00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
6 мин
Будь в курсе
В КР продолжат внедрять сельхоз страхование. Почему оно не похоже не ОСАГО и в чем трудности?
08:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Борбор Азияда суу маселеси кандай чечилиши керек — компенсация, стратегиялык программа
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан в санкционном списке ЕС: что это значит для банков, бизнеса и репутации страны
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстан ЕАЭБде жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүдө олуттуу өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Соңку беш жылда Кыргызстан эмгек рыногундагы кырдаалды жакшыртуу темпи боюнча ЕАЭБде экинчи орунга чыгып, жумушсуздукту төмөндөтүүдө олуттуу прогресс жараткан. "ЕАЭБдеги жумушсуздукту төмөндөтүү боюнча Кыргызстан 2,2 пайыздык пунктуга төмөндөгөн — 2021-жылдагы 6,3 пайыздан 2023-жылы 4,1 пайызга жеткен. Бул көрсөткүч менен өлкө биримдиктегилердин ичинен Армениядан гана артта калган. 2025-жылдын январь-апрелинде өлкөдөгү жумушсуздардын саны 47,3 миңди түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга аз", — деп айтылат маалыматта. Бул мамлекеттин иш менен камсыздоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, экономикалык активдүүлүктү стимулдаштыруу боюнча программаларынын натыйжасы экени белгиленген.
Бишкек шаарын, Чүй облусун толук газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо шарты менен 3-долбоор ишке кирди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Анын алкагында 200 миллион сом каралып, 150 миң сомго чейинки насыялар күрөөсүз, үч пайыз менен берилмекчи. Мөөнөтү 12 же 24 ай болорун айтышты. Долбоордун алкагында жарандар, ишкерлер жана ишканалар насыяны "Айыл банк" менен "Элдик банктан" ала алышат. Акча газ менен жылытуучу от казандарды орнотуп же сатып алууга, ага керектеле турган материалдарды алууга, курулуш-монтаждоо жумуштарын жасоого берилерин айтышты.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы июнда эки беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Футбол союзунан кабарлашты. Беттештер 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болот. 5-июнда кыргызстандык футболчулар Түндүк Корея менен беттешет. Бул оюн нейтралдуу аймакта — Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өтөт. Ал эми 10-июнда команда Бириккен Араб Эмирликтеринин спортчуларын өз үйүндө — Бишкекте кабыл алат. Бул беттештерге даярдык көрүү үчүн курама команда 26-майда Бишкекте машыгуусун баштайт да, 30-майдан аны Сауд Арабияда улантат. Команданы башкы машыктыруучу Максим Лисицын жетектейт.
Евробиримдик Украинадагы абалды жөнгө салууда АКШнын позициясына кошулушу керек, эки башка жол менен кетүүдөн эч майнап чыкпайт. Мындай пикирин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан TV2 телеканалына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, эгер Европа Украинадагы ок атууну токтотууга умтулуп, санкцияларды "унутуп", Россия менен "кадимки экономикалык кызматташууга кайтса" "чоң утушка ээ болот". "Европалыктар эки башка жол менен кетүү эч кандай пайда алып келбей турганын түшүнүшү керек. Келгиле, америкалыктарга кошулалы. Алгач АКШ менен Россиянын сүйлөшүүсү, андан кийин же ага чейин Россия менен Европанын жолугушуусу болушу керек. Жакынкы убакта ишке ашат деп ишеним артабыз, анткен менен бул азырынча үмүт бойдон гана калууда", — деген Орбан. Венгриялык премьер Россия жана АКШ президенттери жакын арада жолугушушу керектигин, анда Украинаны эле эмес, "санкция жана экономикалык кызматташуу маселелерин" да талкууласа болорун айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0