00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Киноблог
Продюсер — второй режиссёр? Кто делает авторское кино доступным зрителю
14:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Милиция кызматкеринен атайын даярдык менен кошо адамгерчилик да талап кылынат - Жүрөк жылыткан иши менен коомго таанылган Жакшылык Нурланбеков менен маек
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
“Качан турмушка чыгасың?” тасмасы — жалган мамиледен чыныгы сүйүүгө кеткен жол
17:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:06
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда Тургунбек уулу Кыргызстанга карата чыгарылган айрым рейтингдик чечимдер жана айтылган пикирлер суроо жаратарын белгилеген. "Биз демократиялык принциптерди бекем карманып, адам укугун жана сөз эркиндигин коргоого өзгөчө көңүл буруп келебиз. Сырттан эле баа бере бербей, келип көрүп, өлкөбүздүн өзгөчөлүктөрүнө жана жүргүзүлүп жаткан соңку реформаларга да көңүл бурууга чакырар элем", — деди Тургунбек уулу. Ошондой эле тараптардын ортосундагы алаканы кеңейтүү маселелери, инвестициялык жана миграциялык көйгөйлөр талкууланды. Тактап айтканда, спикер кыргызстандыктарга виза боюнча жеңилдиктерди берүү зарылдыгын белгиледи.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы июнда эки беттеш өткөрөт. Бул тууралуу футболдук союздан кабарлашты. Маалыматка ылайык, беттештер 2026-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болот. 5-июнда кыргызстандык футболчулар Түндүк Корея менен беттешет. Бул оюн нейтралдуу аймакта — Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өтөт. Ал эми 10-июнда команда БАЭ курамасын өз үйүндө — Бишкекте кабыл алат. Бул беттештерге даярдык көрүү үчүн курама команда 26-майда Бишкекте окуу-машыгуу жыйынын баштап, 30-майдан тарта машыгууларын Сауд Арабияда улантат. Команданы башкы машыктыруучу Максим Лисицын жетектейт. Учурда биздин команда 6 упай менен тайпада бешинчи орунда турат. Эгерде 3-4-орунду камсыздай алса, октябрда боло турган төртүнчү раундга өтөт.
Кыргызстанда айыл чарба каттоосу күзүндө жүргүзүлөт. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, санак 1-20-ноябрга белгиленип, анда мал, канаттуулардын эсеби да алынат. Санакка бул чарба түрлөрү камтылат: мамлекеттик жана жамааттык айыл чарба ишканалары (окуу жайлардын, өндүрүш, транспорт, курулуш жана башка уюмдардын көмөкчү чарбалары кошо), дыйкан жана фермер чарбалары; айыл чарба менен алектенген жеке ишкерлер; жарандардын жеке көмөкчү чарбалары (жамааттык багы жана бакчалары менен кошо). Эске салсак, аталган өнөктүккө министрлер кабинети 278 миллион сом, ал эми БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму 30 миң доллар бөлөрү кабарланган.
Россия Стамбулда сүйлөшүү уюштуруу үчүн бардыгын жасады. Бул туурасында Киев бийлигинин кылмыштары боюнча Россиянын ТИМинин өзгөчө тапшырма менен иштеген өкүлү Родион Мирошник Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда билдирди. "Жасай турган нерселердин бардыгын аткардык. Сүйлөшүү болсун деп демилге көтөрдүк, ал өтчү жерди, сүйлөшүүчүлөрдүн тобун даярдадык, сунуштарыбызды документ форматында белендеп кармап турабыз. Эгер бизди уккусу келбесе, эгерде каршы тарап кызматташууга, сүйлөшүүгө даяр болбосо, биз жалгыз эмнени өзгөртөбүз", — деди Мирошник. Дипломат Киевдин согушту жөнгө салуу эмес, ок атышууну токтото турууга умтулганы түйшөлдүргөнүн айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0