00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
6 мин
Будь в курсе
В КР продолжат внедрять сельхоз страхование. Почему оно не похоже не ОСАГО и в чем трудности?
08:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Борбор Азияда суу маселеси кандай чечилиши керек — компенсация, стратегиялык программа
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан в санкционном списке ЕС: что это значит для банков, бизнеса и репутации страны
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өмүрдүн башаты. Жапаров Энелер күнүнө карата куттук айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Аны президенттик администрациянын маалымат кызматы жарыялады.
Өлкө башчы сөзүн ата-бабалар улуттун келечегин улап, ар бир инсандын калыптануусуна таасир тийгизген аялзатына аздек мамиле кылышканын эскерүү менен баштаган.
"Алар өмүрдүн башаты, үйдүн куту энелер экенин жакшы түшүнүшкөн. Кыргыз энелери улуттун учугун улоочу гана эмес, урпактарга нарк-насилди жайылтуучу, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоочу катары калың журттун уюткусу болуп келишкен. Буга мисал катары: Каныкей, Айчүрөк, Арууке, Бирмыскал, Курманжан датка энелерибизден тарта кийинки мезгилдин чыгаандары: Уркуя Салиева, Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова, Күлүйпа Кондучалова, Токтогон Алтыбасарова, Бүбүсара Бейшеналиева, Таттыбүбү Турсунбаева жана башкаларды айтып келебиз", — деген президент.
Жапаров алардын жолун жолдоп келе жаткан кыз-келиндер азыр да четтен чыгарын, Кыргызстанда энелердин эмгеги, мамлекетке кошуп жаткан салымы бааланууга тийиш экенин айткан.
Президент бүгүнкү күндө жергиликтүү кеңештердин — 42, Жогорку Кеңештин — 22, мамлекеттик кызматта иштегендердин дээрлик 44,5 пайызын аялдар түзүп, жогорку кызматтарда иштеп жатышканын белгилеген. Жапаров алар саясий, коомдук турмушка бат аралашарын айтып, лидерлик сапаттары, өнүгүүгө умтулуусу мамлекетти өнүктүрүүдө маанилүү экенин кошумчалаган.
Ошондой эле ушу тапта үй-бүлө, эне-бала институтун жана салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирген.
"Балдарды энелик мээрим, сүйүүгө, сабырга сугарып, адамгерчиликке багыттап, каада-салтты заманбап билимге айкалыштыруу менен тарбия берип, коомдун туруктуу өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жаткан аялзатын кайда болбосун бапестеп-барктап алалы", — деген Жапаров.
Сөзүнүн соңунда энелерге балдарынын урмат-сыйына бөлөнүп жашашын, бекем ден соолук, күч-кубат, бактылуу турмуш каалаган.
Кыргызстанда 2012-жылдан тартып май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленип келет.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2025
Айымдар — коомубуздун кыймылдаткыч күчү. Президенттин куттуктоосу
Жаңылыктар түрмөгү
0