Майыптыкты аныктоо боюнча комиссиядан өтүү мөөнөтүн узартуу сунушталды

© Sputnik / Максим БогодвидМайыптыгы бар адамдар. Архив
Майыптыгы бар адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Майыптыкты аныктоо боюнча комиссиядан өтүү мөөнөтүн узартуу сунушталды. Документти Юстиция министрлиги даярдап, коомдук талкууга чыгарды.
Азыркы тартипте майыптыкты жыл сайын тастыктоо талап кылынат.
Жаңы долбоор бул мөөнөттү узартууну сунуштап жатат:
I топ — 7 жылда бир;
II топ — 4 жылда бир;
III топ — 2 жылда бир.
Маалыматка ылайык, өлкөдөгө 217 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Анын ичинен I топтогулар адатта айыкпас дарттар менен жабыркашат. Майыптык мөөнөтүн узартуу жарандардын кайра-кайра экспертизадан өтүү зарылдыгын азайтып, комиссиялардын ишин жеңилдетет.
Бишкектеги ЦСМдин регистратурасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2025
Баетов: айрым медициналык кызматтар аутсорсингге берилиши ыктымал
Жаңылыктар түрмөгү
0