https://sputnik.kg/20250519/1094078889.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө оор жүк ташыган машиналарга чектөө киргизилдиКРСУ менен Россиянын "Прометей" байланыш түйүнүнүн балдарына автобус берилдиЖапаров ЖККУнун Парламенттик... 19.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-19T17:00+0600
2025-05-19T17:00+0600
2025-05-19T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/13/1094078757_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3092091a18ba4abbb09df728532b5fe1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө оор жүк ташыган машиналарга чектөө киргизилдиКРСУ менен Россиянын "Прометей" байланыш түйүнүнүн балдарына автобус берилдиЖапаров ЖККУнун Парламенттик ассамблея кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алдыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров бүгүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Алар менен аймактык коопсуздук, парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана ЖККУнун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланган. Мамлекет башчы жыйындын катышуучуларына кайрылып, азыркы дүйнө террорчулук, экстремизм, киберкоркунучтар жана климаттын өзгөрүүсү сыяктуу көптөгөн жаңы көйгөйлөргө туш болуп жатканын белгилеген. Бул факторлордун бардыгы мамлекеттердеги туруктуулукка басым көрсөтүп жатканын жана күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кыларын ырастаган.Президент мамлекеттер аралык кызматташуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууда жана колдоодо парламенттердин маанилүү ролун белгилеген.Ал ЖККУнун алкагындагы күч-аракеттер өнөктөштүк, өз ара түшүнүшүү, колдоо духунда ыкчам жана макулдашылган аракеттерди курууга багытталышына басым жасаган.
Салмагы 18 тоннадан ашкан автоунаалар күндүз, аптапта республика боюнча бардык жолдо жүргөнгө болбойт. Транспорт министрлигинен аталган чечим жолдорду талкалап албаш үчүн кабыл алынганын, чектөө күзгө чейин болорун билдиришти. Өлкө боюнча эми 19-майдан 1-сентябрга чейин күндүз ( саат 10:00 — 20:00 арасы) ысык 28 градустан жогору болсо, жүгү менен кошкондо салмагы 18 тоннадан ашып кеткен машиналар жолдо жүрбөшү керек. Ал эми төмөнкүлөр жүрө бермекчи: жүргүнчү ташыгандар ; гуманитардык жардам, тез бузулуучу тамак-ашты жана кооптуу жүк алып бараткандар; атайын уруксаттын негизинде ири жүктөрдү ташыгандар; жол курууга жана оңдоого тартылган автоунаалар (берилген ордер боюнча). Эске салсак, мындай чектөө бир аз күн мурда Бишкек шаарына киргизилген эле.
"Евразия" автономиялуу бейөкмөт уюму Кыргыз-Россия Славян университети менен "Прометей" байланыш түйүнүнүн аскер кызматкерлерине автобус белек кылды. ЖОЖго берилген автобус ноутбуктар, окууга керектүү проектор жана дагы бир топ аппаратура менен жабдылган. Лаборатория орус тили боюнча сабактар, семинарлар, лекция, мастер-класс сыяктуу көчмө иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. 16 орундуу мектеп автобусу аскер кызматкерлеринин балдарын ташыйт. "Евразия" уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы алаканы бекемдөөгө дагы бир тепкич экенин белгиледи. "Аскер кызматкерлеринин балдары улуттук музейлерге барып, республикалык деңгээлдеги иш-чараларга катыша алат. "Евразиялык мобилдик билим берүү лабораториясы" долбоору Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мугалимдер менен окуучуларга сапаттуу кошумча билим алууга шарт түзүп берет. Бул республикада ишке ашырылып жаткан биринчи долбоор эмес, ушу тапта мугалимдерибиз орус тилинен сабак берип жатышат, окуучулар "Евразия" берген 100 автобус менен мектепке барып келүүдө. Мындан тышкары, "Евразиялык лицей" долбоорунун алкагында Кыгызстандагы бир нече мектепти капиталдык оңдоого каражат бөлдүк", — деди Аршинова.
Өлкөдө оор жүк ташыган машиналарга чектөө киргизилдиКРСУ менен Россиянын "Прометей" байланыш түйүнүнүн балдарына автобус берилдиЖапаров ЖККУнун Парламенттик ассамблея кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алдыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров бүгүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Алар менен аймактык коопсуздук, парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана ЖККУнун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланган. Мамлекет башчы жыйындын катышуучуларына кайрылып, азыркы дүйнө террорчулук, экстремизм, киберкоркунучтар жана климаттын өзгөрүүсү сыяктуу көптөгөн жаңы көйгөйлөргө туш болуп жатканын белгилеген. Бул факторлордун бардыгы мамлекеттердеги туруктуулукка басым көрсөтүп жатканын жана күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кыларын ырастаган.Президент мамлекеттер аралык кызматташуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууда жана колдоодо парламенттердин маанилүү ролун белгилеген.Ал ЖККУнун алкагындагы күч-аракеттер өнөктөштүк, өз ара түшүнүшүү, колдоо духунда ыкчам жана макулдашылган аракеттерди курууга багытталышына басым жасаган.Салмагы 18 тоннадан ашкан автоунаалар күндүз, аптапта республика боюнча бардык жолдо жүргөнгө болбойт. Транспорт министрлигинен аталган чечим жолдорду талкалап албаш үчүн кабыл алынганын, чектөө күзгө чейин болорун билдиришти. Өлкө боюнча эми 19-майдан 1-сентябрга чейин күндүз ( саат 10:00 — 20:00 арасы) ысык 28 градустан жогору болсо, жүгү менен кошкондо салмагы 18 тоннадан ашып кеткен машиналар жолдо жүрбөшү керек. Ал эми төмөнкүлөр жүрө бермекчи: жүргүнчү ташыгандар ; гуманитардык жардам, тез бузулуучу тамак-ашты жана кооптуу жүк алып бараткандар; атайын уруксаттын негизинде ири жүктөрдү ташыгандар; жол курууга жана оңдоого тартылган автоунаалар (берилген ордер боюнча). Эске салсак, мындай чектөө бир аз күн мурда Бишкек шаарына киргизилген эле."Евразия" автономиялуу бейөкмөт уюму Кыргыз-Россия Славян университети менен "Прометей" байланыш түйүнүнүн аскер кызматкерлерине автобус белек кылды. ЖОЖго берилген автобус ноутбуктар, окууга керектүү проектор жана дагы бир топ аппаратура менен жабдылган. Лаборатория орус тили боюнча сабактар, семинарлар, лекция, мастер-класс сыяктуу көчмө иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. 16 орундуу мектеп автобусу аскер кызматкерлеринин балдарын ташыйт. "Евразия" уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы алаканы бекемдөөгө дагы бир тепкич экенин белгиледи. "Аскер кызматкерлеринин балдары улуттук музейлерге барып, республикалык деңгээлдеги иш-чараларга катыша алат. "Евразиялык мобилдик билим берүү лабораториясы" долбоору Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мугалимдер менен окуучуларга сапаттуу кошумча билим алууга шарт түзүп берет. Бул республикада ишке ашырылып жаткан биринчи долбоор эмес, ушу тапта мугалимдерибиз орус тилинен сабак берип жатышат, окуучулар "Евразия" берген 100 автобус менен мектепке барып келүүдө. Мындан тышкары, "Евразиялык лицей" долбоорунун алкагында Кыгызстандагы бир нече мектепти капиталдык оңдоого каражат бөлдүк", — деди Аршинова.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/13/1094078757_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f815dd11d8de01749ba741484e4ab600.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио