Онкогинеколог: операция жолу менен төрөтүүнүн кооптуу жактары көп
Жазылуу
Медицина илимдеринин кандидаты, онкогинеколог Чолпон Авасова операция жолу менен төрөтүүнүн себептери жана кооптуулугу тууралуу айтып берди.
Толгоодон, табигый жол менен көз жаргандан коркуп, операция жолу менен төрөөнү тандап жаткан келиндер терең жаңылышат. Бул тууралуу Чолпон Авасова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Онкогинеколог: операция жолу менен төрөтүүнүн кооптуу жактары көп
Анын айтымында, операцияда жүлүнгө сайылган наркоздун да кооптуу жактары көп.
"Аялдын жалпы организминде оорусу (миопия) болсо, жамбаш сөөктөрү табигый жол менен төрөөгө жол бербегенде, бөйрөктүн жабыркашынан улам келип чыккан преэклампсия, эклампсия ооруларында, толгоо келбей эле суу кетип бала кыйналып калганда жана кан басымы жогорулап кеткенде аялдар операция жолу менен төрөйт. Ошондой эле бала чыгуучу жерди тон жаап калганда, тон жатындан ажырап кеткенде да шашылыш операция жасалат. Учурда айрым келиндер операция жолу менен төрөгөндү оңой көрүшөт. Бул абдан кооптуу. Табигый жол менен төрөгөндө 24 сааттын ичинде кыйынчылыктар артта калат. Төрөгөндөн кийин аял өзүн-өзү карап, баласын да бага баштайт. Сүтү да өз убагында келип, ал жагынан кыйналбайт. Бул айырмачылыкты алгач өзү, кийинкисин кайсы бир себеп менен операция болуп төрөгөн аялдар так айтып бере алат. Операцияда 20 сантиметрге чейин курсак кесилет, андан кийин эттер, андан булчуңдар, анан жатын кесилип, ичинен бала чыгарылат. Албетте анестезия берилет, бирок ал тарагандан кийинки абалды өзүңөр элестетип көрсөңөр болот. Кесилген жер инфекция кирүүчү жол болуп калат. Эгер жакшы карабаса ириңдеп кетиши ыктымал. Тиккен жер ажырап кетсе кайра тигүүгө туура келет. Жүлүнгө сайылган наркоз менен жалпы наркоздун да өзүнүн кооптуу жактары бар. Ошондуктан эгер ден соолугу табигый жол менен төрөөгө жол берсе да операция жолу менен төрөөнү тандап жаткан учурда кандай тобокелдикке барып жатканын адам түшүнүүсү кажет. Бул айла жоктун гана иши. Кээде "сен өзүң төрөгөн эмессиң" деп операция жолу менен төрөгөн аялдарды кемсинткен учурлар бар. Бирок бул өтө туура эмес", — деди Авасова.
Ал аялдын операциядан кийин кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткырылышы да жөн жерден эмес экенин кошумчалады.