00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
18:06
53 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бактияр Орозовду илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына жана Догдуркүл Кендирбаеваны агартуу министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карашты. Парламенттен билдиришкендей, президент Садыр Жапаров сунуштаган талапкерлер менен президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Бактияр Орозовду илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына, ал эми Догдуркүл Кендирбаеваны агартуу министри кызматына дайындоого макулдук берди. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрүндө илимий даражаларды өз ара таанууга даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, комиссиянын коллегиясы макулдашуунун долбоорун жактырып, союзга мүчө өлкөлөргө жөнөткөн. "Макулдашууда уюмга кирген өлкөлөрдө берилген илимий наамдар боюнча документтерди түз таануу каралган. Мындай кадам окумуштууларга ЕАЭБдин башка мамлекеттеринде илимий ишмердүүлүк менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берет. Документ илимпоздордун ишке орношуусуна кошумча түрткү болуп, илимий кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Бул курал таланттуу адистерди тартууга жана инновацияларды өнүктүрүүгө дем берет", — деди ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов. Ошондой эле 2024-жылдын май айында ЕАЭБде илимий даражаларды өз ара таануу тууралуу макулдашуу күчүнө киргени кошумчаланды.
Борбор калаада 17 жаштагы өспүрүмгө бычак уруп, андан соң айдап жүргөн машинасы менен тебелетип кетти деп шектелген 18 жаштагы улан кармалды. Бул туурасында Свердлов райондук милициясынан кабарлашты. Окуя түндө саат 3:00дөр чамасында Чекиш-Ата аймагында, тагыраагы, Курманжан датка көчөсүндө болгону айтылды."Кылмыш-жаза кодексинде каралган "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренесинин негизинде иш козголгон. Жабырланган киши ооруканада. Милицияга айтыша кетип беркиси бычак урганын, андан соң Hyundai Sonata автоунаасына отуруп тебелеткендигин айткан. 18 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди", — дешти милициядан.
Россияга каршы салына турган санкциялардын жаңы пакетинен АКШ тараптан колдоо болбосо натыйжа чыкпайт. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкканын РИА Новости кабарлады. "Европалык лидерлер убадалап жаткан масштабдуу санкциялар ири саясий тоскоолдуктарга туш болуп, АКШнын колдоосу жок Россияны зыянга учуратуу планы ишке ашпайт", — деп айтылат макалада. Мындан тышкары, Евробиримдикте барган сайын чектөөлөр боюнча ача пикир көбүрөөк болуп жатканы белгиленген.Эскерте кетсек, шейшемби күнү Европа дипломатиясынын башчысы Евробиримдик санкциялардын 17инчи пакети боюнча иштеп жатканын кабарлаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0