https://sputnik.kg/20250519/1094069825.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте аутизм жана шал оорусу менен жабыркаган балдар үчүн атайын бакча ачылатОрбан Украинанын ЕБге кириши ириде Венгрия үчүн чоң кооптуулук жаратарын... 19.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-19T13:00+0600
2025-05-19T13:00+0600
2025-05-19T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/13/1094069693_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0d312f833fab8b2e15e3d6207d70d86d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте аутизм жана шал оорусу менен жабыркаган балдар үчүн атайын бакча ачылатОрбан Украинанын ЕБге кириши ириде Венгрия үчүн чоң кооптуулук жаратарын айттыЖККУ өлкөлөрүнүн парламент төрагалары Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюштуАлдыда кененирээкЖККУ өлкөлөрүнүн парламент төрагалары Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюшту.Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу РФ Мамдумасынын, Казакстан Мажилисинин, Тажикстан Мажлисинин, Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагалары Вячеслав Володин, Ерлан Кошанов, Файзали Идизода жана Игорь Сергеенко менен бирге Бишкектеги Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуштагы жоокерлердин эрдиктерин эскерүү менен курман болгондордун элесине таазим этишти.Спикерлер бүгүн Бишкекте өтчү ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин көчмө жыйынына катышат.
"Манас" аэропортунун IATA коду 9-августтан тарта FRU болбой, BSZ болуп өзгөртүлөт. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди. Учурда эл аралык өнөктөштөр менен жаңы BSZ кодун колдонууга акырындап өтүү үчүн бардык иштер жүргүзүлүп жатат. IATA коду дүйнө жүзү боюнча аэропортторду өзүнчө идентификациялоо үчүн колдонулат. Коддун алмашуусу авиация тармагында техникалык жана уюштуруучулук даярдыктарды талап кылат.
Бишкек шаарынын мэриясы аутист жана церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдар үчүн атайын бакча ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинде вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, былтыр баш калаада логопеддик багыттагы бала бакча ачылган. "№61 мектепке кошумча корпус курулгандан кийин балдар башталгыч мектептин имаратына көчүрүлгөн. Ал имарат быйыл Капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук тизмесине киргизилген. Адистер чыгып, кайсы бөлмөлөр пайдаланыларын аныкташты", — деди Мозгачева. Ал тендер жарыяланып, оңдоо иштери жүрүп жатканын, бүткөндөн кийин атайын бала бакча иштей баштаарын айтты. Депутат Балбак Түлөбаев мындай бала бакчаларды бардык ири шаарларга жана облустук борборлорго да ачуу керектигин айтты. Анын билдиришинче, аймактарда жашагандар Даун синдрому менен жабыркаган балдардын үйдө отурууга мажбур болуп жатканын айтып даттанышат.
Украинанын Евробиримдикке кошулушу менен согуш Европага жайылып, кылмыштуулук күчөйт, ириде бул Венгрия үчүн чоң кооптуулук болуп саналат. Мындай пикирин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан өзү уюштурган патриоттук форумдун жүрүшүндө айтканын РИА Новости жазды. "Бүгүнкү күндүн эң чоң коркунучу — Украинанын ЕБге кириши. Мен аларды жакшы түшүнүп турам, өлкө кыйроого учурады, Украина керек болсо согушка чейин эле банкрот мамлекет болчу, азыр да ушундай, кийин да ушул калыбында кала берет. Бутуна тура алган эмес, азыр аларга акча, башка бирөөнүн акчасы керек болуп турат. Мына ушул себептен алар Евробиримдикке кандай жол менн болсо да кирүүгө далалаттанып жатышат", — деди Орбан. Саясатчынын айтымында, согуштун Европага жайылышына, фермерлердин жабыркай турганына, мында Венгрия "украин мафиясы үчүн дарбаза" блуп каларына Киев режиминин башы оорубайт.
Бишкекте аутизм жана шал оорусу менен жабыркаган балдар үчүн атайын бакча ачылатОрбан Украинанын ЕБге кириши ириде Венгрия үчүн чоң кооптуулук жаратарын айттыЖККУ өлкөлөрүнүн парламент төрагалары Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюштуАлдыда кененирээкЖККУ өлкөлөрүнүн парламент төрагалары Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюшту.Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу РФ Мамдумасынын, Казакстан Мажилисинин, Тажикстан Мажлисинин, Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагалары Вячеслав Володин, Ерлан Кошанов, Файзали Идизода жана Игорь Сергеенко менен бирге Бишкектеги Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуштагы жоокерлердин эрдиктерин эскерүү менен курман болгондордун элесине таазим этишти.Спикерлер бүгүн Бишкекте өтчү ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин көчмө жыйынына катышат."Манас" аэропортунун IATA коду 9-августтан тарта FRU болбой, BSZ болуп өзгөртүлөт. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди. Учурда эл аралык өнөктөштөр менен жаңы BSZ кодун колдонууга акырындап өтүү үчүн бардык иштер жүргүзүлүп жатат. IATA коду дүйнө жүзү боюнча аэропортторду өзүнчө идентификациялоо үчүн колдонулат. Коддун алмашуусу авиация тармагында техникалык жана уюштуруучулук даярдыктарды талап кылат.Бишкек шаарынын мэриясы аутист жана церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдар үчүн атайын бакча ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинде вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, былтыр баш калаада логопеддик багыттагы бала бакча ачылган. "№61 мектепке кошумча корпус курулгандан кийин балдар башталгыч мектептин имаратына көчүрүлгөн. Ал имарат быйыл Капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук тизмесине киргизилген. Адистер чыгып, кайсы бөлмөлөр пайдаланыларын аныкташты", — деди Мозгачева. Ал тендер жарыяланып, оңдоо иштери жүрүп жатканын, бүткөндөн кийин атайын бала бакча иштей баштаарын айтты. Депутат Балбак Түлөбаев мындай бала бакчаларды бардык ири шаарларга жана облустук борборлорго да ачуу керектигин айтты. Анын билдиришинче, аймактарда жашагандар Даун синдрому менен жабыркаган балдардын үйдө отурууга мажбур болуп жатканын айтып даттанышат.Украинанын Евробиримдикке кошулушу менен согуш Европага жайылып, кылмыштуулук күчөйт, ириде бул Венгрия үчүн чоң кооптуулук болуп саналат. Мындай пикирин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан өзү уюштурган патриоттук форумдун жүрүшүндө айтканын РИА Новости жазды. "Бүгүнкү күндүн эң чоң коркунучу — Украинанын ЕБге кириши. Мен аларды жакшы түшүнүп турам, өлкө кыйроого учурады, Украина керек болсо согушка чейин эле банкрот мамлекет болчу, азыр да ушундай, кийин да ушул калыбында кала берет. Бутуна тура алган эмес, азыр аларга акча, башка бирөөнүн акчасы керек болуп турат. Мына ушул себептен алар Евробиримдикке кандай жол менн болсо да кирүүгө далалаттанып жатышат", — деди Орбан. Саясатчынын айтымында, согуштун Европага жайылышына, фермерлердин жабыркай турганына, мында Венгрия "украин мафиясы үчүн дарбаза" блуп каларына Киев режиминин башы оорубайт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/13/1094069693_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3adaeda70d5cef874746ab00ec41cb5f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио