https://sputnik.kg/20250510/1093885924.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы цементтин баасына мониторинг жүргүздү. Ведомство... 10.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-10T08:59+0600
2025-05-10T08:59+0600
2025-05-10T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0a/1093885792_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_542e15d5a02e52d1ae179ea6723c644f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы цементтин баасына мониторинг жүргүздү. Ведомство баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында базардагы сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген. Түштүктө баа туруктуу экени, ал эми түндүктө М-400 үлгүсүндөгү цементтин баасы заводдордогу оңдоо иштерине жана сезондук суроо-талапка байланыштуу кымбаттаганы белгиленди. "Айрым заводдор бааны 10-20 сомго чейин көтөрсө, башкалары мурдагыдай эле калтырган. Цементтин басымдуу бөлүгү ири сатып алуучуларга, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компанияга багытталууда. Түшүндүрүү иштеринен кийин кээ бир жерлерде баа төмөндөдү", — деп жазылат мекеменин маалыматында. Ведомстводон билдиришкендей, Терек-Таш комбинаты 15-майдан тарта ишин улантат, ал эми Канттагы завод штаттык режимде иштеп жатат. Sputnik агенттигинин кабарчысы цемент сатуучу бир нече пунктуга телефон чалып, бир кабы (50 кг) 530дан 600 сомго чейин сатылып жатканын билди.
1-июлдан тартып аскер кызматкерлеринин маянасы 35 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктап жатканда билдиргенАнын айтымында, мамлекет күч органдарынын эң жогорку талаптарга жооп бериши үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. "Куралдуу күчтөрүбүздүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн бюджети 2020-жылдарга салыштырмалуу 400 пайыздан ашык көбөйтүлдү. Аскерлерибиз заманбап курал-жарак менен камсыз болууда, аскердик шаарчалардын жана гарнизондордун инфратүзүмү өнүгүп жатат. Материалдык-техникалык жабдуу менен татыктуу деңгээлде камсыздалууда", — деди Жапаров. Ал быйыл аскерлер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана турак жай жалдагандыгы үчүн акчалай компенсациясы көтөрүлгөнүн эске салды. "1-июлдан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35 пайызга көбөйтүлөт, ал эми келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын маянасы 1-ноябрдан баштап ушундай эле көлөмдө көбөйтүлөрү пландалууда", — деди өлкө башчы.**Министрлер кабинети Социалдык фондду Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражатынын эсебинен 1 миллиард 750 миллион сомго "Ала-Арча" соода борборун сатып алууга милдеттендирди. Минкабдын атайын буйругу менен Мамлекеттик мүлк агенттигине "Ала-Арча" акционердик коомун түзүү жана анын уставдык капиталына объект, жер тилкелерди кошуу тапшырмасы берилген:Эске салсак, апрелдин ортосунда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик соода борбордун өзүн жана биринчи айтылган жер тилкени аукционго койгон. Анда баштапкы баа 1 миллиард 244 миллион сом деп көрсөтүлгөн.
Жакында абхаз, армян номерлүү унааларга рейд жүрөт. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Жол милициясы чет өлкөлүк номерлүү унаалардын ээлерине кайрылып, көлүктөрдү кечиктирбей мыйзамдаштырууга чакырды. "ЖКККББ кызматкерлери качан текшерип айып короого токтотот деп от
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы цементтин баасына мониторинг жүргүздү. Ведомство баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында базардагы сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген. Түштүктө баа туруктуу экени, ал эми түндүктө М-400 үлгүсүндөгү цементтин баасы заводдордогу оңдоо иштерине жана сезондук суроо-талапка байланыштуу кымбаттаганы белгиленди. "Айрым заводдор бааны 10-20 сомго чейин көтөрсө, башкалары мурдагыдай эле калтырган. Цементтин басымдуу бөлүгү ири сатып алуучуларга, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компанияга багытталууда. Түшүндүрүү иштеринен кийин кээ бир жерлерде баа төмөндөдү", — деп жазылат мекеменин маалыматында. Ведомстводон билдиришкендей, Терек-Таш комбинаты 15-майдан тарта ишин улантат, ал эми Канттагы завод штаттык режимде иштеп жатат. Sputnik агенттигинин кабарчысы цемент сатуучу бир нече пунктуга телефон чалып, бир кабы (50 кг) 530дан 600 сомго чейин сатылып жатканын билди.1-июлдан тартып аскер кызматкерлеринин маянасы 35 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктап жатканда билдиргенАнын айтымында, мамлекет күч органдарынын эң жогорку талаптарга жооп бериши үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. "Куралдуу күчтөрүбүздүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн бюджети 2020-жылдарга салыштырмалуу 400 пайыздан ашык көбөйтүлдү. Аскерлерибиз заманбап курал-жарак менен камсыз болууда, аскердик шаарчалардын жана гарнизондордун инфратүзүмү өнүгүп жатат. Материалдык-техникалык жабдуу менен татыктуу деңгээлде камсыздалууда", — деди Жапаров. Ал быйыл аскерлер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана турак жай жалдагандыгы үчүн акчалай компенсациясы көтөрүлгөнүн эске салды. "1-июлдан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35 пайызга көбөйтүлөт, ал эми келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын маянасы 1-ноябрдан баштап ушундай эле көлөмдө көбөйтүлөрү пландалууда", — деди өлкө башчы.**Министрлер кабинети Социалдык фондду Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражатынын эсебинен 1 миллиард 750 миллион сомго "Ала-Арча" соода борборун сатып алууга милдеттендирди. Минкабдын атайын буйругу менен Мамлекеттик мүлк агенттигине "Ала-Арча" акционердик коомун түзүү жана анын уставдык капиталына объект, жер тилкелерди кошуу тапшырмасы берилген:Эске салсак, апрелдин ортосунда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик соода борбордун өзүн жана биринчи айтылган жер тилкени аукционго койгон. Анда баштапкы баа 1 миллиард 244 миллион сом деп көрсөтүлгөн.Жакында абхаз, армян номерлүү унааларга рейд жүрөт. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Жол милициясы чет өлкөлүк номерлүү унаалардын ээлерине кайрылып, көлүктөрдү кечиктирбей мыйзамдаштырууга чакырды. "ЖКККББ кызматкерлери качан текшерип айып короого токтотот деп от
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0a/1093885792_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6f0b8eb2fc47768e44e5fabfe9c69911.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио