https://sputnik.kg/20250524/1094189067.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Россия менен Украина Стамбулдагы макулдашуу боюнча туткундарды алмашууну баштадыТрамп Евробиримдикке 50%дык бажы алымын киргизүү ниетиндеКараколдогу борбордук... 24.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-24T11:00+0600
2025-05-24T11:00+0600
2025-05-24T11:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/18/1094188935_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_11216fe8d873ac3e3dc9409526da0a34.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Россия менен Украина Стамбулдагы макулдашуу боюнча туткундарды алмашууну баштадыТрамп Евробиримдикке 50%дык бажы алымын киргизүү ниетиндеКараколдогу борбордук стадион реконструкциядан кийин ачылдыАлдыда кененирээк23-майда, Садыр Жапаров Каракол шаарындагы реконструкцияланган борбордук стадиондун ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.Өлкө башчы алгач стадиондун тарыхына токтолуп, ал 1974-жылдан бери оңдолбой келгенин белгиледи.Борбордук стадион 3 380 көрүүчүгө ылайыкталган, бардык эл аралык стандарттарга жооп берет. Административдик жайлар, медиа зоналар, медициналык, калыстар, допинг көзөмөл бөлмөлөрүн жана башка техникалык бөлмөлөрдүн баары жаңыланганы айтылды. 200дөн ашык унаа токтотуучу жайы дагы каралган. "Стадионго чоң LED экран жана биринчи жолу стационардык ВАР системасы коюлду", — деп белгиледи президент. Ал ошондой эле быйыл дагы 15 стадиондо, анын ичинде Баткен, Нарын, Талас жана Токмок шаарларындагы ири стадиондорду калыбына келтирүү иштери башталганын кошумчалады.
Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы кен иштетүүчү төрт компанияга 823 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад региондук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы "Фулл Голд Майнинг" ЖЧКсына таандык тоо-кен жана кайра иштетүү комплексиндеги курулуш объектилерин текшерген. "Аталган компаниянын алты курулуш объекти расмий реестрге катталган. Текшерүү маалында курулуш эрежелери, стандарттар жана тиешелүү укуктук актылар бузулгандыгы аныкталган. Натыйжада "Фулл Голд Майнинг", "Ваньпэн Констракшн Инжиниринг", "Кит Строй", "Гуан Цзин" ЖЧКларына жалпы 823 миң сом айып салынды", — деп айтылат маалыматта. Мындан сырткары, Бозымчак жана Терек-Сайдагы тоо-кен комплекстеринде да текшерүүлөр жүргүзүлүп, кемчиликтерди жоюу тапшырылганы маалым болду.
Россия менен Украина Стамбулда макулдашкан боюнча туткундарды массалык алмашууну баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Мурун айтылгандай процесс бир нече этап менен өтөт. Биринчи "1000ге 1000" этабынын алкагында 390дон туткун алмашты."Россиялык 270 аскер жана 120 жай тургун, анын ичинде Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан туткунга алынган Курск облусунун жашоочулары Россияга кайтышты. Ошондой эле Киевге дагы 270 аскери менен 120 жай тургуну кайтарылып берилди", — деп билдирди РФтин Коргоо министрлиги. Россия демилгелеген ири алмашуу процесси жакын арада уланары айтылды. Буга чейин Россия менен Украина 1000ге 1000 кылып туткун алмашуу боюнча Стамбулда макулдашкан.
АКШ президенти Дональд Трамп Евробиримдик менен соода боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү оголе татаал болгондуктан, 1-июндан тарта 50 пайыздык бажы алымын киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармагына жазганын РИА Новости билдирди. "Соода маселесинде АКШны пайдалануу үчүн түзүлгөн Европа биримдиги менен иштешүү өтө оор болду. Сүйлөшүү аракети эч нерсеге алып келген жок. Мындан улам мен ЕБге карата 1-июндан тарта 50 пайыздык бажы алымын киргизүүнү сунуштап жатам. Пошлинанын АКШдан чыккан товарга тиешеси жок", — деди Трамп. Президент, мындан тышкары, соода тоскоолдуктары, кошумча нарк салыгы, корпоративдик айып пулдар, америкалык компанияларга каршы адилетсиз соттук арыздар жана башка көрүнүштөр соода балансынын таңсыктыгын жылына 250 миллион долларга жеткиргенин белгилеген.
Россия менен Украина Стамбулдагы макулдашуу боюнча туткундарды алмашууну баштадыТрамп Евробиримдикке 50%дык бажы алымын киргизүү ниетиндеКараколдогу борбордук стадион реконструкциядан кийин ачылдыАлдыда кененирээк23-майда, Садыр Жапаров Каракол шаарындагы реконструкцияланган борбордук стадиондун ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.Өлкө башчы алгач стадиондун тарыхына токтолуп, ал 1974-жылдан бери оңдолбой келгенин белгиледи.Борбордук стадион 3 380 көрүүчүгө ылайыкталган, бардык эл аралык стандарттарга жооп берет. Административдик жайлар, медиа зоналар, медициналык, калыстар, допинг көзөмөл бөлмөлөрүн жана башка техникалык бөлмөлөрдүн баары жаңыланганы айтылды. 200дөн ашык унаа токтотуучу жайы дагы каралган. "Стадионго чоң LED экран жана биринчи жолу стационардык ВАР системасы коюлду", — деп белгиледи президент. Ал ошондой эле быйыл дагы 15 стадиондо, анын ичинде Баткен, Нарын, Талас жана Токмок шаарларындагы ири стадиондорду калыбына келтирүү иштери башталганын кошумчалады. Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы кен иштетүүчү төрт компанияга 823 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад региондук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы "Фулл Голд Майнинг" ЖЧКсына таандык тоо-кен жана кайра иштетүү комплексиндеги курулуш объектилерин текшерген. "Аталган компаниянын алты курулуш объекти расмий реестрге катталган. Текшерүү маалында курулуш эрежелери, стандарттар жана тиешелүү укуктук актылар бузулгандыгы аныкталган. Натыйжада "Фулл Голд Майнинг", "Ваньпэн Констракшн Инжиниринг", "Кит Строй", "Гуан Цзин" ЖЧКларына жалпы 823 миң сом айып салынды", — деп айтылат маалыматта. Мындан сырткары, Бозымчак жана Терек-Сайдагы тоо-кен комплекстеринде да текшерүүлөр жүргүзүлүп, кемчиликтерди жоюу тапшырылганы маалым болду.Россия менен Украина Стамбулда макулдашкан боюнча туткундарды массалык алмашууну баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Мурун айтылгандай процесс бир нече этап менен өтөт. Биринчи "1000ге 1000" этабынын алкагында 390дон туткун алмашты."Россиялык 270 аскер жана 120 жай тургун, анын ичинде Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан туткунга алынган Курск облусунун жашоочулары Россияга кайтышты. Ошондой эле Киевге дагы 270 аскери менен 120 жай тургуну кайтарылып берилди", — деп билдирди РФтин Коргоо министрлиги. Россия демилгелеген ири алмашуу процесси жакын арада уланары айтылды. Буга чейин Россия менен Украина 1000ге 1000 кылып туткун алмашуу боюнча Стамбулда макулдашкан.АКШ президенти Дональд Трамп Евробиримдик менен соода боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү оголе татаал болгондуктан, 1-июндан тарта 50 пайыздык бажы алымын киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармагына жазганын РИА Новости билдирди. "Соода маселесинде АКШны пайдалануу үчүн түзүлгөн Европа биримдиги менен иштешүү өтө оор болду. Сүйлөшүү аракети эч нерсеге алып келген жок. Мындан улам мен ЕБге карата 1-июндан тарта 50 пайыздык бажы алымын киргизүүнү сунуштап жатам. Пошлинанын АКШдан чыккан товарга тиешеси жок", — деди Трамп. Президент, мындан тышкары, соода тоскоолдуктары, кошумча нарк салыгы, корпоративдик айып пулдар, америкалык компанияларга каршы адилетсиз соттук арыздар жана башка көрүнүштөр соода балансынын таңсыктыгын жылына 250 миллион долларга жеткиргенин белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/18/1094188935_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d72908655ebf3442e4c0cc438cb1f2c9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио