00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:09
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ошто 4 чакан ГЭСтин жана бир катар объекттердин курулушуна старт берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда бир катар энергетикалык объекттердин курулушун баштоого мезгил кутучасын салуу аземине катышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев сөз сүйлөп өлкөнүн жалпы энергетикалык абалына токтолуп, учурда электр станциялары чыгарган энергия жетишсиз болуп жатканын, жетпеген бөлүгү импорттолоорун билдирди. Андыктан курулган ГЭСтердин кубаттуулуктарын көбөйтүү, жаңы ГЭСтерди куруу боюнча иштер кызуу жүрүп жатканын белгиледи. Кийин министрлер кабинетинин төрагасы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында аккумуляторлорду чыгаруучу заводун курууга мезгил кутучасын салуу аземине катышкан.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова ымыркайлар үчүн жасалма сүт жана башка товарларды жарнамалоого тыюу салууну сунуштады. Анын айтымында, мындай жарнамалар ата-энелерди адаштырат. Натыйжада алар баланы эмизүүнү токтотуп, ар кандай аралашмалар менен бага башташы ыктымал. Ал эми алардын агрессивдүү жарнамасына карата эч кандай механизмдер колдонулбай турганы белгиленген. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда бул товарлардын таңгагына алардын зыяндуулугу тууралуу эскертүү жазылуусу керек экени көрсөтүлгөн. Ал текстти Саламаттык сактоо министрлиги бекитет.
Ошто баласы абакта жаткан аялды "уулуңузду чыгарып беребиз" деп алдап, акча алган шылуун кыздар кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБи билдирди. Жабырлануучунун милицияга берген маалыматына караганда, белгисиз эки аял анын уулун түрмөдөн чыгарып беребиз деп бал тилге салып, 40 миң сом жана алты миң доллар сурашкан. “Алар сот менен жакшы экенин айтып, 40 миң сомду өздөрү, ал эми 6 миң долларды сот тармагында иштеген Руслан аттуу адамга берерин айтышкан. Аялды баласын чыгарып албаса, узак мөөнөткө камалып кетерин айтып коркутушкан”, — деп айтылат маалыматта.Милиция эки кызды жана Руслан аттуу кишини жабырлануучудан акча алып жаткан жеринен кармады.
Нева экологиялык конгрессинин, Жеңиш парадынын, Казань форумунун эл аралык масштабы Батыштын Россияны четтетүү планын ишке ашыра албастыгын жана ал ниетин унутушу керектигин көрсөттү. Бул туурасында Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко айтканын РИА Новости жазды. "Конгресске мындай көп өкүлдөрдүн келиши, бир топ ири иш-чаралар: Жеңиш парады, расмий сапарлар, Казань форуму Батыштын Россияны четтетүү планын ишке ашыра албастыгын көрсөтүп койду", — деген ал интервьюда. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗ Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 2 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 23-майга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Талас аймагында +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +24…+26, Ош шаарында +31...+33 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0