00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Цифровой сом — удобно или тревожно?
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:07
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Индия жана Пакистанга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Тышкы иштер министрлиги Индия жана Пакистандын чектеш аймактарында куралдуу кагылышуулар тууралуу билдирүүлөр көбөйгөнүн жана учурдагы кырдаал оордугун эске алып, абал толук турукташмайынча кыргызстандыктарга аталган өлкөлөргө баруудан баш тартуу туура болорун эскертет. Министрлик аталган мамлекеттердин аймагында жүргөн Кыргыз жарандарына этияттык жана коопсуздук чараларын жогорку деңгээлде сактоону сунуштайт. Ошондой эле авиация тармагындагы учурдагы чектөөлөргө байланыштуу, транзиттик авиация аркылуу өтүү, Индия же Пакистан аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө чыгууда олуттуу кыйынчылыктар жаралып жаткандыгын эске алууну белгилейт. Муну менен катар маалыматта аба каттамдары кырдаал турукташкандан кийин гана толук кандуу калыбына келери күтүлүп жатканы айтылат. “Кооптуулук жаралган учурларда жарандар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, Пакистандагы жана Индиядагы элчиликтерге ишеним телефондору аркылуу кайрылса болот”, - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын дагы бир ирет коргоду Канаданын Монреал шаарында өткөн UFC 315 мелдешинде жеңил салмак чениндеги UFC уюмунун учурдагы чемпиону Валентина Шевченко франциялык Манон Фиорону жеңип, чемпиондук наамын коргоду. Валентина Шевченко менен Фиоронун кармашы мелдештин башкы беттеши болуп, беш раундга созулду. Калыстар бир добуштан жеңишти Шевченкого ыйгарышты. 37 жаштагы Шевченконун карьерасында 25 жеңиш, төрт жеңилүү жана бир тең чыгуу бар. Жалпысынан бул анын титулдук күрөштөгү 10 ирет жеңиши. Ал титулду сегиз жолу коргоп, эки жолу жеңип, бир жолу утулуп калган. 35 жаштагы Фиоро 12 жеңиш жана эки жеңилүүгө туш болгон.
Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурматов үй камагына чыгарылганын жубайы маалымдады. Анын айтымында, Нурматовго Түркиянын аймагынан чыгууга тыюу салынган, ал мейманканада жашап турат. Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да маалымат берип, мугалим Газиантеп провинциясынын сотунун 9-майдагы чечиминен улам үй камагына чыгарылганын билдирди. "Министрлик Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Нурматовдун жактоочусу менен биргеликте анын мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоону улантууда. Маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат", – дешти мекемеден.
Россиянын президенти Владимир Путиндин Украина менен түз сүйлөшүү жүргүзүү сунушу Москва жана Киев үчүн улуу күн болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагына жазганын РИА Новости билдирди. "Россия жана Украина үчүн улуу күн. Бүтпөгөн кандуу согуш аягына чыкса жүз миңдеген өмүр соолубай аман каларын ойлоп көрүңүз. Бул таптакыр жаңы жана алда канча жакшы дүйнө болот. Ал үчүн эки тарап менен тең иштешүүнү улантам. Өз кезегинде АКШ кайра калыбына келтирүүгө жана соодага басым жасагысы келет. Алдыда бизди олуттуу апта күтүп жатат", — деп жазган Ак үйдүн башчысы.
Жаңылыктар түрмөгү
0