00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Вода, переработка и экспорт — замминистра о трёх главных задачах кыргызского агросектора
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
09:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что могут сделать омбудсмены России и Кыргызстана если нарушены ваши права
10:04
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Жаш таңдай – 2026” айтышы. Жаштардын төкмөлүк өнөргө кызыгуусу кандай деңгээлде?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
RU ID для въезда в РФ: кому и зачем нужно регистрироваться?
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Батыштан Чыгышка. Дүйнөлүк инвесторлор үчүн Борбор Азия эмнеси менен кызык?
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Важен не диплом а портфолио - директор колледжа КРСУ о том как меняются правила игры
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кароосуз калган 150дөн ашык баланы багып чоңойткон эне
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ледники Таласской области сократились на 44% — эксперт МЧС о реальных климатических рисках
18:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБдин агрардык хабына айланууда: экспорт жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кайсы жол эрежелерин бузган айдоочулар кайра экзамен тапшырат? Жообу

© Sputnik / Жантай МакеновБишкектеги жолдорун биринде автоунаалар. Архив
Бишкектеги жолдорун биринде автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. ИИМ эреже бузган айдоочуларды кайрадан экзаменге жиберүүнүн тартибин иштеп чыкты.
Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоору президенттин тапшырмасын аткаруу үчүн иштелип чыккан. Анда өлкө башчы 1-сентябрдан баштап эреже бузгандардын айдоочулук билимин текшерүүнү табыштаган.
Төмөнкү эреже бузуулар үчүн айдоочунун билимин жеринде текшерүү сунушталууда:
айдоого тыюу салынган, бузук унааны айдоо;
номери жок же аны жашырганга аракет кылгандар;
ыйгарым укуктуу органдын унааны токтотуу талабына баш ийбегендер;
белгиленген ылдамдыктан ашыра айдагандар;
жол чырактын кызыл жарыгында же тескөөчүнүн "тыюу салуучу" белгисинде өтүү, тротуардан же велосипед жолдору менен айдоо, коомдук транспортко артыкчылык бербей коюу, машинаны атайылап "дарылдатып" алуу;
каршы тилкеге чыгып озуу же туура эмес манёвр жасагандар;
автоээнбаштык (унаа жарыштыруу жана башка);
эреже сактабай бирөөнүн мүлкүн же инфраструктурасын (жол, көпүрө ж.б.) бузуу;
эреже бузуп бирөөнүн ден соолугуна зыян келтиргендер;
мас абалында айдоо же мастарга машинаны берүү;
унаанын конструкциясында каралбаган жабдуу, чаптама жана башкаларды уруксаты жок орнотуу;
кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу;
жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуу.
Эгер жеринде текшергенде эрежелерди билбей калса айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынып, айдоочу теориялык экзаменге жөнөтүлөт. Аны 60 күн ичинде тапшырбаса айдоо укугу убактылуу токтотулат. Ал эми эреже бузуулар камералар аркылуу катталган болсо, машинаны айдап жүргөн айдоочу өзү экени далилденсе гана экзаменге жөнөтүлөт.
Бишкектеги көчөлөрдүн биринде бараткан унаалар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2025
ЖКККББ жолду дрон менен көзөмөлдөп, эреже бузгандарды аныктайт
Жаңылыктар түрмөгү
0