https://sputnik.kg/20250523/1094181769.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева административдик-аймактык реформанын экинчи этабында президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кызматын... 23.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-23T17:00+0600
2025-05-23T17:00+0600
2025-05-23T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/17/1094181637_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_47898b7d5e310075f29e15d8b6fa1c5d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева административдик-аймактык реформанын экинчи этабында президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кызматын жоюуну сунуштады. Бүгүн "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясы административдик-аймактык реформанын жыйынтыгын укту. Талиеванын айтымында, бул кызматтар ашыкча жана бюрократияны күчөтөт. "Облустарда өкүлчүлүктөр качан жоюлат? Бул да реформанын бир бөлүгү. Кайталоочу органдар өтө көп. Губернаторлордун кереги жок, райондук акимдер жетиштүү. Алар бири-биринин функцияларын кайталайт. Ошол жактан кыскартпайсыңарбы", — деди депутат. Жыйынга чакырылган чиновниктер Талиеванын суроосуна жооп берген жок. Кесиптешинин сөзүн депутат Надира Нарматова да колдоп, губернаторлор ишти жайлатарын айтты.
Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин онлайн-мектеби 5-10-класстын балдарын окууга чакырды. Бул тууралуу Россиянын Оштогу илим жана маданият борбору билдирди. Маалыматка ылайык, окуу акысыз жана аралыктан болуп, чет өлкөлөрдөгү балдарга багытталган. Мектепти аяктагандарга мамлекеттик үлгүдөгү аттестат берилет. "Долбоордун аналогдору жок, ал дүйнө боюнча орус тилдүү окуучулар үчүн түзүлгөн. Сабактар орус тилинде болуп, дүйнө таанымды кеңейтүүгө жана ой жүгүртүүнү өрчүтүүгө багытталган," — деп айтылат маалыматта. Документтер 6-майдан 20-июнга чейин кабыл алынмакчы.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарына барып ири объектилердин курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Өкмөт башчы алгач эле реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасына барган. Жалпы 3 900 унаа бата турган базар тогуз гектар жерге салынууда. Каржы жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн.Касымалиев борбордук базарга дагы барды. Жалпы 6,7 гектар жерге курулуп жаткан бул соода жайында 2400 орун бар. 550 миллион сомго курулган соода жайы быйыл ишке берилери айтылды. Калаада Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасы да курулууда. Жети кабат боло турган оорукананын аянты 20 миң чарчы метрди түзүп, 312 орунга ылайыкташат. Чатырына тик учак конууга ылайыкташканы айтылды.Жогоруда аталган объектилерди жеринен көрүп чыккандан кийин Касымалиев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бөлүп жана планга киргизилген мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.
Владимир Зеленскийдин легитимдүүлүгү боюнча маселе украин жаңжалын жөнгө салуу боюнча документтерге кол коюуда чоң мааниге ээ болот. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматта министрдин улуттук иденттүүлүккө арналган конференцияда сүйлөгөнү айтылат. "Зеленскийдин жана анын режиминин мыйзамдуулугу боюнча позициябызды президент так көрсөттү. Ал тараптардын баарына туура келген шарттарды макулдашуу үчүн Зеленский жана анын администрациясы менен сүйлөшүүдөн баш тартпай тураныбызды белгиледи. Ал эми кол коюуга келгенде, мына ушул жерде Зеленскийдин легитимдүүлүгү боюнча маселе чечүүчү мааниге ээ болот. Анткени эгер эч ким ишенбеген, бийлигин тааныбаган адамдар кол койсо, алардан кийин өлкө башына келгендер макулдашуудан күмөнсүп калышы мүмкүн", — деди ЛавровАл ошондой эле Россия ушу тапта украин чырын жөнгө салуучу меморандум боюнча иштеп жаткандыгын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева административдик-аймактык реформанын экинчи этабында президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кызматын жоюуну сунуштады. Бүгүн "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясы административдик-аймактык реформанын жыйынтыгын укту. Талиеванын айтымында, бул кызматтар ашыкча жана бюрократияны күчөтөт. "Облустарда өкүлчүлүктөр качан жоюлат? Бул да реформанын бир бөлүгү. Кайталоочу органдар өтө көп. Губернаторлордун кереги жок, райондук акимдер жетиштүү. Алар бири-биринин функцияларын кайталайт. Ошол жактан кыскартпайсыңарбы", — деди депутат. Жыйынга чакырылган чиновниктер Талиеванын суроосуна жооп берген жок. Кесиптешинин сөзүн депутат Надира Нарматова да колдоп, губернаторлор ишти жайлатарын айтты. Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин онлайн-мектеби 5-10-класстын балдарын окууга чакырды. Бул тууралуу Россиянын Оштогу илим жана маданият борбору билдирди. Маалыматка ылайык, окуу акысыз жана аралыктан болуп, чет өлкөлөрдөгү балдарга багытталган. Мектепти аяктагандарга мамлекеттик үлгүдөгү аттестат берилет. "Долбоордун аналогдору жок, ал дүйнө боюнча орус тилдүү окуучулар үчүн түзүлгөн. Сабактар орус тилинде болуп, дүйнө таанымды кеңейтүүгө жана ой жүгүртүүнү өрчүтүүгө багытталган," — деп айтылат маалыматта. Документтер 6-майдан 20-июнга чейин кабыл алынмакчы.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарына барып ири объектилердин курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Өкмөт башчы алгач эле реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасына барган. Жалпы 3 900 унаа бата турган базар тогуз гектар жерге салынууда. Каржы жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн.Касымалиев борбордук базарга дагы барды. Жалпы 6,7 гектар жерге курулуп жаткан бул соода жайында 2400 орун бар. 550 миллион сомго курулган соода жайы быйыл ишке берилери айтылды. Калаада Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасы да курулууда. Жети кабат боло турган оорукананын аянты 20 миң чарчы метрди түзүп, 312 орунга ылайыкташат. Чатырына тик учак конууга ылайыкташканы айтылды.Жогоруда аталган объектилерди жеринен көрүп чыккандан кийин Касымалиев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бөлүп жана планга киргизилген мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.Владимир Зеленскийдин легитимдүүлүгү боюнча маселе украин жаңжалын жөнгө салуу боюнча документтерге кол коюуда чоң мааниге ээ болот. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматта министрдин улуттук иденттүүлүккө арналган конференцияда сүйлөгөнү айтылат. "Зеленскийдин жана анын режиминин мыйзамдуулугу боюнча позициябызды президент так көрсөттү. Ал тараптардын баарына туура келген шарттарды макулдашуу үчүн Зеленский жана анын администрациясы менен сүйлөшүүдөн баш тартпай тураныбызды белгиледи. Ал эми кол коюуга келгенде, мына ушул жерде Зеленскийдин легитимдүүлүгү боюнча маселе чечүүчү мааниге ээ болот. Анткени эгер эч ким ишенбеген, бийлигин тааныбаган адамдар кол койсо, алардан кийин өлкө башына келгендер макулдашуудан күмөнсүп калышы мүмкүн", — деди ЛавровАл ошондой эле Россия ушу тапта украин чырын жөнгө салуучу меморандум боюнча иштеп жаткандыгын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/17/1094181637_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5aa9f947a460cfe6af58eb3b8fdabb16.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио