https://sputnik.kg/20250511/1093903961.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Индия жана Пакистанга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Тышкы... 11.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-11T13:00+0600
2025-05-11T13:00+0600
2025-05-11T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0b/1093903829_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ae32e5a70a00d2f2bfd6554faa5b83b5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Индия жана Пакистанга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Тышкы иштер министрлиги Индия жана Пакистандын чектеш аймактарында куралдуу кагылышуулар тууралуу билдирүүлөр көбөйгөнүн жана учурдагы кырдаал оордугун эске алып, абал толук турукташмайынча кыргызстандыктарга аталган өлкөлөргө баруудан баш тартуу туура болорун эскертет. Министрлик аталган мамлекеттердин аймагында жүргөн Кыргыз жарандарына этияттык жана коопсуздук чараларын жогорку деңгээлде сактоону сунуштайт. Ошондой эле авиация тармагындагы учурдагы чектөөлөргө байланыштуу, транзиттик авиация аркылуу өтүү, Индия же Пакистан аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө чыгууда олуттуу кыйынчылыктар жаралып жаткандыгын эске алууну белгилейт. Муну менен катар маалыматта аба каттамдары кырдаал турукташкандан кийин гана толук кандуу калыбына келери күтүлүп жатканы айтылат. “Кооптуулук жаралган учурларда жарандар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, Пакистандагы жана Индиядагы элчиликтерге ишеним телефондору аркылуу кайрылса болот”, - деп айтылат маалыматта.
Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачёва ата-энелерге өтүнүч менен кайрылды. Ал "Ала-Тоо" аянтындагы фонтанга балдар түшкөн учурлар бар экенин, бул коомдук тартипти гана бузбастан, өмүргө коркунуч жаратарын эскертти. "Фонтандын жарыктары менен насостору электр тогу менен иштейт. Андыктан сууга түшкөнгө болбойт", — деген Мозгачева. Былтыр аянтта газдын жардамы менен иштеген оттуу фонтандар ачылган.
Улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген блогер Айтилек Орозбеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан кабарлашты. Шектүү 6-майда кармалып, тергөөдө ал 50дөн ашык мекемени өзү билемдик менен текшерип, бир тараптуу жыйынтык чыгарганы аныкталганы айтылган. Бул иш боюнча Чүй ОИИБдин тергөөчүсү Орозбековду камакка алуу өтүнүчү менен кайрылган. “Тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылган жок. Шектүү үй камагына чыгарылды”, — деп жазылган соттун маалыматында.
Россия лидери Владимир Путин россиялык жана чет өлкөлүк ЖМКлардын алдында сүйлөп жатып, Киевге түз сүйлөшүүлөрдү эч кандай алдын ала шарттарсыз эле жаңылоону сунуштаганын РИА Новости жазды. "Сүйлөшүүнү келерки бейшембиде, 15-майда, мурда өткөрүлүп, бирок үзүлүп калган жерде — Стамбулда баштоону сунуштайм. Биздин сунуштар даяр турат. Чечимди азыр украин бийлиги жана алардын кураторлору кабыл алышы керек", — деген Путин. Россия лидери ким чындыгында эле тынчтыктын орношун каалап жатса муну колдобой кое албай турганын кошумчалаган. Эртең ал Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугуп, Украина менен тынчтыкка келүү жолун табуу маселесин талкуулай турганы белгиленди. Москва ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбай турганы кошумчаланды. Ал арада Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Россия Украинанын реакциясын күтүп жатканын билдирип, сүйлөшүүлөр чыныгы, дал учурдагы кырдаалды эске алуу менен улантыларын билдирген.
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Индия жана Пакистанга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Тышкы иштер министрлиги Индия жана Пакистандын чектеш аймактарында куралдуу кагылышуулар тууралуу билдирүүлөр көбөйгөнүн жана учурдагы кырдаал оордугун эске алып, абал толук турукташмайынча кыргызстандыктарга аталган өлкөлөргө баруудан баш тартуу туура болорун эскертет. Министрлик аталган мамлекеттердин аймагында жүргөн Кыргыз жарандарына этияттык жана коопсуздук чараларын жогорку деңгээлде сактоону сунуштайт. Ошондой эле авиация тармагындагы учурдагы чектөөлөргө байланыштуу, транзиттик авиация аркылуу өтүү, Индия же Пакистан аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө чыгууда олуттуу кыйынчылыктар жаралып жаткандыгын эске алууну белгилейт. Муну менен катар маалыматта аба каттамдары кырдаал турукташкандан кийин гана толук кандуу калыбына келери күтүлүп жатканы айтылат. “Кооптуулук жаралган учурларда жарандар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, Пакистандагы жана Индиядагы элчиликтерге ишеним телефондору аркылуу кайрылса болот”, - деп айтылат маалыматта. Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачёва ата-энелерге өтүнүч менен кайрылды. Ал "Ала-Тоо" аянтындагы фонтанга балдар түшкөн учурлар бар экенин, бул коомдук тартипти гана бузбастан, өмүргө коркунуч жаратарын эскертти. "Фонтандын жарыктары менен насостору электр тогу менен иштейт. Андыктан сууга түшкөнгө болбойт", — деген Мозгачева. Былтыр аянтта газдын жардамы менен иштеген оттуу фонтандар ачылган.Улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген блогер Айтилек Орозбеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан кабарлашты. Шектүү 6-майда кармалып, тергөөдө ал 50дөн ашык мекемени өзү билемдик менен текшерип, бир тараптуу жыйынтык чыгарганы аныкталганы айтылган. Бул иш боюнча Чүй ОИИБдин тергөөчүсү Орозбековду камакка алуу өтүнүчү менен кайрылган. “Тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылган жок. Шектүү үй камагына чыгарылды”, — деп жазылган соттун маалыматында.Россия лидери Владимир Путин россиялык жана чет өлкөлүк ЖМКлардын алдында сүйлөп жатып, Киевге түз сүйлөшүүлөрдү эч кандай алдын ала шарттарсыз эле жаңылоону сунуштаганын РИА Новости жазды. "Сүйлөшүүнү келерки бейшембиде, 15-майда, мурда өткөрүлүп, бирок үзүлүп калган жерде — Стамбулда баштоону сунуштайм. Биздин сунуштар даяр турат. Чечимди азыр украин бийлиги жана алардын кураторлору кабыл алышы керек", — деген Путин. Россия лидери ким чындыгында эле тынчтыктын орношун каалап жатса муну колдобой кое албай турганын кошумчалаган. Эртең ал Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугуп, Украина менен тынчтыкка келүү жолун табуу маселесин талкуулай турганы белгиленди. Москва ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбай турганы кошумчаланды. Ал арада Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Россия Украинанын реакциясын күтүп жатканын билдирип, сүйлөшүүлөр чыныгы, дал учурдагы кырдаалды эске алуу менен улантыларын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0b/1093903829_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_227cadebfe6ce4f64896a44d5f30327e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио