https://sputnik.kg/20250519/1094081354.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
ЖККУнун баш катчысы уюм менен чектешкен өлкөлөрдөгү абал тууралуу маалымат бердиЫсык-Көлдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 200 саан уй торпогу менен берилдиСадыр... 19.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-19T19:00+0600
2025-05-19T19:00+0600
2025-05-19T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/13/1094081222_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bf4080d165a2a9829c9a32c77e03d390.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
ЖККУнун баш катчысы уюм менен чектешкен өлкөлөрдөгү абал тууралуу маалымат бердиЫсык-Көлдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 200 саан уй торпогу менен берилдиСадыр Жапаров чет мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрүн кабыл алдыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда Бириккен Улуттар Уюмундагы чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды. Мамлекет башчысы Мали, Кирибати, Вануату, Тонга, Тувалу, Палау, Буркина-Фасо, Соломон аралдары, Сан-Томе жана Принсипи мамлекеттеринин өкүлдөрү менен саламдашууда, көп тараптуу кызматташтыктын негизги институту катары БУУнун ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Президент эл аралык коопсуздук үчүн олуттуу чакырыкка айланган экологиялык көйгөйдү кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгилеп өттү. Бул контекстте ал өлкөдө тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилерин ырастады. Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы 15тен ашык резолюция кабыл алган. Садыр Жапаров 2023-2027-жылдар тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыяланганын эске салып, Африка, Кариб жана Тынч океан өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн 2027-жылы Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Бишкекте өткөн ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйынында уюмдун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов геосаясий абал тууралуу маалымат берип, билдирүү ЖККУнун расмий сайтында жарыяланды. Баяндаманын урунттуу учурлары: Россия менен АКШнын ортосундагы саясий-дипломатиялык диалог уланууда. Бул дүйнөдөгү аскердик-саясий чыңалууну басаңдатууда маанилүү ролду ойноп, Евразияда, анын ичинде ЖККУнун жоопкерчилигиндеги аймактарга таасирин берет; Оманда АКШ менен Ирандын ортосунда кыйыр сүйлөшүү жүргүзүү боюнча маселеде жылыштар бар; Индия менен Пакистандын ортосундагы жаңжал басаңдаганы менен куралдуу кагылышуу кайрадан күчөшү ыктымал. Эл аралык коомчулук жана тараптар чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасашы керек; Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси чечилди.Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өттү. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Беларустун парламент жетекчилери катышты.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп райондорундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 200 баш музоолуу саан уйлар берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага министрдин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышты. Бул демилге "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коому тарабынан ишке ашырылды. Саан уй жана музоолор түрүндө берилген кайтарымсыз жардамды жалпы 200 аялуу катмардагы үй-бүлө алды. Алардын ичинен 85 үй-бүлө мамлекеттик жөлөкпул алат: Түп районунда — 61 үй-бүлө, Ак-Суу районунда — 24 үй-бүлө. Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 97 сом 93 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ20-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 20-май, шейшембиде күндүз күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас аймагында +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл өрөөнүндө +19...+24, Нарын жергесинде +18...+23 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкекте +26...+28, Ош шаарында +29...+31 градуска чейин жетет.
ЖККУнун баш катчысы уюм менен чектешкен өлкөлөрдөгү абал тууралуу маалымат бердиЫсык-Көлдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 200 саан уй торпогу менен берилдиСадыр Жапаров чет мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрүн кабыл алдыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда Бириккен Улуттар Уюмундагы чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды. Мамлекет башчысы Мали, Кирибати, Вануату, Тонга, Тувалу, Палау, Буркина-Фасо, Соломон аралдары, Сан-Томе жана Принсипи мамлекеттеринин өкүлдөрү менен саламдашууда, көп тараптуу кызматташтыктын негизги институту катары БУУнун ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Президент эл аралык коопсуздук үчүн олуттуу чакырыкка айланган экологиялык көйгөйдү кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгилеп өттү. Бул контекстте ал өлкөдө тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилерин ырастады. Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы 15тен ашык резолюция кабыл алган. Садыр Жапаров 2023-2027-жылдар тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыяланганын эске салып, Африка, Кариб жана Тынч океан өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн 2027-жылы Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.Бишкекте өткөн ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйынында уюмдун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов геосаясий абал тууралуу маалымат берип, билдирүү ЖККУнун расмий сайтында жарыяланды. Баяндаманын урунттуу учурлары: Россия менен АКШнын ортосундагы саясий-дипломатиялык диалог уланууда. Бул дүйнөдөгү аскердик-саясий чыңалууну басаңдатууда маанилүү ролду ойноп, Евразияда, анын ичинде ЖККУнун жоопкерчилигиндеги аймактарга таасирин берет; Оманда АКШ менен Ирандын ортосунда кыйыр сүйлөшүү жүргүзүү боюнча маселеде жылыштар бар; Индия менен Пакистандын ортосундагы жаңжал басаңдаганы менен куралдуу кагылышуу кайрадан күчөшү ыктымал. Эл аралык коомчулук жана тараптар чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасашы керек; Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси чечилди.Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өттү. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Беларустун парламент жетекчилери катышты.Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп райондорундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 200 баш музоолуу саан уйлар берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага министрдин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышты. Бул демилге "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коому тарабынан ишке ашырылды. Саан уй жана музоолор түрүндө берилген кайтарымсыз жардамды жалпы 200 аялуу катмардагы үй-бүлө алды. Алардын ичинен 85 үй-бүлө мамлекеттик жөлөкпул алат: Түп районунда — 61 үй-бүлө, Ак-Суу районунда — 24 үй-бүлө. Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 97 сом 93 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ20-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 20-май, шейшембиде күндүз күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас аймагында +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл өрөөнүндө +19...+24, Нарын жергесинде +18...+23 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкекте +26...+28, Ош шаарында +29...+31 градуска чейин жетет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/13/1094081222_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_dfcd6b96418e91b7e1812c2a671286b6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио