https://sputnik.kg/20250510/1093895504.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Казакстандын Кыргызстанга буудай экспорту эки эсеге өстүПесков, Путин Украинадагы жаңжалды токтотууга бар күчүн жумшап жатканын айттыПакистан Индияга каршы... 10.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-10T15:00+0600
2025-05-10T15:00+0600
2025-05-10T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0a/1093895372_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c962739b3139d7d881f2d0e5d685d51e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Казакстандын Кыргызстанга буудай экспорту эки эсеге өстүПесков, Путин Украинадагы жаңжалды токтотууга бар күчүн жумшап жатканын айттыПакистан Индияга каршы масштабдуу аскердик операция баштадыАлдыда кененирээкӨзбекстан Казакстан экспорттогон жаңы түшүмдүн негизги сатып алуучусу болуп калды. Бул тууралуу Forbes Kazakhstan басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын сентябрь айынан бери сегиз айдын ичинде Казакстан чет өлкөгө 7,6 миллион тонна буудай жөнөткөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 58 пайызга көп. Казакстандын эгининин басымдуу бөлүгү Өзбекстанга — 2,7 миллион тонна, бул өткөн сезонго салыштырмалуу дээрлик 30 пайызга көп. Экинчи орунда Тажикстан 1,1 миллион тонна сатып алды, бул мурунку көлөмдөн бир жарым эсеге көп. Үчүнчү орунда Иран 889 миң тонна менен турат, бул 2023-2024-жылдар мезгилине салыштырмалуу 16 эсеге көп. Экспорттун эң кескин өсүшү Азербайжан багытында катталган — дээрлик 114 эсе, 569 миң тоннага чейин. Ооганстанга жеткирүү үчтөн бир эсе көбөйүп, 270 миң тоннага жетти. Кыргызстанга экспорттун көлөмү эки эсеге өсүп, 181 миң тоннаны түздү.
Владимир Путин Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө, бирок Киев сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр эмес. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков америкалык ABC News телеканалындагы маегинде билдирди. “Путин маселени тынчтык, дипломатиялык жолдор менен жөнгө салуу үчүн бар күчүн жумшап жатат. Бирок дипломатиялык жолдордун жоктугунан аскердик операцияны улантууга аргасызбыз”, — деди Песков. Маалымат катчы төмөнкүлөрдү дагы билдирди: Атышууну токтотуу үчүн Батыш Украинага курал-жарак жеткирүүнү токтотушу керек. Болбосо, бул Киевге мобилизацияны улантууга мүмкүнчүлүк берет; Дональд Трамптын ортомчулугу Киев режимин ийкемдүүрөөк кылат деп үмүттөнөбүз; Президент Владимир Путин Жеңиштин 80 жылдыгына карата 8-майдан 11-майга чейин ок атууну токтотууну тапшырган. Бул мезгилде бардык аскердик аракеттер токтотулат. Бирок Владимир Зеленский Москванын тынчтык сунушун кабыл алган жок.
Пакистан Индияга каршы масштабдуу аскердик операция баштаганын Geo басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды. "Пакистан Индиянын чагымчылдыгына жооп иретинде масштабдуу согуштук операция баштады", — деп жазган ЖМК. Пакистандын армиясы BrahMos ишканасынын катуу үн менен иштеген ракеталары сакталган кампасын жок кылганын, авиабазаларына жана башка аскердик объектилерге сокку урганын ырастаган. Телеканалдын маалыматына караганда, Пакистан кибер чабуулу менен Индиянын электр тармагынын 70 пайызын иштен чыгарды. Ошондой эле Индия 15-майга чейин өлкөдөгү 32 аэропорттун ишин токтоткону белгилүү болду.Индиянын Коргоо министрлиги 6-майда Пахалгамдагы терактыга жооп кылып "Синдур" операциясын баштаганын жарыя кылган. Чабуул негизинен Пакистандагы "террордук түзүмдөргө" жасалганын, тогуз жай бутага алынганын, алардын арасында аскердик объектилер жоктугун айтышкан. Пакистан 7-майда 24 киши каза таап, дагы бир тобу жарадар болгонун жазса, ага удаа эле Индия тарап койгон чабуулдардан кийин 70ке чукул пакистандык көз жумганын басылмалар билдирген.
Казакстандын Кыргызстанга буудай экспорту эки эсеге өстүПесков, Путин Украинадагы жаңжалды токтотууга бар күчүн жумшап жатканын айттыПакистан Индияга каршы масштабдуу аскердик операция баштадыАлдыда кененирээкӨзбекстан Казакстан экспорттогон жаңы түшүмдүн негизги сатып алуучусу болуп калды. Бул тууралуу Forbes Kazakhstan басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын сентябрь айынан бери сегиз айдын ичинде Казакстан чет өлкөгө 7,6 миллион тонна буудай жөнөткөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 58 пайызга көп. Казакстандын эгининин басымдуу бөлүгү Өзбекстанга — 2,7 миллион тонна, бул өткөн сезонго салыштырмалуу дээрлик 30 пайызга көп. Экинчи орунда Тажикстан 1,1 миллион тонна сатып алды, бул мурунку көлөмдөн бир жарым эсеге көп. Үчүнчү орунда Иран 889 миң тонна менен турат, бул 2023-2024-жылдар мезгилине салыштырмалуу 16 эсеге көп. Экспорттун эң кескин өсүшү Азербайжан багытында катталган — дээрлик 114 эсе, 569 миң тоннага чейин. Ооганстанга жеткирүү үчтөн бир эсе көбөйүп, 270 миң тоннага жетти. Кыргызстанга экспорттун көлөмү эки эсеге өсүп, 181 миң тоннаны түздү.Владимир Путин Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө, бирок Киев сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр эмес. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков америкалык ABC News телеканалындагы маегинде билдирди. “Путин маселени тынчтык, дипломатиялык жолдор менен жөнгө салуу үчүн бар күчүн жумшап жатат. Бирок дипломатиялык жолдордун жоктугунан аскердик операцияны улантууга аргасызбыз”, — деди Песков. Маалымат катчы төмөнкүлөрдү дагы билдирди: Атышууну токтотуу үчүн Батыш Украинага курал-жарак жеткирүүнү токтотушу керек. Болбосо, бул Киевге мобилизацияны улантууга мүмкүнчүлүк берет; Дональд Трамптын ортомчулугу Киев режимин ийкемдүүрөөк кылат деп үмүттөнөбүз; Президент Владимир Путин Жеңиштин 80 жылдыгына карата 8-майдан 11-майга чейин ок атууну токтотууну тапшырган. Бул мезгилде бардык аскердик аракеттер токтотулат. Бирок Владимир Зеленский Москванын тынчтык сунушун кабыл алган жок. Пакистан Индияга каршы масштабдуу аскердик операция баштаганын Geo басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды. "Пакистан Индиянын чагымчылдыгына жооп иретинде масштабдуу согуштук операция баштады", — деп жазган ЖМК. Пакистандын армиясы BrahMos ишканасынын катуу үн менен иштеген ракеталары сакталган кампасын жок кылганын, авиабазаларына жана башка аскердик объектилерге сокку урганын ырастаган. Телеканалдын маалыматына караганда, Пакистан кибер чабуулу менен Индиянын электр тармагынын 70 пайызын иштен чыгарды. Ошондой эле Индия 15-майга чейин өлкөдөгү 32 аэропорттун ишин токтоткону белгилүү болду.Индиянын Коргоо министрлиги 6-майда Пахалгамдагы терактыга жооп кылып "Синдур" операциясын баштаганын жарыя кылган. Чабуул негизинен Пакистандагы "террордук түзүмдөргө" жасалганын, тогуз жай бутага алынганын, алардын арасында аскердик объектилер жоктугун айтышкан. Пакистан 7-майда 24 киши каза таап, дагы бир тобу жарадар болгонун жазса, ага удаа эле Индия тарап койгон чабуулдардан кийин 70ке чукул пакистандык көз жумганын басылмалар билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0a/1093895372_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6fa208c378e361e1bea65fa5b147176e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио