00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
ЕАЭБде жумушсуздукту жоюу боюнча Кыргызстан алдыда – Элди ишти менен камсыздоо үчүн кандай долбоорлор даярдалды?
09:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ко Дню России: что даёт Кыргызстану стратегическое партнёрство с Москвой
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Республикада 391 оорукананын өрт коопсуздугу текшерилди — быйыл өртжылдагыдан көп болуп жатабы?
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как решить проблему смога: что мешает чистому воздуху в Кыргызстане?
12:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Россиянын академиясынан билим алган кыргыз аткаминерлери. Мэрлер эмнени окуп келишти?
13:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кан донорлору — баатырлар! Кан тапшыруу маданияты жандана баштадыбы?
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Сигареты убивают и экономику: как повысить налоги ради здоровья
16:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Милиция кызматкеринен атайын даярдык менен кошо адамгерчилик да талап кылынат - Жүрөк жылыткан иши менен коомго таанылган Жакшылык Нурланбеков менен маек
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Навигация, нефть, рынок: чем живет ЕАЭС спустя 10 лет — беседа с министром ЕЭК
18:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Өлкө экономикасын өстүрүүдө илимдин иши кандай жүрүүдө?
19:06
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кан донорлору — баатырлар! Кан тапшыруу маданияты жандана баштадыбы?
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Аны президенттик администрациянын маалымат кызматы жарыялады. Өлкө башчы сөзүн ата-бабалар улуттун келечегин улап, ар бир инсандын калыптануусуна таасир тийгизген аялзатына аздек мамиле кылышканын эскерүү менен баштаган. "Алар өмүрдүн башаты, үйдүн куту энелер экенин жакшы түшүнүшкөн. Кыргыз энелери улуттун учугун улоочу гана эмес, урпактарга нарк-насилди жайылтуучу, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоочу катары калың журттун уюткусу болуп келишкен. Буга мисал катары: Каныкей, Айчүрөк, Арууке, Бирмыскал, Курманжан датка энелерибизден тарта кийинки мезгилдин чыгаандары: Уркуя Салиева, Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова, Күлүйпа Кондучалова, Токтогон Алтыбасарова, Бүбүсара Бейшеналиева, Таттыбүбү Турсунбаева жана башкаларды айтып келебиз", — деген Жапаров. Президент бүгүнкү күндө жергиликтүү кеңештердин — 42, Жогорку Кеңештин — 22, мамлекеттик кызматта иштегендердин дээрлик 44,5 пайызын аялдар түзүп, жогорку кызматтарда иштеп жатышканын белгилеген. Жапаров алар саясий, коомдук турмушка бат аралашарын айтып, лидерлик сапаттары, өнүгүүгө умтулуусу мамлекетти өнүктүрүүдө маанилүү экенин кошумчалаган.
Өлкөдө 2,5 миңден ашуун эне президент Садыр Жапаровдон сыйлык алат. Бул тууралуу анын маалымат кызматынан кабарлады. Ага ылайык, мамлекет башчы жети жана андан көп бала төрөп, татыктуу тарбия берген 1413 апага Баатыр эне орденин берүү жарлыгына кол койду. Ал эми алты бала төрөп, жакшы тарбия берген 1 232 аял Эне даңкы медалын алмакчы.
Казань шаарында Кыргызстандын адал продукт өндүрүүчүлөрүнүн Соода үйү ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Соода үйү 14–17-майда өткөн "Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum 2025" эл аралык экономикалык форумунун алкагында ачылды. Форумга Экономика министрлигине караштуу "Адал индустриясын өнүктүрүү" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү, ошондой эле адал жана органикалык продукцияларды өндүрүүгө адистешкен ата мекендик компаниялар катышууда. Кыргыз Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн жаңы рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп, экспорт көлөмүнүн өсүшүнө, кирешелердин көбөйүшүнө жана ишкердик менен экономиканын мындан ары өнүгүшүнө өбөлгө болот.
АКШ президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин менен болушунча эртерээк жолугууга дилгир. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик катчысы Марко Рубио CBS телеканалына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. "Менимче, Россия да жолугушууга каршы эмес. Азыр анын кайда качан өтөрүн аныктап тактоо гана калды", — деген Рубио. Буга чейин Трамп Путин менен дүйшөмбү күнү телефон аркылуу сүйлөшөрүн, анда президенттер Москва менен Киев тирешин жөнгө салуу маселесин талкуулай турганын айткан. Андан кийин Владимир Зеленский жана НАТО мамлекеттеринин өкүлдөрү менен баарлашмакчы. Америкалык лидер бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен ок атуу токтойт деп үмүт артып жатканын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0