөт
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/18/1094193179_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_68cf621d29ccd9b63f9eda9d67ff5695.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио